жакшыла
Толковый словарь кыргызского языка (1969) этиш. 1. Мактоо, жактыруу, бирөөнүн же бир нерсенин жакшы атагын чыгаруу.
- 2. Бир нерсенин сапатын жакшыртуу, мурдагысынан жакшы кылуу. Жалпы журтка пайдалуу Жакшылап чексең тегирмен (Токтогул).
- 3. Түзүктөп, ойдогудай кылып иштөө, аткаруу. Акылыңды жыйнап, шашпай, жакшылап жооп бер (Жантөшев). Айтыша көр жакшылап, Жаңылышсаң куурадың! (Аалы). Тапшырайын төрт жолдош, Жакшылап баккын энемди («Кедейкан»).