МАЙДАН
Толковый словарь кыргызского языка. 20151. Көк чыккан аянт, эмгек жумшап көгөртүп-жашартылган жер. Ачылган ар түрдүү гүл бактын ичи, Көрүнөт көз алдыңда жашыл майдан (Үмөталиев). Суусуз болгон талааны Майдан кылып тирилткен (Бөкөнбаев). 2. Согуш талаасы, согуш болуп жаткан жер, фронт. Кан жошулган майданда Карсылдаша салыштык (Бөкөнбаев). Эл таалайы үчүн биздин замандын ак ниет кишилери майданда (Сыдыкбеков). 3. Маданий майдан. Эмгек майданы.