жакында
Толковый словарь кыргызского языка (1969) I этиш. Жакын келүү, жуук келүү, жакындыгы, окшоштугу болуу. Араң турган Кычан обдулуп беркилерге жакындады (Бейшеналиев). Бул экөөнүн ойлору эки башка, бириники бириникине жакындабайт.
ЖАКЫНДА II такт. Аз убакытта, тез арада, жакын аранын ичинде, бир аз мурун. Жакында өткөн съездде, Эмгекчи элдер кеңешти (Осмонкул). Жакында жайлоодо эки райондун күлүктөрүнүн жарышы болот (Каимов).