ЖАКЫПБЕКОВ
Энциклопедия "Манас". ч.1.ЖАКЫПБЕКОВ Ашым (1935, Киров району, Шекер айылы) — жазуучу, котормочу. 1963жылдан СССР жазуучулар союзунун мүчөсү. Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин бүтүргөн (1958). «Ала-Тоо» журналында адабий кызматкер (1958—60), Шекер айылында мугалим (1961 — 64). «Мектеп» басмасында редакция башчысы (1965—69), «Кыргызфильм» киностудиясында башкы редактор (1969—83) болуп иштеген, 1987-жылдан «Кыргызстан маданияты» жумалыгынын башкы редакторуна орун басар. К. Жусупов менен бирге «Манас» эпосунун кара сөз нускасын жазган. Үзүндүлөрү бир нече жолу газета, журналдарга жарыяланды. Ж.— бир нече китептин автору.