сын. 1. Тараптуу. тармактуу.. Окутуу процесси бир жактуу.. эмес, ал эки жактуу болот («Мугалимдерге жардам»). Ар жактуу.
2. Жактары бар, бир канча жактардан турган. Көп жактуу призма.
жактуу
жактуу сүйлөм (линг.)
1. Тараптуу, тармактуу. Бир жактуу көз караш. Көп жактуу өзгөчөлүк. 2. мат. Жактары бар, бир канча жактардан турган. Көп жактуу призма.
~: бир жактуулук односторонность.
Бир өңчөй, бир беткей болгондук, бирдей мүнөздүүлүк. Каармандын өсүү процессин көрсөтүүдө автор бир жактуулукка жол берет («Мугалимдер газетасы»). Натыйжада анын ырларында бир жактуулук, олку-солкулук көз караштар да орун алган («Ала-Тоо»). || Көп жактуулук. Ар тараптуулук, көп багыттуулук, көп маанилүүлүк.