Толковый словарь кыргызского языка (1969)
этиш. 1. Көбүнчө миздүү, кырдуу, учтуу нерселердин мизин, кырын, учун ийип кайруу, уруп, чаап майыштыруу.
2. өт. Күчүн, кайратын кайтаруу, сокку берүү. Кызыл аскер күч менен, Душмандын мизин кыйратты (Барпы). Эрдин эри майтарат, Эриш бузган жоо мизин (Токтогул).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Көбүнчө миздүү, кырдуу, учтуу нерселердин мизин, кырын, учун ийип кайруу, уруп, чаап майыштыруу. 2. өт. Күчүн, кайратын кайтаруу, сокку берүү. Кызыл аскер күч менен, Душмандын мизин майтарды (Барпы). Эрдин эри майтарат, Эриш бузган жоо мизин (Токтогул).