близость;
көңүл жакындыгы близкие чувства, симпатия; любовь, близкие, интимные отношения, близость.
зат. 1. Арасы алыс эместик, ыраак эместик.
Силерге караганда шаар бизге жакындык кылат. Мектептин жакындыгы балдарга жакшы (Сыдыкбеков)
.
- 2. Туугандык, тууган-туушкандык, достук. Пролетариаттык жакындыктан пайда болгон сезим («САЖИ»).
- 3. Типтештик, тектеш, окшош болгондук, айырмасы аздык. Тилдердин жакындыгы. Ой-пикирлери, санаалары бири-бирине жакындык кылбаса, экөөнүн мынчалык достошуп кетиши эч мүмкүн эмес эле («Чалкан»).
- 4. Бир нерсеге шыгы бардык, шыктуулук, катышы барлык. [Аманкул].. китеп, газета, журнал менен жакындыгы жок адам (Убукеев).
affection э’фэкшн;
affinity э’финити;
alliance э‘лайэнс;
intimacy ‘интимэси
жакындык, жакындыгы,
жакындыкка
1. Арасы алыс эместик, чукулдук, ыраак эместик. Силерге караганда, шаар бизге жакындык кылат. 2. Туугандык, тууган-туушкандык, жакшы жолдоштук, достук. Асан Сабырга жакындык кылды («Ала-Тоо»). 3. Типтештик, тектеш, окшош болгондук, айырмасы аздык. Тилдердин жакындыгы. || Ой-пикирлери, санаалары бири-бирине жакындык кылбаса, экөөнүн мынчалык достошуп кетиши мүмкүн эмес эле («Чалкан»).4. Бир нерсеге шыгы бардык, шыктуулук, катышы бардык. Амантур китеп, газета журнал менен жакындыгы жок адам (Убукеев).