майдан
Толковый словарь кыргызского языка (1969)зат. 1. Көк чыккан аянт, эмгек жумшап көгөртүп-жашартылган жер. Ачылган ар түрдүү гүл бактын ичи, Көрүнөт көз алдыңда жашыл майдан (Үмөталиев). Суусуз болгон талааны, Майдан кылып тирилткен (Бөкөнбаев).
- 2. Согуш талаасы, согуш болуп жаткан жер; фронт. Кан жошулган майданда Карсылдаша салыштык (Бөкөнбаев). Эл таалайы үчүн биздин замандын ак ниет кишилери майданда (Сыдыкбеков).
- 3. Күрөш участогу, белгилүү бир участок, фронт. Маданий майдан. Эмгек майданы.