жакшылык
Толковый словарь кыргызского языка (1969) зат. 1. Жакшы мамиле, жакшы иш, пайдасы тийгендик. Токтогул элди эмгекке, жакшылыкка үндөгөн (Бөкөнбаев). Жакшылыкка жакшылык — ар кишинин иши, жамандыкка жакшылык — эр кишинин иши (макал).
2. Жакшы сапат. Сылык мүнөз адептүү, жакшылыктын өрнөгү (Осмонов). Жайыл Манас көрбөсүн Жаңы келген келиндин Жакшылыгын көмбөсүн («Манас»). ЖАКШЫЛЫКТУУ сын. Ойдогудай, канагаттандыргыдай. Ойноок бала жакшылыктуу оттоткон да эмес окшойт (Бейшеналиев).