МАЙЫН ЧЫГАРУУ
Толковый словарь кыргызского языка. 2015Колуна алган ишин абдан мыктап, сапаттуу кылып аткаруу, жерине жеткире иштөө, мыкты иштей билүү. Езефтин аялы көп сүйлөбөгөн, жай кыймылдап, бирок иштин майын чыгарган неме (Ашымбаев). Өзүнө тагылган тапшырманын майын чыгарып, майнаптуу иштеген адамды кадырлап, жогору баалаган («Советтик Кыргызстан»). Эмгектен качпайт ырыс, өз ишинин майын чыгара кылыш (Шүкүрбеков).