Киргизско-русский словарь Юдахина
бедняк, неимущий;
жоор жайын жакыр билет погов. что такое ссадины (на спине коня), знает бедняк (ему некем заменить такого коня);
жакыр турмуш жизнь в нужде;
жарды-жакыр см. жарды.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
зат. 1. Жеткен кедей, турмуштан, оокат-тиричиликтен кысылган жарды, түгү жок букара. «Жакшы кишиң» дечү эле, Жакырларды жарыткан (Токтогул). Жоордун жайын жакыр билет (макал).
2. өт. Эч нерсе өспөгөн кумдак, таштуу жер. Ал жылдарда Балыкчы жансыз жаткан жакыр, куураган кум, шагырап жаткан шагыл.. боло турган (Убукеев). Кайып буту баспаган, Жакыр жерге өстүрдү (Аалы).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Абдан кедей, жарды, турмушу начар, оокат-тиричиликтен кысылган букара. Күндүк ырыскысын күндө өз кесибинен издеген жакыр мергенчинин кызымын (Сыдыкбеков). Чөпкө бергис такыр бар, байга бергис жакыр бар (макал). 2. сейр. Эч нерсе өспөгөн, такыр, кумдак, таштуу жер. Кайып буту баспаган, Жакыр жерге өстүрдү (Токомбаев). Мындан бир нече жыл илгери азыркы гүлдөп турган көл бою өзүнчө жаткан абдан жакыр жер болуптур (Убукеев).

Краткий этимологический словарь кыргызского языка
Кыргыз тилинде жакыр сөзү «кедей» маанисин берет. Мындай маани берген бакыр синоними араб тилинен кабыл алынса, кедей, кембагал сөздөрү иран тилинен келип кирген. Байыркы түрк тилинде жакыр же жарды сөзү мындай мааниде айтылган эмес, ал кезде чыгай, чыган, йарлыг сөздөрү кедей маанисинде кеңири колдонулган. Ошондуктан азыркы кыргыз тилиндеги жакыр жана жарды сөздөрдү кийин пайда болгон сөздөрдүн катарына кошууга болот. Азыркы кыргыз тилинде жону жука фразеологизми да «кедей» маанисин берет (Юдахин, 260). Ал эми «жоктун жону катуу, өгүздүн мойну катуу» деген макалда да кедейлик жон менен байланыштырылат. Ушуга негиздеп, жакыр байыркы түркчө йагыр «далы» маанисиндеги сөздөн келип чыккан дешке болот. Болжолу, ал кезде кедейликтин белгиси катары жонунда кийими жоктугу же жонун аябай кызмат кылуудан башка мал-мүлкү жоктугу эсептелген окшойт.