Толковый словарь кыргызского языка (1969)
этиш. 1. Ийилүү, ийиле түшүү, бир жакты көздөй майтарылган абалда боло түшүү. Баатырлар чыгып сайышса, Бакандары майышат («Манас»). Бутагы бүрдөп майышкан, Булбулдар конор тал бекен (Калык).
2. өт. Кыйналган абалда болуу, кыйынчылыкты көтөрө албаган баш ие баштаган абалда болуу, чабалдык кылуу. Ансыз да күйүп жүргөн шордуу балаң ызаланар, майышар (Сыдыкбеков). Жаш келин мында да майышпады (Сыдыкбеков).
Жер майышкан — аябаган көп, сансыз көп. Баштагыдан беш бетер, Жер майышкан кол келет («Манас»).

Киргизско-русский словарь Юдахина
1. гнуться, вдавливаться;
майышып-чоюшуп калган эки дагыра два изогнутых, исковерканных таза;
жер майышып, кол келет фольк. идёт несметное войско (букв. идёт войско, под которым земля вдавливается, гнётся);
2. перен. горевать;
майышып чыда- вытерпеть, напрягши все силы.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Ийилүү, ийиле түшүү, бир жакты көздөй майтарылган абалда боло түшүү. Баатырлар чыгып сайышса, Бакандары майышат («Манас»). Бутагы бүрдөп майышкан, Булбулдар конор тал бекен (Калык). Толкундун күчү бар болсо, Тоо дагы болсо майышар («Казыбек»). 2. өт. Кыйналган абалда болуу, кыйынчылыкты көтөрө албаган баш ие баштаган абалда болуу, чабалдык кылуу. Ансыз да күйүп өкүргөн шордуу балаң ызаланар, майышар (Сыдыкбеков). Жаш келин мында да майышпады (Сыдыкбеков).