Киргизско-русский словарь Юдахина
ар.
1. дефект;
бутунда майыбы бар ат конь с дефектом задней ноги;
майып иш предосудительное, нехорошее дело;
катын менен урушсаң, эрлик эмес, майып иш фольк. если подерёшься с женой, (это) не молодечество, (а) неладное дело;
2. повреждённый, искалеченный;
майып бол- оказаться искалеченным;
майып кыл- повредить, искалечить.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
сын. Кандайдыр бир мүчөсү кем, мүчүлүш; кадимкидей эмес, кемчил, жарамсыз. Канча болсо да майыптын иши майып да (Байтемиров). ..Мекен коргоодо бир бутуңуз майып болгон экен (Убукеев).
Майып болуу — курман болуу, өлүү. Теңдиксиз жоонун колунан, Майып болду Курманбек («Курманбек»).

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
МАЙЫП – дене саламаттыгынын же акыл-эсинин артта калуусунун кесепетинен жашоо ишмердигинин чектелүүсүнө байланыштуу социалдык жардамга жана коргоого муктаж болгон адам. Адамдын жашоо ишмердигинин чектелүүсү анын толук же жарым-жартылай өзүн өзү тейлөө, басып жүрүү, багыт алуу, баарлашуу өзүнүн жүрүм-турумун көзөмөлдөө, ошондой эле эмгекке жарамдуулугун же мүмкүнчүлүгүн толук же жарым-жартылай жоготуусунан көрүнөт.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Кандайдыр бир мүчөсү кем, мүчүлүш; кадимкидей эмес, кемчил, жарамсыз. Канча болсо да майыптын иши майып да (Байтемиров). Мекен коргоодо бир бутуңуз майып болгон экен (Убукеев). Майып кылган баатырды, Билинбей келип калкына («Калмырза»).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
1. Өлүү, курман болуу, жарык дүйнө менен коштошуу. Теңдиксиз жоонун колунан, Майып болду Курманбек («Курманбек»). Жоокерчилик, жылкы тийип келүү эрдик деп жүрүп, агалары майып болушту (Абакиров). 2. Жарадар болуу, жарат алуу, колу-буту же башка мүчөсү зыянга учуроо, кырсыкка кабылуу. Эки уруунун чабышында ал бир көзүнөн ажырап майып болот (Медетов).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Өлүү, курман болуу, жарык дүйнө менен коштошуу. Теңдиксиз жоонун колунан, Майып болду Курманбек («Курманбек»). Жоокерчилик, жылкы тийип келүү эрдик деп жүрүп, агалары майып болушту (Абакиров). 2. Жарадар болуу, жарат алуу, колу-буту же башка мүчөсү зыянга учуроо, кырсыкка кабылуу. Эки уруунун чабышында ал бир көзүнөн ажырап майып болот (Медетов).

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
МАЙЫПТЫГЫ БОЮНЧА БААРАКЫ – майып болуу себептерине карабастан, ырааттуу эмгекке жарамдуулугун жоготуп, аны майып катары тааныгандан тартып дайындалат жана ал эмгекке жарамдуулугу калыбына келгенге чейин же өмүрбою төлөнөт.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
МАЙЫПТЫК – организмдин милдеттеринин биротоло туруктуу жакырлануусунан улам денсоолуктун бузулуусунун натыйжасында жашоо ишмердигинин чектелүүсүнө алып келген жана социалдык коргоонун зарылдыгын шарттаган социалдык кемчилдик. Организмдин милдеттеринин бузулуу, жашоо ишмердигинин (бузулуу) чектелүү деңгээлине жараша жана М-тын себептерине байланыштуу М-тын топтору (I, II, III) белгиленет.