~: майнекенин таз катыны болоюн! или майнеке болоюн! (женское или детское заклятие) будь я трижды проклят, если...!
: майнеке болоюн же майнекенин таз катыны болоюн — кандайдыр бир ишти аткарууга убада кылганда көбүнчө аялдар же балдар айтуучу каргыш сөз.
майнеке: майнеке бол-,
майнеке болоюн
Убаданы аткарбай уят болуу. Келбесе майнеке болушат эле да, – деп Шабданды карады, жандап бараткан кула тайчан бала (Токтоналиев).
Убадага бек туруп, айтканымды аткарып, орундатам деген сыяктуу ишендирүү, каргануу маанисинде айтылат. - Деги бир деме билген болсом, майнеке болоюн («Ала-Тоо»). Тоскоол болсом майнеке болоюн (Кушубеков). Булар менен сүйлөшсөк эле майнеке болоюн! (Тойбаев).
Убадага бек туруп, айтканымды аткарып, орундатам деген сыяктуу ишендирүү, каргануу маанисинде айтылат. – Деги бирдеме билген болсом, майнеке болоюн (Ала-Тоо»). Тоскоол болсом майнеке болоюн (Кушубеков). Булар менен сүйлөшсөк эле майнеке болоюн! (Тойбаев). В.: Майнекенин таз катыны болоюн! Экинчи кайталасам, майнекенин таз катыны болоюн!