Толковый словарь кыргызского языка (1969)
этиш. 1. Май сүртүү, май сүйкөө. Чачын майлап өрөт дейт, Тогуз уулдан ал кызын, Абдан өөдө көрөт дейт («Эр Төштүк»).
2. Актоо; сүртүп жугузуу. Маляр келди, бир чоң үйдү майлады, Кабак түйгөн капалыкты айдады (Осмонов).
Оозун майлоо — белгилүү бир максат менен сыйлап көңүлүн алып коюу, пара берүү. Бай старчындын оозун майлап койгондуктан аны колдойт (Абдукаримов). Стол майлоо же орун майлоосүйл. жаңы кызматка, орунга турганда ошол кызматын белгилеп тамак-аш берүү.