майыш
Толковый словарь кыргызского языка (1969)этиш. 1. Ийилүү, ийиле түшүү, бир жакты көздөй майтарылган абалда боло түшүү. Баатырлар чыгып сайышса, Бакандары майышат («Манас»). Бутагы бүрдөп майышкан, Булбулдар конор тал бекен (Калык).
2. өт. Кыйналган абалда болуу, кыйынчылыкты көтөрө албаган баш ие баштаган абалда болуу, чабалдык кылуу. Ансыз да күйүп жүргөн шордуу балаң ызаланар, майышар (Сыдыкбеков). Жаш келин мында да майышпады (Сыдыкбеков).
♦ Жер майышкан — аябаган көп, сансыз көп. Баштагыдан беш бетер, Жер майышкан кол келет («Манас»).