Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Чукулдап келүү, жакын аралыкка келүү. Араң турган Кычан обдулуп беркилерге жакындады (Бейшеналиев). Салам берип, мен жакындай бергенде, Ызаат кылып жаштар тура калышты (Токомбаев). 2. Жакын аралыктан чыгуу, жакын арадан угулуу, туюлуу, сезилүү. Булбул үнү мурункудан алда канча жакындады (Жантөшев). Мынакей, жакындады ат дүбүртү (Бөкөнбаев). 3. Мезгили, убактысы жагынан аз калуу, белгилүү бир мезгил, убакыт, окуя ж. б. болоруна чукулдап калуу. Эл жатууга жакындап калды (Жантөшев). Жай бүтүп күз аяктап, кыш жакындап (Осмонов). Жакындаса карылык, Кетирет экен тынчыңды (Тоголок Молдо). 4 Кандайдыр бир чекке, сан өлчөмүнө жете жаздап калуу, аз калуу. Дубалдын боорундагы саатты  караса,  он экиге  жакындап  калыптыр (Байтемиров). Алтымышка жакындап, Айыл-үйдөн четтетти (Токтогул). 5. Мамилеси, өз ара катнашы, байланышы жагынан жакын болуу,  жакын  ымалада  болуу.  Жайыңды айтсаң  жакындайт  Акылы  бар  курдашка (Осмонкул).  Жаны-дили  сүйбөсө,  Жакындаба сулууга (Калык). 6. Жакындыгы, окшоштугу болуу, бири-бирине жакын келип, окшоп кетүү. Бул экөөнүн ойлору эки башка, бириники бириникине жакындабайт. Бул эки чыгарма мазмун жагынан бири-бирине абдан жакындайт.