Энциклопедия "Манас". ч.1.
ЖАКЫП — каарман, Манастын атасы. Сагымбай Орозбаковдун вариантында Ногойдун уулу. Саякбай Каралаевдин варианты нда Ж-тын атасы Каракан. Ж-тын образы эпостогу татаал, карама-каршылыктуу образдардын бири. Эпостун башында каны өлүп, душмандан кордук көргөн эл туш-тушка чилдей тараганда, Ж., Акбалта баштаган кырк үйлүү кыргыз Алтайга айдалат. Алтындын кенин казышып, эгин айдап, мал багып, эл бакыбат турмушка жетишет. Айрыкча Ж. абдан бай болот. Бирок, көпкө чейин ал балалуу болбой жүрөт.
Долоно саптуу ай балта
Муну толгонтуп ийбей ким аштайт?
Бу тозуп жүргөн көп журтту,
Томсортпой муну ким баштайт? (Саякбай Каралаев, 1. 38),
— деп кейиш кылат. Бул арманында Ж. керт башынын камын гана эмес жалпы журттун кызыкчылыгы, келечеги үчүн санаа тартат. Бирок малга кароо Ж. бай ушинтип зарлап жүрүп көргөн баласы төрөлгөндө эле «Малымды суудай чачарда» (Сагымбай Орозбаков, 1. 69) дейт. Сагымбай Орозбаковдун вариантында Манас атасы Ж-ка кыргыз элинин салтына ылайык куда түшүп, калың берип, аял алып беришин суранат, өзүнө кандай аял ылайык экендигин айтат. Ж. кыйла жерди кыдырып, бир да кыз көңүлүнө толбойт.
Т. Герцен</b>.  <b>Жакып.
Т. Герцен. Жакып.
Акыры Атемир кандын кызы Санирабиганы көрүп, сынына толтурат, кыздын бой турпатын, жүрүм-турумун гана электен өткөрбөстөн, келечек тагдырынан өйдө таасын көрө билет. Куда түшүп Атемир сурагандан алда канча көп калың төлөп, Санирабиганы Манаска алып берет. Ал эми Саякбай Каралаевдин варианты нда караниет Ж. калың төлөмөк түгүл, «кара тай бербеймин» деп чыкканда Бакай өзү жуучу түшүп, калыңын төлөп Манасты Каныкейге үйлөндүрөт. Манастын көзү өткөндө Ж.:
Ат өлгөндө кесек ит
Соору керек болучу,
Ага өлгөндө иниге,
Кесек ит, жеңе керек болуучу (Саякбай Каралаев, «Семетей», 1. 12),
— деп Бакдөөлөттөн төрөлгөн алты уулун тукуруп, бирин Каныкейди ал дейт. Левират салтына ылайык бул адаттагы эле көрүнүш болгон (к. Левират). «Бирок Манастын жесирине Көбөштүн көз артуусу жана мындагы Жакыптын ролу кордогондук катары кабыл алынат» (В. М. Жирмунский).
Семетей Таласка кайтып келгенде Ж. кичи аялынан төрөлгөн балдары басып калган бийликти жана байлыкты сактап калууга жан далбас кылат. Ачыктан-ачык душмандыкка өтүп, Семетейге уу берип, өлтүрмөкчү болгондо, Ж-тын эки жүздүүлүгүн башынан билген кыраакы Бакай Семетейди өлүмдөн алып калат. Саякбай Каралаевдин варианты нда Манас эр жетип, элге таанылып, Таласка келип туруп калган мезгилде эле атасынын «малымды түгөттүң» деген кебине тарынып кетип калып, эгин айдай, түшүмүнө Аккуланы айырбаштап алганы айтылат. Манастын атасына: «Малга кароо сырың бар, Мал жагына калганда, Басылбаган чырың бар» (Сагымбай Орозбаков, 2. 349),— деп баа беришинин да жөнү бар. Ж-тын ач көздүк, дүнүйөкордук, өзүмчүлдүк өңдүү терс сапаттары бара-бара киши өлтүрүүдөн, болгондо да өз небересин өлтүрүүдөн кайра тартпаган жүзү каралыкка чейин өсүп жетет. Анын образынын эволюциясы эпосто ишенимдүү көрсөтүлгөн. Бул жеке эле Ж-тын керт башына мүнөздүү терс сапаттары менен гана эмес, ошол учурдагы коомдук шартка дагы негизделет. Эпостун «Семетей» бөлүгүнүн окуялары феодалдык уруу түзүлүшүнүн учуруна туура келет. Бул мезгилде жеке кызыкчылык уруунун кызыкчылыгынан жогору коюлуп, адамдардын өз ара мамилеси (ал түгүл тууган арасында) мал-мүлккө, бийликке көз каранды болот. Ушул шартта токол аялынан көргөн балдарына тийген дүнүйөнү, мансапты Семетей менен бөлүштүрүүнү каалабаганы, аны өлтүрүүгө жасаган аракети ишенимдүү мотивдештирилген. Ж-тын Семетейди өлтүрүүгө аракеттениши эпостун дээрлик бүт варианттарында бар. ТМВ боюнча Жакып өзү даярдаткан ууну өзү ичип өлсө, Саякбай Каралаевдин варианты нда жүзү-каралыгы ашкереленген Ж-ты Чыйырды, Бакдөөлөт, Каныкей үчөөлөп өлтүрөт.
Көп элдердин, анын ичинде кыргыз элинин фольклордук чыгармаларында ата менен баланын касташуусу кенен кезиге турган салттык мотив. Мисалы, «Курманбек» эпосунда Курманбектин атасы Тейитбек менен, Алмамбеттин атасы Азизкан (Соорондук) менен касташуусу аркылуу берилет. «Эр Төштүктө» сараң бай Элеман өзү аман калыш үчүн желмогуз кемпирге Төштүктү баш кылып, тогуз уулун, балдарынын энесин кошуп туруп берип жиберүүгө да даяр. Ал эми Манас менен Ж-тын ортосундагы карама-каршылык анчалык ачык байкалбай, ата-бала өмүр бою бир пикирге келе алышпаса, Манастын баласы Семетейге Ж. тикеден-тике душмандыкка барат (к. Ата менен баланын касташуусу). «Мажму-ат-таварихте» да Ж тын (Якуб-бектин) Манастын атасы катары берилиши, бул каарманды эпостогу байыркы образдардын бири катары кароого негиз берет.
Д. Саалиева

Энциклопедия "Манас". ч.1.
ЖАКЫПБЕКОВ Ашым (1935, Киров району, Шекер айылы) — жазуучу, котормочу. 1963жылдан СССР жазуучулар союзунун мүчөсү. Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин бүтүргөн (1958). «Ала-Тоо» журналында адабий кызматкер (1958—60), Шекер айылында мугалим (1961 — 64). «Мектеп» басмасында редакция башчысы (1965—69), «Кыргызфильм» киностудиясында башкы редактор (1969—83) болуп иштеген, 1987-жылдан «Кыргызстан маданияты» жумалыгынын башкы редакторуна орун басар. К. Жусупов менен бирге «Манас» эпосунун кара сөз нускасын жазган. Үзүндүлөрү бир нече жолу газета, журналдарга жарыяланды. Ж.— бир нече китептин автору.