Толковый словарь кыргызского языка (1969)
I зат. 1. Жаныбарлардын этинде, сүтүндө, кээ бир өсүмдүктөрдө
жана минералдык заттарда болуучу жана алардан ажыратылып алынуучу сууда эрибей турган зат. Куйрук май. Сары май. Пахта май. Эфир майы.
2. Пайдалангандыгы үчүн төлөнүүчү акы. Аттын майын төлөө. От майын төлөө. .
Көз майы түгөнүү — көздүн күчү кетүү, көзүнүн курчу кетүү. Кошкон май — талканга май, бал аралаштырып жасалган көбүнчө жентекке берилүүчү тамак. Бал эле дейсиңби, сары майга эритип кошкон май жасайбыз (Бейшеналиев). Кызыл май болуу — 1) семиз мал, көбүнчө жылкы кыйналуудан табынан айнып дартка чалдыгуу; 2) кыйналып каруусу кетүү, алсыроо, чарчоо. Чар-жайыт чарпып күч качып, Кызыл май болдук тер басып (Элебаев). Май ичме — элдик медициналык түшүнүк боюнча суугуна айланганда, ичи өтүп алсыраганда май ичирүүнү керектөөчү оору. Жүрөккө майдай тийүү — абдан жалкуу, көргүсү келбей калуу, тажал бүтүү. Көзүн май басуу — көөп кетүү, теңсинбөөчүлүк пайда болуу.
МАЙ II зат. Календарлык жылдын бешинчи айы.