Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
1. Бир нерсеге аябай таң калуу, айраң-таң болуу, акылы айран болуу. Эне сүтү оозунда деген береги баланын... кылган иштеринежака карманышты (Акматов). «Ой тобо», дешти аны көргөндөр жакасын карманып, «ушул кызыл кыргын, кара сүргүндөн аман калган бул кишинин колдоочусу бар экен...» («Кыргызстан аялдары»). Мунум сыртка чыкпай, ичимден айтылганын кийин билип, жакамы карманып, өзүмө бир ыраазы болдум (Казакбаев). 2. Бир нерседен кооптонуп үрөйү учуу, коркуу. Ачарчылык аз келгенсип, кызылча, келте каптады, - деп жакасын карманып, мөгдүрөп турушту (Бердикеев). Кудай өзүң колдой көр, алааматтан сактай көр, -деп кемпир калтаарып, жакасын карманды (Жантөшев).