МАЙ
Краткий этимологический словарь кыргызского языкаТүрк тилдеринин кыпчак тобундагылары май сөзүн, калгандары йаг сөзүн колдонушат. Тыбыштары абдан айырмалуу болгон менен, бул сөздөр алгачкы бир уңгудан келип чыгат. Ал мындайча далилденет. Байыркы түркчө йаг сөзү алгачкысы болгон. Байыркы кездеги й>б, г>й кубулушунун натыйжасында йаг сөзү алгач бай, анан май болуп өзгөргөн. Мындай болуп байыркы түркчө й тыбышы б тыбышына, анан м тыбышына өзгөрүшү йүз деген сөздө да болуп өткөн. Алгачкы йүз сөзү биз болуп, анан миз болуп өзгөргөн. Ошондуктан казакча пышактың жүзi сөзү кыргызча бычактын мизи дегенге туура келет.
Ал эми сөздүн аягындагы г, к тыбыштары й тыбышына алмашуусу байыркы түркчө тег., кырг. тий; аз. көй, кырг. көк деген сөздөрдөн даана байкалат. Кыскасы, байыркы йаг сөзүнүн башкы жана аяккы үнсүз тыбыштары башка тыбыштарга алмашуусунун натыйжасында май варианты келип чыгып, ал түрү кыпчак тобундагы тилдерде жашап калган.