монгольское слово, встречающееся в эпосе и употребляемое киргизами для выражения огорчения, скорби; турамын деп, туралбай, "жакы" деп, жатып калды Коңурбай фольк. Конгурбай хотел встать, но не мог, сказал "жакы" и лёг.
1. близко; близкий; жакын жерде близко; күн батууга жакын солнце близко к закату; үйгө жакын калды до дому уже близко; жакын калдык нам уже близко, мы уже приблизились (доезжаем, доходим, заканчиваем); жакын калыптыр, бүгүн-эртеңден келет уже скоро, не сегодня-завтра приедет; жакында келет он скоро (в ближайшем времени, на днях) прибудет; эң жакын милдетинин бири одна из ближайших задач; 2. свой (родной); друг, приятель; жакын талашса, жатка жем погов. когда свои ссорятся, чужому корм; жакын көр- считать кого-л. близким; питать к кому-л. симпатию; жакын или таман жакын с предшеств. дат. п. имеющий склонность, пристрастие, предрасположение к чему-л.; тамакка жакын любитель поесть; кызга жакыя девичий угодник; оорууга бир таман жакын предрасположенный к заболеваниям; жакындан бери с недавних пор.
Азыркы кыргыз тилинде жакын сөзү морфемаларга ажырабайт, анткени уңгусу же мүчөсү кайсы экени белгисиз. Байыркы түрк тилинде йак//йагу//йак//йаву варианттарында айтылган этиш болгон. Ал азыркы кыргызча «жакында, жуукта, жуу» маанисинде колдонулган (ДТС, 224, 225, 237). Мына ошол этишке -ын мүчөсү жалгануудан жакын сөзү келип чыккан.
Ал эми йагу//йаву формасынан жуу этиши жаралып, андан жуук (<йагу//йаву+к) сөзү пайда болгон.
1. Ортодогу аралыгы жагынан алыс эмес, жуук. Жолдош Жапек жакын жерде эл жайлаган жер бар экенин билесизби? (Жантөшев). Ууз кымыздын жыты жакын олтурган Элебестин мурдуна бур дей түштү (Сыдыкбеков). 2. Тууган-туушкандыгы жагынан жакындыгы бар, бөлөк-бөтөн эмес. Абаке, иниңмин деп айткан ким бар? Деги, айтор, жакыныңмын иши кылып (Осмонов). Жалгыз чалын тентиретпей көз салып, Жакындары баксын деди агасын (Токомбаев). 3. Достугу, жолдоштугу, мамилеси, ымалаштыгы ж. б. жагынан жакындыгы, байланышы бар. Жалгыз аттуу кедейдин Жакыны болгон Токтогул (Барпы). Улуу орус баатыр эл, Боордош тууган жакын эл (Үмөталиев). 4. Сүйкүмдүү, ысык, сүйгүнчүктүү. Тоодогу түн дагы жүрөккө жакшы сезилет (Байтемиров). 3. Тектештиги, окшоштугу, жалпылыгы бар, бири-бири менен байланыштуу. 5. Мезгили, убактысы жагынан алганда жакындап калган учурду, чукулдап аз калган учурду көрсөтүүдө колдонулат. Таңга жакын Курман кош атын жетелеп алдыга жөнөдү (Убукеев). Коштошуп колун кармашып, Жакын калды жөнөргө («Курманбек»). 6. Чамасында, болжол менен, ошого барабар болгон, жете бербеген (сан, ченем, өлчөмгө карата). Эки жарым миң гектарга жакын сугат жер. Жүзгө жакын окуучу. 7. Бир нерсеге шыгы бар, байланыштуу, катышы бар, талапташ. Кадыркулдун өз атасы Ногой да малга жакын адам болгон (Каимов). Уста устага жакын (Байтемиров). Мен башынан эле аңчылык ишине, мүнүшкөрлүк жагына жакын кишимин («Ала-Тоо»).
Iэтиш.Жакын келүү, жуук келүү, жакындыгы, окшоштугу болуу.Араң турган Кычан обдулуп беркилерге жакындады (Бейшеналиев). Бул экөөнүн ойлору эки башка, бириники бириникине жакындабайт. ЖАКЫНДАII такт.Аз убакытта, тез арада, жакын аранын ичинде, бир аз мурун.Жакында өткөн съездде, Эмгекчи элдер кеңешти (Осмонкул). Жакында жайлоодо эки райондун күлүктөрүнүн жарышы болот (Каимов).
1. Чукулдап келүү, жакын аралыкка келүү. Араң турган Кычан обдулуп беркилерге жакындады (Бейшеналиев). Салам берип, мен жакындай бергенде, Ызаат кылып жаштар тура калышты (Токомбаев). 2. Жакын аралыктан чыгуу, жакын арадан угулуу, туюлуу, сезилүү. Булбул үнү мурункудан алда канча жакындады (Жантөшев). Мынакей, жакындады ат дүбүртү (Бөкөнбаев). 3. Мезгили, убактысы жагынан аз калуу, белгилүү бир мезгил, убакыт, окуя ж. б. болоруна чукулдап калуу. Эл жатууга жакындап калды (Жантөшев). Жай бүтүп күз аяктап, кыш жакындап (Осмонов). Жакындаса карылык, Кетирет экен тынчыңды (Тоголок Молдо). 4 Кандайдыр бир чекке, сан өлчөмүнө жете жаздап калуу, аз калуу. Дубалдын боорундагы саатты караса, он экиге жакындап калыптыр (Байтемиров). Алтымышка жакындап, Айыл-үйдөн четтетти (Токтогул). 5. Мамилеси, өз ара катнашы, байланышы жагынан жакын болуу, жакын ымалада болуу. Жайыңды айтсаң жакындайт Акылы бар курдашка (Осмонкул). Жаны-дили сүйбөсө, Жакындаба сулууга (Калык). 6. Жакындыгы, окшоштугу болуу, бири-бирине жакын келип, окшоп кетүү. Бул экөөнүн ойлору эки башка, бириники бириникине жакындабайт. Бул эки чыгарма мазмун жагынан бири-бирине абдан жакындайт.
Recently-found songs (proper noun)
The collection title for music songs recently found on customer drives or storage, regardless of when they were first ripped or downloaded.
1. жакында I этишинин кош мамилеси. Күүлөнтүп балбан атын баатыр Тиштээк Куушуруп, Аксакалга жакындашты (Маликов). 2. Бири-бирине жакындыгы болуу, катышы болуу, байланыша баштоо, жакын мамиледе болуу. Жаштар бат эле бири-бири менен таанышып, жакдашып алышат (Баялинов). Жакындашпай алыс жүр, Жандан кечкен сүткорго (Токтогул).
proximity (noun)
A Windows feature that enables users to connect computers with a simple tap gesture or by browsing for computers within wireless range. If two computers come within 3-4 centimeters of each other, or are tapped together, the operating system of each computer becomes aware of the other computer. Also, a user can browse for computers within wireless range that are advertising for a peer connection. The user can then connect the two computers to share content such as photos or links, or create a multi-player experience. If the connection is made using a tap gesture, the user can also publish and subscribe to messages transmitted during the tap.
proximity sensor (noun)
A type of sensor that can determine without physical contact if an object/person is nearby, or can be used to measure the distance between the object/person and the sensor device.
жакындаш этишинин кыймыл атоочу. Мындай маданий жакындашуулар орус элинин алдыңкы көз караштагы окумуштуулары тарабынан башталган («Кыргызстан аялдары»).
зат.1. Арасы алыс эместик, ыраак эместик.Силерге караганда шаар бизге жакындык кылат. Мектептин жакындыгы балдарга жакшы (Сыдыкбеков).
2. Туугандык, тууган-туушкандык, достук. Пролетариаттык жакындыктан пайда болгон сезим («САЖИ»).
3. Типтештик, тектеш, окшош болгондук, айырмасы аздык.Тилдердин жакындыгы. Ой-пикирлери, санаалары бири-бирине жакындык кылбаса, экөөнүн мынчалык достошуп кетиши эч мүмкүн эмес эле («Чалкан»).
4. Бир нерсеге шыгы бардык, шыктуулук, катышы барлык. [Аманкул].. китеп, газета, журнал менен жакындыгы жок адам (Убукеев).
1. Арасы алыс эместик, чукулдук, ыраак эместик. Силерге караганда, шаар бизге жакындык кылат. 2. Туугандык, тууган-туушкандык, жакшы жолдоштук, достук. Асан Сабырга жакындык кылды («Ала-Тоо»). 3. Типтештик, тектеш, окшош болгондук, айырмасы аздык. Тилдердин жакындыгы. || Ой-пикирлери, санаалары бири-бирине жакындык кылбаса, экөөнүн мынчалык достошуп кетиши мүмкүн эмес эле («Чалкан»).4. Бир нерсеге шыгы бардык, шыктуулук, катышы бардык. Амантур китеп, газета журнал менен жакындыгы жок адам (Убукеев).
этиш. Бирөөнү жакын көрүп, боор тартуу, бирөөгө жакындоого аракет кылуу, бирөөнү жакын кишиси катарында эсептөө. Жакынсып кытмыр жабышса, Тез эле кетчү дарт эмес (Аалы).
Бирөөгө боор тартуу, туугансынуу, өзсүнүү, бирөөнү өзүнө тартып жакындоо, өзүн жакын саноо. Бала жакынсып калат. Дилварды аяп, жакынсып бышак, Айткансыйт көңүл келип үч убак (Абдыраманов). Жакынсып кытмыр жабышса, Тез эле кетчү зат эмес (Токомбаев).
ЖАКЫП — каарман, Манастын атасы. Сагымбай Орозбаковдун вариантында Ногойдун уулу. Саякбай Каралаевдин варианты нда Ж-тын атасы Каракан. Ж-тын образы эпостогу татаал, карама-каршылыктуу образдардын бири. Эпостун башында каны өлүп, душмандан кордук көргөн эл туш-тушка чилдей тараганда, Ж., Акбалта баштаган кырк үйлүү кыргыз Алтайга айдалат. Алтындын кенин казышып, эгин айдап, мал багып, эл бакыбат турмушка жетишет. Айрыкча Ж. абдан бай болот. Бирок, көпкө чейин ал балалуу болбой жүрөт.
Долоно саптуу ай балта
Муну толгонтуп ийбей ким аштайт?
Бу тозуп жүргөн көп журтту,
Томсортпой муну ким баштайт? (Саякбай Каралаев, 1. 38),
— деп кейиш кылат. Бул арманында Ж. керт башынын камын гана эмес жалпы журттун кызыкчылыгы, келечеги үчүн санаа тартат. Бирок малга кароо Ж. бай ушинтип зарлап жүрүп көргөн баласы төрөлгөндө эле «Малымды суудай чачарда» (Сагымбай Орозбаков, 1. 69) дейт. Сагымбай Орозбаковдун вариантында Манас атасы Ж-ка кыргыз элинин салтына ылайык куда түшүп, калың берип, аял алып беришин суранат, өзүнө кандай аял ылайык экендигин айтат. Ж. кыйла жерди кыдырып, бир да кыз көңүлүнө толбойт. Т. Герцен. Жакып.
Акыры Атемир кандын кызы Санирабиганы көрүп, сынына толтурат, кыздын бой турпатын, жүрүм-турумун гана электен өткөрбөстөн, келечек тагдырынан өйдө таасын көрө билет. Куда түшүп Атемир сурагандан алда канча көп калың төлөп, Санирабиганы Манаска алып берет. Ал эми Саякбай Каралаевдин варианты нда караниет Ж. калың төлөмөк түгүл, «кара тай бербеймин» деп чыкканда Бакай өзү жуучу түшүп, калыңын төлөп Манасты Каныкейге үйлөндүрөт. Манастын көзү өткөндө Ж.:
Ат өлгөндө кесек ит
Соору керек болучу,
Ага өлгөндө иниге,
Кесек ит, жеңе керек болуучу (Саякбай Каралаев, «Семетей», 1. 12),
— деп Бакдөөлөттөн төрөлгөн алты уулун тукуруп, бирин Каныкейди ал дейт. Левират салтына ылайык бул адаттагы эле көрүнүш болгон (к. Левират). «Бирок Манастын жесирине Көбөштүн көз артуусу жана мындагы Жакыптын ролу кордогондук катары кабыл алынат» (В. М. Жирмунский).
Семетей Таласка кайтып келгенде Ж. кичи аялынан төрөлгөн балдары басып калган бийликти жана байлыкты сактап калууга жан далбас кылат. Ачыктан-ачык душмандыкка өтүп, Семетейге уу берип, өлтүрмөкчү болгондо, Ж-тын эки жүздүүлүгүн башынан билген кыраакы Бакай Семетейди өлүмдөн алып калат. Саякбай Каралаевдин варианты нда Манас эр жетип, элге таанылып, Таласка келип туруп калган мезгилде эле атасынын «малымды түгөттүң» деген кебине тарынып кетип калып, эгин айдай, түшүмүнө Аккуланы айырбаштап алганы айтылат. Манастын атасына: «Малга кароо сырың бар, Мал жагына калганда, Басылбаган чырың бар» (Сагымбай Орозбаков, 2. 349),— деп баа беришинин да жөнү бар. Ж-тын ач көздүк, дүнүйөкордук, өзүмчүлдүк өңдүү терс сапаттары бара-бара киши өлтүрүүдөн, болгондо да өз небересин өлтүрүүдөн кайра тартпаган жүзү каралыкка чейин өсүп жетет. Анын образынын эволюциясы эпосто ишенимдүү көрсөтүлгөн. Бул жеке эле Ж-тын керт башына мүнөздүү терс сапаттары менен гана эмес, ошол учурдагы коомдук шартка дагы негизделет. Эпостун «Семетей» бөлүгүнүн окуялары феодалдык уруу түзүлүшүнүн учуруна туура келет. Бул мезгилде жеке кызыкчылык уруунун кызыкчылыгынан жогору коюлуп, адамдардын өз ара мамилеси (ал түгүл тууган арасында) мал-мүлккө, бийликке көз каранды болот. Ушул шартта токол аялынан көргөн балдарына тийген дүнүйөнү, мансапты Семетей менен бөлүштүрүүнү каалабаганы, аны өлтүрүүгө жасаган аракети ишенимдүү мотивдештирилген. Ж-тын Семетейди өлтүрүүгө аракеттениши эпостун дээрлик бүт варианттарында бар. ТМВ боюнча Жакып өзү даярдаткан ууну өзү ичип өлсө, Саякбай Каралаевдин варианты нда жүзү-каралыгы ашкереленген Ж-ты Чыйырды, Бакдөөлөт, Каныкей үчөөлөп өлтүрөт.
Көп элдердин, анын ичинде кыргыз элинин фольклордук чыгармаларында ата менен баланын касташуусу кенен кезиге турган салттык мотив. Мисалы, «Курманбек» эпосунда Курманбектин атасы Тейитбек менен, Алмамбеттин атасы Азизкан (Соорондук) менен касташуусу аркылуу берилет. «Эр Төштүктө» сараң бай Элеман өзү аман калыш үчүн желмогуз кемпирге Төштүктү баш кылып, тогуз уулун, балдарынын энесин кошуп туруп берип жиберүүгө да даяр. Ал эми Манас менен Ж-тын ортосундагы карама-каршылык анчалык ачык байкалбай, ата-бала өмүр бою бир пикирге келе алышпаса, Манастын баласы Семетейге Ж. тикеден-тике душмандыкка барат (к. Ата менен баланын касташуусу). «Мажму-ат-таварихте» да Ж тын (Якуб-бектин) Манастын атасы катары берилиши, бул каарманды эпостогу байыркы образдардын бири катары кароого негиз берет.
Д. Саалиева
ЖАКЫПБЕКОВ Ашым (1935, Киров району, Шекер айылы) — жазуучу, котормочу. 1963жылдан СССР жазуучулар союзунун мүчөсү. Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин бүтүргөн (1958). «Ала-Тоо» журналында адабий кызматкер (1958—60), Шекер айылында мугалим (1961 — 64). «Мектеп» басмасында редакция башчысы (1965—69), «Кыргызфильм» киностудиясында башкы редактор (1969—83) болуп иштеген, 1987-жылдан «Кыргызстан маданияты» жумалыгынын башкы редакторуна орун басар. К. Жусупов менен бирге «Манас» эпосунун кара сөз нускасын жазган. Үзүндүлөрү бир нече жолу газета, журналдарга жарыяланды. Ж.— бир нече китептин автору.
бедняк, неимущий; жоор жайын жакыр билет погов. что такое ссадины (на спине коня), знает бедняк (ему некем заменить такого коня); жакыр турмуш жизнь в нужде; жарды-жакыр см.жарды.
зат.1. Жеткен кедей, турмуштан, оокат-тиричиликтен кысылган жарды, түгү жок букара. «Жакшы кишиң» дечү эле, Жакырларды жарыткан (Токтогул). Жоордун жайын жакыр билет (макал).
2.өт. Эч нерсе өспөгөн кумдак, таштуу жер.Ал жылдарда Балыкчы жансыз жаткан жакыр, куураган кум, шагырап жаткан шагыл.. боло турган (Убукеев). Кайып буту баспаган, Жакыр жерге өстүрдү (Аалы).
1. Абдан кедей, жарды, турмушу начар, оокат-тиричиликтен кысылган букара. Күндүк ырыскысын күндө өз кесибинен издеген жакыр мергенчинин кызымын (Сыдыкбеков). Чөпкө бергис такыр бар, байга бергис жакыр бар (макал). 2. сейр. Эч нерсе өспөгөн, такыр, кумдак, таштуу жер. Кайып буту баспаган, Жакыр жерге өстүрдү (Токомбаев). Мындан бир нече жыл илгери азыркы гүлдөп турган көл бою өзүнчө жаткан абдан жакыр жер болуптур (Убукеев).
Кыргыз тилинде жакыр сөзү «кедей» маанисин берет. Мындай маани берген бакыр синоними араб тилинен кабыл алынса, кедей, кембагал сөздөрү иран тилинен келип кирген. Байыркы түрк тилинде жакыр же жарды сөзү мындай мааниде айтылган эмес, ал кезде чыгай, чыган, йарлыг сөздөрү кедей маанисинде кеңири колдонулган. Ошондуктан азыркы кыргыз тилиндеги жакыр жана жарды сөздөрдү кийин пайда болгон сөздөрдүн катарына кошууга болот.
Азыркы кыргыз тилинде жону жука фразеологизми да «кедей» маанисин берет (Юдахин, 260). Ал эми «жоктун жону катуу, өгүздүн мойну катуу» деген макалда да кедейлик жон менен байланыштырылат. Ушуга негиздеп, жакыр байыркы түркчө йагыр «далы» маанисиндеги сөздөн келип чыккан дешке болот. Болжолу, ал кезде кедейликтин белгиси катары жонунда кийими жоктугу же жонун аябай кызмат кылуудан башка мал-мүлкү жоктугу эсептелген окшойт.
Кедейлик, жакырдык, жардылык, колунда жоктук, кембагалдык. Андагы болгон мурунку Жакырчылык жоюлду (Үмөталиев). О, куураткан жакырчылык, жанымды күйгүздүң ээ! (Сыдыкбеков).