Краткий этимологический словарь кыргызского языка
Азыркы кыргызча майрам сөзү Махмуд Кашгаринин «Диванында» байрам түрүндө айтылган. Ушундай түрү көпчүлүк түрк тилдеринде азыр да колдонулат. Бул сөз моңголчо баярын (<баяр+ын) «1) салтанаттуу, шаңдуу; 2) кубанычтуу, шайыр» маанидеги сөзүнүн аяккы н тыбышын м тыбышына алмаштырып кабыл алынганы болуп эсептелет. Анткени моңгол тилинде баяр сөзү өзүнчө туруп «1) сүйүнүч; 2) учурашуу; 3) майрам, салтанат» маанисин берет. Ага илик жөндөмөсүнүн -н мүчөсү кошулушунан жогоркудай мааниси келип чыгат (МРС, 67–68). Түрк тилдеринде баяр же байыр деген моңгол тилиндеги -дей маанидеги сөз болгон эмес. Ошондуктан бул сөз моңгол тилинен кабыл алынган дешке болот.