МАЙ І
Толковый словарь кыргызского языка. 20151. Жан-жаныбарлардын денесине жыйналган, сууда эрибөөчү табигый органикалык зат. Койдун эти менен майы – күчтүү тамак. 2. Малдын сүтүнөн алынуучу жогору сапаттуу азык. Сары майын сактаган, Курутун күнгө кактаган («Калмырза»). Асыл байбиче жентекке деп куйган чоң карын сары майын алып, шаарды көздөй шашылыш жөнөдү (Жейренбаева). 3. Өсүмдүктөн алынуучу азыктык май. Күн карама майы, чигит май, зыгыр майы. Чырак кандай майы бүтөр кезинде, Дал ошентип күн эңкейди бешимге (Султанов). 4. этн. Пайдалангандыгы үчүн төлөнүүчү акы. Аттын майын төлөө. От майын төлөө.