ЖАКЫР
Толковый словарь кыргызского языка. 20151. Абдан кедей, жарды, турмушу начар, оокат-тиричиликтен кысылган букара. Күндүк ырыскысын күндө өз кесибинен издеген жакыр мергенчинин кызымын (Сыдыкбеков). Чөпкө бергис такыр бар, байга бергис жакыр бар (макал). 2. сейр. Эч нерсе өспөгөн, такыр, кумдак, таштуу жер. Кайып буту баспаган, Жакыр жерге өстүрдү (Токомбаев). Мындан бир нече жыл илгери азыркы гүлдөп турган көл бою өзүнчө жаткан абдан жакыр жер болуптур (Убукеев).