МАЙЫШ
Толковый словарь кыргызского языка. 20151. Ийилүү, ийиле түшүү, бир жакты көздөй майтарылган абалда боло түшүү. Баатырлар чыгып сайышса, Бакандары майышат («Манас»). Бутагы бүрдөп майышкан, Булбулдар конор тал бекен (Калык). Толкундун күчү бар болсо, Тоо дагы болсо майышар («Казыбек»). 2. өт. Кыйналган абалда болуу, кыйынчылыкты көтөрө албаган баш ие баштаган абалда болуу, чабалдык кылуу. Ансыз да күйүп өкүргөн шордуу балаң ызаланар, майышар (Сыдыкбеков). Жаш келин мында да майышпады (Сыдыкбеков).