Киргизско-русский словарь Юдахина
май I
1. жир (общее название);
жебесең да, май жакшы погов. жир хорош, (даже) если ты его не ешь;
карын май жир, которым обрастает желудок;
сары май топлёное масло;
иттин ичине сары май жакпайт погов. собачьему нутру топлёное масло не впрок; не в коня корм;
жууган май сев., пышкан май южн., каймак май чатк. сливочное масло;
ак май
1) южн. хлопковое масло;
2) сев. сливочное масло;
суу май или өсүмдүк майы растительное масло;
май түшүр-
1) (или май быш-) сбивать, пахтать масло;
2) перен. снимать сливки, снимать пенки;
орто жерден май түшүрөт он пенки снимает (пользуясь обстановкой, напр. чьей-л. ссорой);
кересин май или сев. лампа май, жер май или южн. жел май керосин;
жер май жок, лампа күйбөй калды керосина нет, лампа не горит;
кара май дёготь; колёсная мазь;
күйүүчү майлар тех. горючие масла;
ала май с примесью небольшого количества жира; не очень жирный;
ала май тууралган эт мясо, нарезанное с салом;
бээ ала май чыгып калды (зарезанная) кобылица оказалась не очень жирной;
май бол- быть в изобилии;
коон бышып, жай болду, жердин баары май болду фольк. когда настало лето и поспели дыни, когда вся земля полна изобилия;
кашыгы да, чөмүчү да май болуп калды у него дом - полная чаша (букв. у него и ложка и уполовник жиром покрылись);
май кыл-
1) намаслить, смазать жиром;
2) перен. доставить в изобилии;
бакырдын баарын май кылып, карыптын көөнүн жай кылып фольк. всем беднякам он принёс достаток, сердца всех бесприютных он успокоил;
3) перен. запачкать;
алтын тагын май кылып, атасы Азыз канды жай кылып фольк. отца своего Азизхана он успокоил (убил), обагрив (кровью) золотой трон его;
майым кетип, сөөк калып, арып кетип баратам фольк. жир мой исчезает, кости остаются, я худею и худею;
2. ист. плата за пользование чем-л.;
от май плата за пастбище;
аттын майы плата за пользование чужой лошадью;
майга батып турат или чылка майдын ичинде болуп турат или чылка майга батып турат или башынан май агып турат он как сыр в масле катается;
башыңарга май кайнатып жиберейин! я вас под орех разделаю! (букв. я на ваших головах жир вскипячу!);
таманына май төшөп сүйлөшөт он с ним разговаривает очень почтительно;
колу май или май кол (о человеке) благодетельный, источник блага для других;
оозуңа май! в рот тебе жир! (похвала; соотв. русскому выражению: в рот тебе каши с маслом);
көзүн май басты он с жиру бесится, он зазнался (букв. у него глаза жиром заплыли);
көзүмдүн майы кетти или көзумдүн майы түгөндү я очень утомился;
көз майымды түгөттүм я очень утомился, изнурился;
май чачып, мал семирди скот очень потучнел;
ал иштин майын чыгарат у него в руках дело горит; уж он сделает, так сделает;
майын чыгарып сүйлөйт он складно говорит;
сары майдай сакта бережно храни, храни как зеницу ока;
сары майдай жагат как маслом по сердцу;
жүрөккө майдай тийди или жүрөккө чийки майдай тийди надоела хуже горькой редьки;
курсагына май алды он отрастил брюхо;
май ичме дизентерия (у детей);
кызыл май
1) болезненное состояние лошади (выражающееся в том, что у неё слабеют ноги и вылезают шерсть и хвост);
2) сильная утомлённость, разбитость, переутомление;
тил албагандарга айтып, кызыл май болуп эмне кылам? зачем мне надсаживаться, втолковывая неслухам?
май болпоч (или майболпоч) полный и рыхлый (чаще о детях);
май билек или майбилек ай то же, что жетинин айы (см. ай I 2);
отко май сал- см. от I;
май көтөн см. көтөн.
май II
май (месяц);
май майрамы майский праздник.
май III
май-май южн. коли! (выкрик-вызов вступающих в единоборство на пиках).

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
I зат. 1. Жаныбарлардын этинде, сүтүндө, кээ бир өсүмдүктөрдө
жана минералдык заттарда болуучу жана алардан ажыратылып алынуучу сууда эрибей турган зат. Куйрук май. Сары май. Пахта май. Эфир майы.
2. Пайдалангандыгы үчүн төлөнүүчү акы. Аттын майын төлөө. От майын төлөө. .
Көз майы түгөнүү — көздүн күчү кетүү, көзүнүн курчу кетүү. Кошкон май — талканга май, бал аралаштырып жасалган көбүнчө жентекке берилүүчү тамак. Бал эле дейсиңби, сары майга эритип кошкон май жасайбыз (Бейшеналиев). Кызыл май болуу — 1) семиз мал, көбүнчө жылкы кыйналуудан табынан айнып дартка чалдыгуу; 2) кыйналып каруусу кетүү, алсыроо, чарчоо. Чар-жайыт чарпып күч качып, Кызыл май болдук тер басып (Элебаев). Май ичме — элдик медициналык түшүнүк боюнча суугуна айланганда, ичи өтүп алсыраганда май ичирүүнү керектөөчү оору. Жүрөккө майдай тийүү — абдан жалкуу, көргүсү келбей калуу, тажал бүтүү. Көзүн май басуу — көөп кетүү, теңсинбөөчүлүк пайда болуу.
МАЙ II зат. Календарлык жылдын бешинчи айы.

Орфографический словарь кыргызского языка (Карасаев)
май (сары май), майы
май алуу
май алмашуу (мед.)
май балыктар
май басуу
май баш
май бездери
май билек (ноябрь айы)
май белоктор
май болпоч
май жетишсиздиги
май жукпас
май ичме
май казан
май канаттар
май караган (бот.)
май кислотасы
май көл, сүт көл
май көтөн
май өсүмдүктөрү
май соору (майсоору
эмес)
май талкан
май таман (оору)
май тамызуу
май ткандары
май токоч
май трансформатору
май туяк
май чеңгел
май чукур (кулакт. түп
жагы; майчуңкур эмес)
май чуңкур (олжолуу
жер)
май шыбак (бот.)

Краткий этимологический словарь кыргызского языка
Түрк тилдеринин кыпчак тобундагылары май сөзүн, калгандары йаг сөзүн колдонушат. Тыбыштары абдан айырмалуу болгон менен, бул сөздөр алгачкы бир уңгудан келип чыгат. Ал мындайча далилденет. Байыркы түркчө йаг сөзү алгачкысы болгон. Байыркы кездеги й>б, г>й кубулушунун натыйжасында йаг сөзү алгач бай, анан май болуп өзгөргөн. Мындай болуп байыркы түркчө й тыбышы б тыбышына, анан м тыбышына өзгөрүшү йүз деген сөздө да болуп өткөн. Алгачкы йүз сөзү биз болуп, анан миз болуп өзгөргөн. Ошондуктан казакча пышактың жүзi сөзү кыргызча бычактын мизи дегенге туура келет. Ал эми сөздүн аягындагы г, к тыбыштары й тыбышына алмашуусу байыркы түркчө тег., кырг. тий; аз. көй, кырг. көк деген сөздөрдөн даана байкалат. Кыскасы, байыркы йаг сөзүнүн башкы жана аяккы үнсүз тыбыштары башка тыбыштарга алмашуусунун натыйжасында май варианты келип чыгып, ал түрү кыпчак тобундагы тилдерде жашап калган.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Эч нерсени түшүнбөгөн, байкабаган, анчалык деле кенебеген. Алдагы селдеңдей болуп ичегиң чубалып кала элегиңде бу жерден жогол! Тапкан экенсиң май башты! (Үмөталиев). Тапкан экенсиң май башты (Тойбаев).

Киргизско-русский словарь Юдахина
ир.
1. мелкий, некрупный;
майда акча мелкие деньги;
майда элдер мелкие (малочисленные) народы, мелкие племена;
абдан майда мельчайший;
майда-чүйдө или майда-чайда или майда-барат или майда-бачек всякая мелочь;
майда-барат кемчиликтер всякого рода мелкие недочёты, дефекты;
майда-чүйдө алды-бердиси мелкие взаимные расчёты;
майда-чүйдө каражаттар мелкие расходы;
майда-чүйдө тапшырмалар мелкие поручения;
2. перен. маленький человек, маленькие люди, простой народ; люд;
майда-барат киши (общественно) незначительный человек, мелкая сошка;
майда кызматчылар ист. мелкие служащие;
майда жаш детский возраст (до четырнадцати-пятнадцати лет);
майда сөз разговор о том о сём, мирная беседа;
таттуу тамак, майда сөз эминени чечишпейт! стих. чего только не разрешают сладкая пища и мирная беседа!;
майда сөздөн салып отурат он говорит о том о сём.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
сын. 1. Кичине, кичинекей, ушак, бөлчөктөнгөн, ири эмес, чоң эмес (көлөмү, көрүнүшү жагынан). Майда таш. Майда суулар. Майда тууралган эт. Майда тал.
2. Олуттуу эмес, орчундуу эмес; ири эмес. Майда жумуш. Майда сез. Майда кызматкер.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Кичине, кичинекей, бөлчөктөнгөн, ири эмес, чоң эмес (көлөмү, көрүнүшү жагынан). Майда таш. Майда суулар. Майда тууралган эт. Майда тал. 2. Олуттуу эмес, орчундуу эмес, ири эмес. Майда жумуш. Майда сөз. Майда кызматкер. Майдадан ирир курулат, учкундан жалын тутанат (макал).

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
МАЙДА ИЗДЕР – криминалистикада оптикалык жардамчы жабдыктарсыз так аныктоого мүмкүн болбогон издер. М. и-ге булалар, сырдалган нерселердин бөлүктөрү, айнектин сыныктары, жыгачтын үбөлөндүлөрү ж. б. көптөгөн нерселер кирет.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
этиш. 1. Кесек, келки нерселерди кичине бөлүктөргө бөлүү, майда түргө келтирүү, майда кылуу. Дыңды бузуп майдалап, Үрөндү тегиз сепкиле (Осмонкул).
  1. 2.           Майда себелөө. Майдалап жааган жаан.
  2. 3.           Ири, чоңураак суммадагы акчаны майда акча менен алмаштыруу.

Киргизско-русский словарь Юдахина
мельчить, размельчать; дробить;
акча майдала- разменивать деньги;
майдалап сүйлө-
1) говорить учтиво и складно;
2) говорить о мелочах;
орчун-орчун жерин айтпастан, майдалап кетти не сказав о важном, он говорил о мелочах.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Кесек, келки нерселерди кичине бөлүктөргө бөлүү, майда түргө келтирүү, майда кылуу. Дыңды бузуп майдалап, Үрөндү тегиз сепкиле (Осмонкул). 2. Майда себелөө. Майдалап жааган жаан. 3. Ири, чоңураак суммадагы акчаны майда акча менен алмаштыруу.

Киргизско-русский словарь Юдахина
ир.
1. поле битвы, фронт;
майданга чык- вступить в единоборство, выйти на поединок;
өзүңдү эр дедиңби? - майданга чык ты назвался молодцем? - выходи на поединок; назвался груздём - полезай в кузов;
майдан сал- вступать в бой, сражаться;
ачык майданда салгылаш- вступать в открытый бой;
майдан тарт- строиться в боевой порядок;
көтөрүлүп бу калмак, майдан тартып туруптур фольк. поднялись эти калмыки и построились в боевой порядок;
согуш майданы поле военных действий, поле брани, фронт;
биримдик майданы полит. единый фронт;
эмгек майданы уст. трудовой фронт;
2. возделанная площадь, обработанная земля; площадь, покрытая зеленью;
шибээ деген эл экен, жери майдан жер экен фольк. народ (тот) называется "шибээ" (сибинцы), земля его обработана;
көк ала майдан зелёная лужайка, зелёный луг;
сары майдан
1) местность, покрытая пожелтевшей растительностью;
2) осенняя пора;
3. площадь;
жолугары кең майдан, беттештери кең сайдан фольк. место их встречи (для поединка) - широкая площадь, место их схватки - в широкой ложбине;
4. южн. сад (обычно не плодовый);
такыр жерди майдан кылдың, сугардың стих. голую землю ты превратил в сад, оросил;
бетегелүү майданым или көлөкөлүү майданым фольк. (эпитеты возлюбленной) моя отрада (букв. моя ковыльная лужайка или мой тенистый сад);
таш майдан каменистая местность.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
зат. 1. Көк чыккан аянт, эмгек жумшап көгөртүп-жашартылган жер. Ачылган ар түрдүү гүл бактын ичи, Көрүнөт көз алдыңда жашыл майдан (Үмөталиев). Суусуз болгон талааны, Майдан кылып тирилткен (Бөкөнбаев).
  1. 2.           Согуш талаасы, согуш болуп жаткан жер; фронт. Кан жошулган майданда Карсылдаша салыштык (Бөкөнбаев). Эл таалайы үчүн биздин замандын ак ниет кишилери майданда (Сыдыкбеков).
  2. 3.           Күрөш участогу, белгилүү бир участок, фронт. Маданий майдан. Эмгек майданы.

Энциклопедия "Манас". ч.1.
«МАЙДАН» — жазгыч акын жана Манасчы Тоголок Молдонун варианты боюнча «Семетей» бөлүмүнөн түзүлгөн китепче (Фр., 1943). Басмага даярдаган редактору Ж. Бейшекеев. Китепте камтылган окуя «Коңурбайдын Таласка жасаган жүрүшү» деген темада баяндалат. «Манас» эпосунан «Семетей» бөлүгүнө өткөн терс каармандардын ашкан амалдуусу, каардуусу, эң коркунучтуусу Коңурбайдан оор жарадар болгон Манас баатыр Таласка келип дүйнөдөн кайтат. Кыйды Коңурбай эми кыргыз элин баш көтөргүс абалга жеткирүүнү жана Манастын уулу Семетейди жок кылууну ойлойт. Анын бул аракети менменсинүүдөн же текеберленүүдөн келип чыкпайт. Манастын өлүмүнө себепчи болгон Коңурбай жоокерчилик салт боюнча кан кууп, өч ала турган Семетейден кооптонот. Эпосту түзгөн эл да баскынчы душмандардан коргоочу башкы баатыры катары кун кууп, өч алуучу милдетти Семетейге жуктөшөрүн сезген кыйды Коңурбай Үч-Бээжинге кабарлап эл башчы кандарын жыйып кеңешет:
Кечээ кайратымдын барында,
Айбатым толук чагында,
Ушул канкор кулдун атасы
Кан Манасты жайладым.
Алтайга бурут келтирбей
Түркстанга айдадым...
Түркстанда кыргыздан
Манастын уулу Семетей,
Кездеше турган чоң душман
Атадан артык тууптур.
Бул керишип турган жоо койбойт,
Кезенген душман соо койбойт.
Таласын барып чаппасак,
Талап малын албасак,
Семетейди өлтүрүп
Минтип кумар канбасак (7—8-б.)
деген Коңурбайдын талабына баары макул болушат. Алты ай камданган Коңурбай 60 миң кол менен Таласка аттанып бейкут жаткан кыргыздарды камайт. Таластын суусун башка жакка бурдуруп, элди суусуз калтырат. Баскынчы душмандар Семетейдин айлын аткылай баштаганда Айчүрөк токуп, даярдап койгон Тайбуурул байлоосун үзүп качканда Коңурбай кармап алып, терең ор каздырып салдырып коёт. Аны айлалуу баатыр Күлчоро зындандан алып чыгат. Кыргыз эли бул кордукка чыдабастан Семетейдин жетеги боюнча басып алуучулукка каршы бүт көтөрүлүштү. Кандуу майдан бир нече күнгө созулуп, зордукчул Коңурбайдын аскери жеңилүүсу менен окуя аяктайт.
С. Бакенов

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Көк чыккан аянт, эмгек жумшап көгөртүп-жашартылган жер. Ачылган ар түрдүү гүл бактын ичи, Көрүнөт көз алдыңда жашыл майдан (Үмөталиев). Суусуз болгон талааны Майдан кылып тирилткен (Бөкөнбаев). 2. Согуш талаасы, согуш болуп жаткан жер, фронт. Кан жошулган майданда Карсылдаша салыштык (Бөкөнбаев). Эл таалайы үчүн биздин замандын ак ниет кишилери майданда (Сыдыкбеков). 3. Маданий майдан. Эмгек майданы.

Киргизско-русский словарь Юдахина
1. совместно выступать в бою, в схватке; выступать единым фронтом;
2. сражаться друг с другом;
атышты, көпкө майдандашып жеңише алышпады они перестреливались, долго сражались, но не могли одолеть друг друга;
3. выходить на поединок, сражаться на поединке;
майдандашар жериң тар фольк. твоё место, где (мы) должны сражаться, тесно.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
МАЙДА ТАРТИП БУЗУУЧУЛУК – коомдук жайларда сөгүнүп-сагынуу, жарандарга мазактоо менен тийиштик кылуу жана башка (ошондой) коомдук тартипти бузуучу жана жарандардын тынчын алуучу аракеттер.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
МАЙДА УУРУЛУК – өзүмдүк кылып алуу, уурдоо, жок кылып коюу, кызмат абалынан кыянат пайдалануу же алдоо жолу менен жасалган укукка каршы аракеттер. Уурулук укук бузуу болгон учурда уурдалган мүлктүн наркы мыйзамда белгиленген бир айлык эмгек акынын көлөмүнөн ашпаса майда өлчөмдүү катары таанылат.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Жан-жаныбарлардын денесине жыйналган, сууда эрибөөчү табигый органикалык зат. Койдун эти менен майы – күчтүү тамак. 2. Малдын сүтүнөн алынуучу жогору сапаттуу азык. Сары майын сактаган, Курутун күнгө кактаган («Калмырза»). Асыл байбиче жентекке деп куйган чоң карын сары майын алып, шаарды көздөй шашылыш жөнөдү (Жейренбаева). 3. Өсүмдүктөн алынуучу азыктык май. Күн карама майы, чигит май, зыгыр майы. Чырак кандай майы бүтөр кезинде, Дал ошентип күн эңкейди бешимге (Султанов). 4. этн. Пайдалангандыгы үчүн төлөнүүчү акы. Аттын майын төлөө. От майын төлөө.

Киргизско-русский словарь Юдахина
ир.
1. не вполне вымолоченное и подлежащее перемолачиванию зерно;
майкан үстүндө машак бар фольк. поверх недомолоченного зерна есть колосья;
майкан кылып жанч-
1) перемолачивать;
2) перен. истязать;
жоого майкан сал- громить врага;
2. вода, прорвавшаяся из канала.

Энциклопедия "Манас". ч.1.
МАЙКАНА — кагылган добуш аркылуу кабар берүүчү чоң коңгуроонун асылып турган жайы. Эпосто да ушул мааниде айтылат:
Ордокана коңгуроо —
Баңдуулуга жеткени,
Майканага туруптур,
Баңдуулусун уруптур,
Каңгыраган добушун
Бир күндүк жер угуптур (Сагымбай Орозбаков, 2. 126).

Киргизско-русский словарь Юдахина
взаимн. от майканда-
схватиться, помериться силами;
аны менен ошондо майкандашабыз с ним мы вот тогда померимся силами;
так ошол жол үстүндө майкандашам;
ким союлдан жеңсе, жер ошонуку я с ним схвачусь как раз на той дороге; кто (в схватке) на дубинках победит, земля - его.

Русско-кыргызский словарь названий животных Алдашева (1998)
(Meloidae) кычы коңуз сымалдуулар; уулуу коңуздардын бир тукуму, буларга төмөнкү уруу жана түрлөр кирет: майка фиолетовая (Meloe violaceus) — сыя кычы коңуз, м. обыкновенная (М. proscoralaeus) — кадимки кычы коңуз, майки (Meloe) — кычы коңуздар (уруу).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Бардыгын кең-кесири, мол кылып жыргатуу, ойдогудай шарт түзүү. Татыбек раис болсо жыргатат, бир жагыңа май көл, бир жагыңа сүт көл орнотуп коёт (Байтемиров). Май көл менен сүт көлдү, Үйгө орнотуп койсоңуз (Жантөшев).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Ак жолтой, жолу жакшы деген мааниде (көбүнчө балдарга карата: өзүнөн кийин эркек бала төрөлгөн же ал туулгандан кийин ар кандай жакшылык иштер, кубанычтар болгон учурда) колдонулат. Ак жолтой, май көтөн бол (Сыдыкбеков).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Ак жолтой, жолу жакшы деген мааниде (көбүнчө балдарга карата: өзүнөн кийин эркек бала төрөлгөн же ал туулгандан кийин ар кандай жакшылык иштер, кубанычтар болгон учурда) колдонулат. Ак жолтой, май көтөн бол (Сыдыкбеков).

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
этиш. 1. Май сүртүү, май сүйкөө. Чачын майлап өрөт дейт, Тогуз уулдан ал кызын, Абдан өөдө көрөт дейт («Эр Төштүк»).
2. Актоо; сүртүп жугузуу. Маляр келди, бир чоң үйдү майлады, Кабак түйгөн капалыкты айдады (Осмонов).
Оозун майлоо — белгилүү бир максат менен сыйлап көңүлүн алып коюу, пара берүү. Бай старчындын оозун майлап койгондуктан аны колдойт (Абдукаримов). Стол майлоо же орун майлоосүйл. жаңы кызматка, орунга турганда ошол кызматын белгилеп тамак-аш берүү.

Киргизско-русский словарь Юдахина
1. мазать жиром, смазывать (напр. машину, телегу);
мал жетимин асырасаң, ооз майлар погов. если воспитаешь сирое животное, то оно смажет рот (твой) жиром (т.е. сытно поешь);
2. нанимать (гл. обр. верховое животное);
майлап ат миндим я ездил на наёмной лошади;
3. перен. обмануть;
бизди майлап салбасын как бы он нас не обманул;
4. шутл. обмыть, вспрыснуть (выпить по какому-л. радостному случаю, событию);
майласаң да ни за какие коврижки;
майласаң да, келбейт его калачом не заманишь;
майлап-сүттөп, жолго салдык мы хорошо проводили (хорошо угостили, одарили и т.п.);
тамак майла- "подмазать" (угостить, дать взятку и т.п.);
тамагын майлап турган киши гана кыяматтык досу преданный друг ему только тот, кто его "подмазывает";
майлагандай как по маслу;
майлаган буудай жареная пшеница с маслом;
майлаган буудай өңдөнгөн (о человеке) румяный и с лоснящимся лицом;
майлаган кара арпадай (о человеке) чёрный-пречёрный;
жер майла- убить;
найза майла- вонзить копьё, убить копьём.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Май сүртүү, май сүйкөө. Чачын майлап өрөт дейт, Тогуз уулдан ал кызын Абдан өөдө көрөт дейт («Эр Төштүк»). 2. Актоо; сүртүп жугузуу. Маляр келди, бир чоң үйдү майлады, Кабак түйгөн капалыкты айдады (Осмонов). В.: Оозун майлоо. Белгилүү бир максат менен сыйлап көңүлүн алып коюу, пара берүү. Бай старчындын оозун майлап койгондуктан аны колдойт (Абдукаримов). Стол майлоо же орун майлоо сүйл. Жаңы кызматка, орунга турганда ошол кызматын белгилеп тамак-аш берүү.

Киргизско-русский словарь Юдахина
и. д. от майла-;
ооз майлоо или тамак майлоо "подмазывание" (угощение, дача взятки и т.п.), майлуу (ср. семиз) с жиром; приготовленный на жире;
майлуу тамак жирная пища;
көйнөгү көөлүүнүн тамагы майлуу погов. у кого платье в саже, у того пища жирная;
майлуу-коюу кылып сделав (пищу) пожирнее да повкуснее;
майлуу сорпо жирный бульон;
майлуу эт жирное мясо;
мал майлуу калды, баарысы жайлуу калды фольк. скот с жиром остался, всё в порядке осталось (из песни на проводы зимы);
майлуу журт благодатная страна;
бул Манас конгон майлуу журт, Манаска жаккан жайлуу журт фольк. страна, где расположился Манас, благодатна, понравившееся Манасу удобное место;
жилиги майлуу жирный (тучный);
майлуу жер лакомый кусок;
майлуу жүрөк или жүрөгү майлуу богатырь;
майлуу тердеп обливаясь потом;
кабыргасы майлуу см. кабырга.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Майы көп, курамында майы арбын болгондук. Топоздун сүтү башка малдын сүтүнө караганда өзүнүн майлуулугу менен айырмалуу (Абдукаримов). Академик Лысенко саан уйлардын сүтүнүн майлуулугун жогорулатуу маселелерине токтолду («Советтик Кыргызстан»).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Тамактангандан кийин кол аарчый турган кол аарчы. 2. Тамактанган столдун үстүн, дасторконду тазалоо үчүн колдонулуучу чакан кездеме. Майлыктары кир экен, Сиз байкабай калдыңыз (Осмонов).

Киргизско-русский словарь Юдахина
1. косолапый, криворукий; неуклюжий;
маймак аюу косолапый медведь;
2. способ привязывания лошади к приколу за одну переднюю ногу;
3. перен. крепкая связь взаимными обязательствами, взаимной помощью;
достун түбү - маймак, уурунун түбү - айгак погов. основа дружбы - взаимная связь, конец вора - доносчик.

Энциклопедия "Манас". ч.1.
МАЙМУН — топоним, негизги варианттарда кыргыздарга чектеш жер жана андагы жашаган элдин аты. Мисалы, Сагымбай Орозбаковдун вариантында Шоорук кан М-дуктардан деп берилет:
Дөбөт чөлү атанып,
Жакасы кум, тоосу таш,
Алайдын түштүк жагында,
Башы Даң-Дуң тоосунда,
Маймундуктун Шоорук кан
Жаткан экен ушунда (Сагымбай Орозбаков, 2. 200).

Географиялык реалияда Оогандын түндүк-батышындагы шаар. Жергиликтүү тилде аталышы Маймене. Ооганстандагы башка жерлер менен бирге 15-кылымдын 20-жылдарында Аксак Темирдин уулу Шахрух («Манас» эпосунда Шоорук) башкарып турган.

Киргизско-русский словарь Юдахина
ир. сев.
1. вода, прорвавшаяся с орошаемого поля;
майнабы менен ылдыйыштагы аштык сугарылып калыптыр нижний посев оказался политым прорвавшейся (с верхнего поля) водой;
2. перен. смысл, содержание;
майнап чыкпай турган сөздү айтпасаңчы не говори ты пустых слов, не говори зря;
сөздүн майнабын теги таба албадым никак в толк не возьму, что он говорит; никак не могу разобраться в его словах.

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Убадага бек туруп, айтканымды аткарып, орундатам деген сыяктуу ишендирүү, каргануу маанисинде айтылат. - Деги бир деме билген болсом, майнеке болоюн («Ала-Тоо»). Тоскоол болсом майнеке болоюн (Кушубеков). Булар менен сүйлөшсөк эле майнеке болоюн! (Тойбаев).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Убадага бек туруп, айтканымды аткарып, орундатам деген сыяктуу ишендирүү, каргануу маанисинде айтылат. – Деги бирдеме билген болсом, майнеке болоюн (Ала-Тоо»). Тоскоол болсом майнеке болоюн (Кушубеков). Булар менен сүйлөшсөк эле майнеке болоюн! (Тойбаев). В.: Майнекенин таз катыны болоюн! Экинчи кайталасам, майнекенин таз катыны болоюн!

Русско-кыргызский словарь Юдахина
м. юр.
майорат (1. капиталисттик өлкөлөрдө - феодалдык доордон бери сакталып келаткан мурас калтыруу тартиби, бул тартип боюнча жерди ээлөө укугу улуу уулга же тукум ак сакалына өтөт; 2. ушул тартипте мураска өткөн жер ээлөө).

Киргизско-русский словарь Юдахина
то же, что байпаңда-
ходить вперевалку, лениво переступать (как утка, гусь);
майпаңдаган каздар жаңы чыккан назик чөптөрдү терип гуси ходили вперевалку и щипали только что появившуюся нежную траву;
төөдөй майпаңдап басып калыпсың (об уставшем человеке) ты лениво ступаешь, как верблюд;
майпаңдап тамакты жеп олтурат он сидит и спокойно ест.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Теңселиңки, чайпалыңкы кыймыл-аракетте, көрүнүштө болуу, майпаң-майпаң этүү. Өрдөктөр майпаңдап ээрчише басты (Каимов). 2. Көбүнчө тиши жок жакшы чайнай албаган кишилердин майпаң-майпаң эте чайноосу.

Киргизско-русский словарь Юдахина
(о лошади) с больными ногами, спотыкающаяся (при ходьбе по горам);
тоонун бетиндеги кыя менен баратканда майпар аттар учуп кетет когда едут по косогору горного склона, то лошади майпар сваливаются.

Киргизско-русский словарь Юдахина
праздник (гражданский; ср. айт II);
кыргызда айран көп, оруста майрам көп погов. у киргизов айрана много, у русских праздников много (шутка, вызванная обилием религиозных праздников у русских до революции);
майрамыңыз менен! (поздравляю) с праздником!;
майрам эмес күн будний день;
маз-майрам весёлый, радостный.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
зат. 1. Белгилүү бир көрүнүктүү окуяны белгилөөгө арналган салтанаттуу күн. Май майрамы. Улуу Октябрь майрамы. Жеңиш майрамы.
2. Кандайдыр бир кубанычтуу окуяга байланыштуу көңүл ачуу салтанаты, оюн-күлкү, кубаныч, шаттык. Үй-бүлөнүн майрамы. Ыр майрамы. Спорттук майрам.

Краткий этимологический словарь кыргызского языка
Азыркы кыргызча майрам сөзү Махмуд Кашгаринин «Диванында» байрам түрүндө айтылган. Ушундай түрү көпчүлүк түрк тилдеринде азыр да колдонулат. Бул сөз моңголчо баярын (<баяр+ын) «1) салтанаттуу, шаңдуу; 2) кубанычтуу, шайыр» маанидеги сөзүнүн аяккы н тыбышын м тыбышына алмаштырып кабыл алынганы болуп эсептелет. Анткени моңгол тилинде баяр сөзү өзүнчө туруп «1) сүйүнүч; 2) учурашуу; 3) майрам, салтанат» маанисин берет. Ага илик жөндөмөсүнүн -н мүчөсү кошулушунан жогоркудай мааниси келип чыгат (МРС, 67–68). Түрк тилдеринде баяр же байыр деген моңгол тилиндеги -дей маанидеги сөз болгон эмес. Ошондуктан бул сөз моңгол тилинен кабыл алынган дешке болот.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Белгилүү бир көрүнүктүү окуяны белгилөөгө арналган салтанаттуу күн. Май майрамы. Улуу Октябрь майрамы. Жеңиш майрамы. 2. Кандайдыр бир кубанычтуу окуяга байланыштуу көңүл ачуу салтанаты, оюн-күлкү, кубаныч, шаттык. Үй-бүлөнүн майрамы. Ыр майрамы. Спорт майрамы.

Киргизско-русский словарь Юдахина
1. (об обуви) кособокий, стоптавшийся;
кепичи майрык у него галоши (см. кепич) стоптаны;
майрык бас- ходить так, как ходят в стоптанной обуви;
өтүгүң майрык болсо, жериң түз болбой койсун погов. где уж земле быть ровной, если у тебя сапоги кособоки; нечего на зеркало пенять, коли рожа крива;
2. косолапый;
бака майрыгын билбейт, жыланды "ийри-ийри" дейт лягушка своей косолапости не замечает, а змею кривулей называет; слеп слепу глаз колет.

Русско-кыргызский словарь Юдахина
~, ­ая, -ое
май-га т.;
майская демонстрация трудящихся эмгекчилердин май демонстрациясы (май майрамындагы демонстрация);
майский воздух май абасы, жазгы аба;
майский жук зоол. саратан коңуз.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Жанга тынч, олжосу, пайдасы көп кызмат, абдан пайдалуу жер же ошондой абалдагы шарт. Кетер эле, бирок, мындай май талканга жетпейт (Шүкүрбеков). Жумшактык кылсаң кээ бирөө Май талкан кылат аябай (Сарногоев).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Жөө басууга көнүкпөгөн, жөө жүрүүнү, жан кейитип кыйналууну көп каалабаган, манап сымал. Май таман киши мергенчиликке жарабайт. Байлардын май таман балдары нечен курдай ызырынганда Кристинанын жүрөгү сыздаган (Ашымбаев).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Жөө басууга көнүкпөгөн, жөө жүрүүнү, жан кейитип кыйналууну көп каалабаган, манап сымал. Май таман киши мергенчиликке жарабайт. Байлардын май таман балдары нечен курдай ызырынганда Кристинанын жүрөгү сыздайт (Ашымбаев).

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
этиш. 1. Көбүнчө миздүү, кырдуу, учтуу нерселердин мизин, кырын, учун ийип кайруу, уруп, чаап майыштыруу.
2. өт. Күчүн, кайратын кайтаруу, сокку берүү. Кызыл аскер күч менен, Душмандын мизин кыйратты (Барпы). Эрдин эри майтарат, Эриш бузган жоо мизин (Токтогул).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Көбүнчө миздүү, кырдуу, учтуу нерселердин мизин, кырын, учун ийип кайруу, уруп, чаап майыштыруу. 2. өт. Күчүн, кайратын кайтаруу, сокку берүү. Кызыл аскер күч менен, Душмандын мизин майтарды (Барпы). Эрдин эри майтарат, Эриш бузган жоо мизин (Токтогул).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Жан кейитпей, эч кыйналбай жыргап-куунап жата берүүчү жай, бекер оокат. Мына бул жакта да май чүңкур бар! Бар болгондо да кандай? (Жантөшев). Куусуң да куу кишилердин баары ушундай болот, май чуңкур тапса да бирөө аркылуу таап, анан өзү култ кирип кетет (Абдукаимов).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Жан кейитпей, эч кыйналбай жыргап-куунап жата берүүчү жай, бекер оокат. Мына бул жакта да май чуңкур бар! Бар болгондо да кандай? (Жантөшев). Куусуң да куу кишилердин баары ушундай болот, май чуңкур тапса да бирөө аркылуу таап, анан өзү култ кирип кетет (Абдукаимов).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Колуна алган ишин абдан мыктап, сапаттуу кылып аткаруу, жерине жеткире иштөө, мыкты иштей билүү. Езефтин аялы көп сүйлөбөгөн, жай кыймылдап, бирок иштин майын чыгарган неме (Ашымбаев). Өзүнө тагылган тапшырманын майын чыгарып, майнаптуу иштеген адамды кадырлап, жогору баалаган («Советтик Кыргызстан»). Эмгектен качпайт ырыс, өз ишинин майын чыгара кылыш (Шүкүрбеков).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Колуна алган ишин абдан мыктап, сапаттуу кылып аткаруу, жерине жеткире иштөө, мыкты иштей билүү. Езефтин аялы көп сүйлөбөгөн, жай кыймылдап, бирок иштин майын чыгарган неме (Ашымбаев). Өзүнө тагылган тапшырманын майын чыгарып, майнаптуу иштеген адамды кадырлап, жогору баалаган («Советтик Кыргызстан»). Эмгектен качпайт ырыс, өз ишинин майын чыгара кылыш (Шүкүрбеков).

Киргизско-русский словарь Юдахина
ар.
1. дефект;
бутунда майыбы бар ат конь с дефектом задней ноги;
майып иш предосудительное, нехорошее дело;
катын менен урушсаң, эрлик эмес, майып иш фольк. если подерёшься с женой, (это) не молодечество, (а) неладное дело;
2. повреждённый, искалеченный;
майып бол- оказаться искалеченным;
майып кыл- повредить, искалечить.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
сын. Кандайдыр бир мүчөсү кем, мүчүлүш; кадимкидей эмес, кемчил, жарамсыз. Канча болсо да майыптын иши майып да (Байтемиров). ..Мекен коргоодо бир бутуңуз майып болгон экен (Убукеев).
Майып болуу — курман болуу, өлүү. Теңдиксиз жоонун колунан, Майып болду Курманбек («Курманбек»).

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
МАЙЫП – дене саламаттыгынын же акыл-эсинин артта калуусунун кесепетинен жашоо ишмердигинин чектелүүсүнө байланыштуу социалдык жардамга жана коргоого муктаж болгон адам. Адамдын жашоо ишмердигинин чектелүүсү анын толук же жарым-жартылай өзүн өзү тейлөө, басып жүрүү, багыт алуу, баарлашуу өзүнүн жүрүм-турумун көзөмөлдөө, ошондой эле эмгекке жарамдуулугун же мүмкүнчүлүгүн толук же жарым-жартылай жоготуусунан көрүнөт.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Кандайдыр бир мүчөсү кем, мүчүлүш; кадимкидей эмес, кемчил, жарамсыз. Канча болсо да майыптын иши майып да (Байтемиров). Мекен коргоодо бир бутуңуз майып болгон экен (Убукеев). Майып кылган баатырды, Билинбей келип калкына («Калмырза»).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
1. Өлүү, курман болуу, жарык дүйнө менен коштошуу. Теңдиксиз жоонун колунан, Майып болду Курманбек («Курманбек»). Жоокерчилик, жылкы тийип келүү эрдик деп жүрүп, агалары майып болушту (Абакиров). 2. Жарадар болуу, жарат алуу, колу-буту же башка мүчөсү зыянга учуроо, кырсыкка кабылуу. Эки уруунун чабышында ал бир көзүнөн ажырап майып болот (Медетов).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Өлүү, курман болуу, жарык дүйнө менен коштошуу. Теңдиксиз жоонун колунан, Майып болду Курманбек («Курманбек»). Жоокерчилик, жылкы тийип келүү эрдик деп жүрүп, агалары майып болушту (Абакиров). 2. Жарадар болуу, жарат алуу, колу-буту же башка мүчөсү зыянга учуроо, кырсыкка кабылуу. Эки уруунун чабышында ал бир көзүнөн ажырап майып болот (Медетов).

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
МАЙЫПТЫГЫ БОЮНЧА БААРАКЫ – майып болуу себептерине карабастан, ырааттуу эмгекке жарамдуулугун жоготуп, аны майып катары тааныгандан тартып дайындалат жана ал эмгекке жарамдуулугу калыбына келгенге чейин же өмүрбою төлөнөт.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
МАЙЫПТЫК – организмдин милдеттеринин биротоло туруктуу жакырлануусунан улам денсоолуктун бузулуусунун натыйжасында жашоо ишмердигинин чектелүүсүнө алып келген жана социалдык коргоонун зарылдыгын шарттаган социалдык кемчилдик. Организмдин милдеттеринин бузулуу, жашоо ишмердигинин (бузулуу) чектелүү деңгээлине жараша жана М-тын себептерине байланыштуу М-тын топтору (I, II, III) белгиленет.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
этиш. 1. Ийилүү, ийиле түшүү, бир жакты көздөй майтарылган абалда боло түшүү. Баатырлар чыгып сайышса, Бакандары майышат («Манас»). Бутагы бүрдөп майышкан, Булбулдар конор тал бекен (Калык).
2. өт. Кыйналган абалда болуу, кыйынчылыкты көтөрө албаган баш ие баштаган абалда болуу, чабалдык кылуу. Ансыз да күйүп жүргөн шордуу балаң ызаланар, майышар (Сыдыкбеков). Жаш келин мында да майышпады (Сыдыкбеков).
Жер майышкан — аябаган көп, сансыз көп. Баштагыдан беш бетер, Жер майышкан кол келет («Манас»).

Киргизско-русский словарь Юдахина
1. гнуться, вдавливаться;
майышып-чоюшуп калган эки дагыра два изогнутых, исковерканных таза;
жер майышып, кол келет фольк. идёт несметное войско (букв. идёт войско, под которым земля вдавливается, гнётся);
2. перен. горевать;
майышып чыда- вытерпеть, напрягши все силы.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Ийилүү, ийиле түшүү, бир жакты көздөй майтарылган абалда боло түшүү. Баатырлар чыгып сайышса, Бакандары майышат («Манас»). Бутагы бүрдөп майышкан, Булбулдар конор тал бекен (Калык). Толкундун күчү бар болсо, Тоо дагы болсо майышар («Казыбек»). 2. өт. Кыйналган абалда болуу, кыйынчылыкты көтөрө албаган баш ие баштаган абалда болуу, чабалдык кылуу. Ансыз да күйүп өкүргөн шордуу балаң ызаланар, майышар (Сыдыкбеков). Жаш келин мында да майышпады (Сыдыкбеков).