Краткий этимологический словарь кыргызского языка
Кыргыз тилинде жакыр сөзү «кедей» маанисин берет. Мындай маани берген бакыр синоними араб тилинен кабыл алынса, кедей, кембагал сөздөрү иран тилинен келип кирген. Байыркы түрк тилинде жакыр же жарды сөзү мындай мааниде айтылган эмес, ал кезде чыгай, чыган, йарлыг сөздөрү кедей маанисинде кеңири колдонулган. Ошондуктан азыркы кыргыз тилиндеги жакыр жана жарды сөздөрдү кийин пайда болгон сөздөрдүн катарына кошууга болот. Азыркы кыргыз тилинде жону жука фразеологизми да «кедей» маанисин берет (Юдахин, 260). Ал эми «жоктун жону катуу, өгүздүн мойну катуу» деген макалда да кедейлик жон менен байланыштырылат. Ушуга негиздеп, жакыр байыркы түркчө йагыр «далы» маанисиндеги сөздөн келип чыккан дешке болот. Болжолу, ал кезде кедейликтин белгиси катары жонунда кийими жоктугу же жонун аябай кызмат кылуудан башка мал-мүлкү жоктугу эсептелген окшойт.