Киргизско-русский словарь Юдахина
праздник (гражданский; ср. айт II);
кыргызда айран көп, оруста майрам көп погов. у киргизов айрана много, у русских праздников много (шутка, вызванная обилием религиозных праздников у русских до революции);
майрамыңыз менен! (поздравляю) с праздником!;
майрам эмес күн будний день;
маз-майрам весёлый, радостный.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
зат. 1. Белгилүү бир көрүнүктүү окуяны белгилөөгө арналган салтанаттуу күн. Май майрамы. Улуу Октябрь майрамы. Жеңиш майрамы.
2. Кандайдыр бир кубанычтуу окуяга байланыштуу көңүл ачуу салтанаты, оюн-күлкү, кубаныч, шаттык. Үй-бүлөнүн майрамы. Ыр майрамы. Спорттук майрам.

Краткий этимологический словарь кыргызского языка
Азыркы кыргызча майрам сөзү Махмуд Кашгаринин «Диванында» байрам түрүндө айтылган. Ушундай түрү көпчүлүк түрк тилдеринде азыр да колдонулат. Бул сөз моңголчо баярын (<баяр+ын) «1) салтанаттуу, шаңдуу; 2) кубанычтуу, шайыр» маанидеги сөзүнүн аяккы н тыбышын м тыбышына алмаштырып кабыл алынганы болуп эсептелет. Анткени моңгол тилинде баяр сөзү өзүнчө туруп «1) сүйүнүч; 2) учурашуу; 3) майрам, салтанат» маанисин берет. Ага илик жөндөмөсүнүн -н мүчөсү кошулушунан жогоркудай мааниси келип чыгат (МРС, 67–68). Түрк тилдеринде баяр же байыр деген моңгол тилиндеги -дей маанидеги сөз болгон эмес. Ошондуктан бул сөз моңгол тилинен кабыл алынган дешке болот.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Белгилүү бир көрүнүктүү окуяны белгилөөгө арналган салтанаттуу күн. Май майрамы. Улуу Октябрь майрамы. Жеңиш майрамы. 2. Кандайдыр бир кубанычтуу окуяга байланыштуу көңүл ачуу салтанаты, оюн-күлкү, кубаныч, шаттык. Үй-бүлөнүн майрамы. Ыр майрамы. Спорт майрамы.