жаз I весна; жазы менен весной, в течение весны; всю весну; жазында весной; жаздай всю весну; в течение весны; ала жаздан см.ала 4. жаз- II 1. писать; кат жаз- писать письмо; 2. перен. предначертать, предопределять (от старого представления, что судьба человека написана у него на лбу); кудайдын жазганы рел. предопределение, судьба, то, что суждено, предопределено судьбой; 3. развёртывать, распускать, расстилать, стлать; распростирать; муштумун жазды он разжал свой кулак; бой жаз- расправить члены; поразмяться; капа жаз- или чер жаз-разогнать тоску, развеять печаль; чыңырыгын жазбады он не переставал визжать. жаз- III 1. ошибаться, заблуждаться, промахнуться; жаза чап- промахнуться, ударяя саблей, топором; жаза тий- не попасть прямо в цель; айбалта менен салды эми, жаза тийди шекилдүү фольк. рубанул он секирой, да, видимо, промахнулся (ударил не по тому месту, куда метил); жаза сүйлө- обмолвиться, ошибиться в слове; жазбай ат- стрелять без промаха, метко; жазбай тааныйт он узнаёт безошибочно кого-что-л.; караңгыда жазбай табамын я в темноте отыщу безошибочно; аттардын дүбүрү жазбай угулду отчётливо слышался конский топот; Атабек чөк түшкөнүн жазып малдаш урунду Атабек вместо того, чтобы опуститься на колени (см.чөк- IV), сел способом мандаш (см.); жаза кетирбей безошибочно, точно; внимательно; эки жакты, жаза кетирбей карайт он внимательно осматривается по сторонам; түк жазчу эмес эле он никогда не ошибался; акылдан жаздыңбы? ты спятил? жаздым или жазатайым или жазып-тайып нечаянно, ошибочно, случайно; жаздым (или жазатайым) болуп, ок жаңылды попала шальная пуля; жазатайым келип калдым я пришёл нечаянно, случайно; жаза тайып акылдан тронувшись умом; жаза-буза чуть было не; то..., то...; жаза-буза кармап калдым я чуть было не поймал (я было поймал, но он вырвался); жаза-буза басып, жыгылып кеттим я нетвёрдо наступил и упал; жаза-буза жыгылып качалбаган мындан көп фольк. а ещё больше таких, которые, то падая, то поднимаясь, не могли бежать; 2. отступить от чего-л., изменить чему-л.; деле ошонуңдан жазба ты от этого не отступай; действуй неотступно, как действовал; 3. провиниться; мен саа эмне жаздым? чем я перед тобой провинился? жазган кулда чарчоо жок погов. провинившийся раб усталости лишён; сама себя раба бьёт, что нечисто жнёт. жаз- IV см.жазда- I.
Iзат. Кыш менен жайдын ортосундагы жыл мезгили. Жаз — жарыш, күз — күрөш (макал). Жазга маал. ЖАЗIIэтиш. Кагаздын же башка материалдын бетине графикалык белги, тамга түшүрүү. Матрена Петровна балбылдаган шамдын жарыгында олтуруп уулуна кат жазды (Сасыкбаев).
ЖАЗIIIэтиш.1. Бир нерсени жаюу, ачуу, түрмөгүн жандыруу.Куйрук-канат кетилип, Кулачын керип жазган күн (Үсөнбаев). [Кагаздын].. бүктөөсүн жазып, көз жүгүрттү («Ала-тоо»). Канатын жазып күүлөнүп Камчыланып сызды эми («Олжобай менен Кишимжан»).
2. Таратуу. Күн нуру, ачык аба чердижазган,Жер бети кызыл-тазыл жашылданган (Аалы). Атаң барып жоо жеңип, Элдин жазат капасын (Нуркамал). ЖАЗIVэтиш, Жаңылуу, ката кетирүү, кемчилик кетирүү, жаңылыштык кетирүү. Бир жеримен жазып калбагай элем деп чеберлей жүрдүм (Каимов). Мен сага эмнемен жаздым?
К.Сейдакматов бул сөздүн келип чыгышын төмөнкүдөй божомолдогон: «…йаз сөзү йиз «камыш» дегенден келип чыгышы учталган камыш менен жазуу процессин чагылдырат. Болжолу, перстерден, арабдардан тараган окшойт» (Сейдакматов 1988:79). Бул божомол чындыкка анча коошо бербейт, анткени йиз «камыш» деген өздөштүрүлгөн атооч сөздүн этишке айланышы үчүн мүчө жалганышы керек эле. Көрүнүп тургандай, андай мүчө бул жерде жок.
«Этимологический словарь тюркских языков» аттуу эмгекте болсо бул сөздүн келип чыгышы боюнча так кесер пикир жок жана көпчүлүк учурда монгол тилиндеги жиру «чертить, рисовать» деген сөз менен салыштырылып жүргөндүгү белгиленген. Анын монгол тилине түрк тилдеринен өткөнүн айткан окумуштуулар да бар экени айтылган (ЭСТЯ 1989:70).
Биздин оюбузча, жаз I сөзү азыркы учурда ушул сөздүн омоними катары каралып жүргөн дагы бир жаз II деген этиштен келип чыгышы да мүмкүн. Негизинен «распутать; развязывать; разворачивать» деген маанилерди туюндурган бул этиш түрк тилдеринин дээрлик бардыгынан кездешет жана жети түрдүү мааниде колдонулат (ЭСТЯ 1989:70). Карап көрсөк, булардын өзөгүндө «жаюу, кеӊейтүү» деген маани жаткандыгын байкоого болот. Мунун өзү кол менен жазуу техникасын жакшы чагылдырат, башкача айтканда, жазган сайын текст жайылып, кеӊейе берет. Ушундан улам бул сөз жогорудагы жаз деген көп маанилүү сөздүн бир мааниси катары колдонулуп жүрүп, кийин маанилик байланыш начарлаган соӊ өзүнчө сөз катары кабылданып калса керек деп болжолдоого болот. Тил илиминен белгилүү болгондой, бул омоним сөздөрдүн пайда болушунун негизги жолдорунун бири болуп эсептелет. Биз сөз кылып жаткан жаз I сөзүнүн түрк тилдеринде 1. писать; 2. рисовать деген эки гана мааниси бардыгы да ушул ойго жем таштайт.
Байыркы түрк эстеликтеринде бити сөзү колдонулуп келген. Махмуд Кашгариде йаз сөзү мурдагы бити сөзүнүн ордуна колдонула баштайт. Бул йаз сөзү йиз «камыш» сөзүнөн келип чыгышы мүмкүн. Байыркы бити сөзү азыркы быч (т-->ч) сөзүнө туура келет да, алгачкы жазуу тамганын элесин кесип, бычып алууга байланыштуу экени туюнтат. Ал эми йаз сөзү йиз «камыш» дегенден келип чыгышы учталган камыш менен жазуу процессин чагылдырат. Болжолу, терден, арабдардан тараган окшойт.
Жыл мезгили, көктөм (март, апрель, май айлары). Ак кар кетип, жаз келип, Көк тукаба өңдөнүп, Көйкөлүп шибер чөп чыгып (Токтогул). Жаз – жарыш, күз – күрөш (макал). Ыйлаак өткөн жазда бир ай бою Мамырдыкына барып жүрдү (Байтемиров).
1. Кагаздын же башка материалдын бетине графикалык белги, жазуу, тамга же цифраларды түшүрүү. Аскар дагы эки-үч сапты жазды да, кайра узун тартып өчүрүп койду (Сыдыкбеков). Командири жазып берген Куп жашырын каты бар (Бөкөнбаев). || Жазуу жүзүндө кандайдыр бир эмгек, макала, чыгарма жаратуу. Чокчоңдоп кээде ал дагы, Чочугансып сын жазган (Маликов). Ойлогонум ыр болду чиркин дүйнө, Ырды жазсам кубанам, көңүл өсөт (Шимеев). 2. Музыкалык чыгармаларды, сүйлөнгөн сөздү ж. б. техникалык каражаттар аркылуу пластинкага, лентага ж. б. түшүрүү. Концертти жазып коюу.
1. Кандайдыр бир түрмөктөлгөн, бүктөлгөн, бырышкан нерсени жаюу, ачуу, бүктөлбөгөн, бырышпаган, оролбогон ж. б. абалга келтирүү. Кагаздын бүктөөсүн жазып көз жүгүрттү («Ала-Тоо»). Таңылчагын кылдатык менен жазып, түрмөктөлгөн күрмөнү сууруп чыкты («Ала-Тоо»). 2. Кере жайып ачуу, бүктөлгөн, түйүлгөн, куушурулган ж. б. абалдан жайылган, кере ачылган, эркин болгон абалга өтүү. – Апаке! – деп Күлжан кучагын жазды (Байтемиров). Тобокел ары-бери чуркап денесин жазат. Мышык тырмактарын жазып эки колун илгери созду (Сыдыкбеков). 3. Таратуу, жоюу (мисалы, кайгы-капага карата). Качантан бери бук болгон, Черибизди жазалы («Семетей»). Камоодо жаткан эрендин, Кайгысын жазган сен элең, Төштүк («Эр Төштүк»). Ойноп кетти бул экөө, Эриккенин жазганы (Осмонкул). 4. Көңүл ачуу, эркин, шайыр абалга келүү. Көңүлүн жазат жалпынын, Көңүлү ачык март адам (Барпы). Отуруп чертип чүкөнү, Абакем кумар жазыптыр («Эр Табылды») Жабыкканда жарпын жазар кубат бол (Токомбаев).
1. Ката кетирүү, кемчилик кетирүү, жаңылыштык кетирүү. Бир жеримен жазып калбагай элем деп чебердей жүрдүм (Каимов). Муну капа кылгандай не жазганы бар (Байтемиров). || Терс мүчө уланып: жазба формасында. Өзгөрбөө, дайыма бир калыпта болуу. Эркекыз жылмайган калыбын жазбай кеп салды (Байтемиров). Күтөрүм сенден кымбатым, Кайратыңдан жазбагын (Осмонкул). 2. Жаңылуу, жаздым тийүү, ачык-таамай болбоо, кыйшык кетүү, тайып калуу. Кол жаңылып, тил жазып, Болгон эмес катасы (Элебаев). Жазбай аткан мергени, Жаңыдан кайра чогулуп («Манас).
жаза I ар. наказание, кара; возмездие; жаза тарт получить возмездие, быть наказанным; понести наказание; жазага тарт- наказать; жазага тартыл- быть наказанным; жазанын эң жогорку чарасы высшая мера наказания; өлгөндүн жазасы - көмгөн погов. мёртвому наказание - его похороны; кой жазасы штраф щелчками (при детской игре упай, см.). жаза- II см.жаз- III.
Iзат. Кылмышы үчүн тарта турган айып, кылган кылмышы үчүн колдонулуучу чара. Басмачыларды атуу жазасына буюртуу керек (Байтемиров). Жаза тарт. Сайраймын сөздүн тазасын Залимдин берген жазасын (Тоголок Молдо).
ЖАЗАIIтакт.Таамай эмес, жаздым, калпыс.Жаза атып калуу. Жаза басса ат туягы, Жардан таштар куланат (Бөкөнбаев). ¨Жазабасуу — иште жаңылышуу, адашуу, каталык кетирүү. Жаза-буза — чала-була, тиер-тийбес, жетер-жетпес. [Бүбүш] чым менен жаза-буза уруп калды (Турусбеков). Жаза-буза кармап калдым.
ЖАЗА – мамлекеттин атынан сот өкүмү боюнча кылмыш жасагандыгы үчүн күнөлүү деп таанылган күнөкөрлөрдү укугу менен эркиндигинен ажыратуу же чектөө менен корутундулана турган мажбурлоо чарасы (жаза). Ж. социалдык акыйкаттуулукту калыбына келтирүү, күнөкөрлөрдү түзөтүү, ошондой эле күнөкөрлөр менен башка жактардын дагын да кылмыш жасоосун алдыналуу максатында колдонулат. Ж. бирөөлөргө денебой жактан кыйноо тарттыруу же адамдык ар-намысын тебелөө максатын көздөбөйт. КРде төмөндөгүдөй жаза түрлөрү колдонулат: а) коомдук иштерге тартуу; б) жазапул ; в) үчилтик айып ; г) белгилүү бир кызмат ордун ээлөө же кандайдыр бир ишенимдүүлүктү жүргүзүү укугунан ажыратуу ; д) тартипке салуу аскер бөлүгүндө кармоо ; е) камак ; ж) эркиндигинен ажыратуу ; з) өлүм жазасы. Негизги жазалардан сырткары, төмөндөгүдөй кошумча жазалар да колдонулушу мүмкүн: а) атайын, аскердик же ардак наамынан, класстык ченинен жана мамлекеттик сыйлыктарынан ажыратуу ; б) мүлкүн тартып алуу. Ал эми жазапул салуу менен белгилүү бир кызмат ордун ээлөө же белгилүү бир иштерди жасоо укугунан ажыратуу чаралары негизги жаза катарында да, кошумча жаза катарында да колдонула берет.
Кылмышы үчүн тарта турган айып, күнөөсү, кетирген катасы, жаңылыштыгы үчүн колдонулуучу, берилүүчү чара. Жазага тартуу. Болбосо мен барып турган оор жазаны күткөм («Ала-Тоо») Мен сиздерден устав боюнча тийиштүү жазаны берүүңүздөрдү сурайм (Байтемиров).
Таамай эмес, жаздым, калтыс, чала. Жаш да болсо Мендирман, Найзаны жаза сайбаган («Мендирман»). Шашып калган Чалкалмак Кароолду жаза караптыр («Эр Табылды»).
ЖАЗА АЛМАШТЫРУУ – соттун (өкүмдү аткаруунун жүрүшүндө) өкүмдө көрсөтүлгөн жазаны алмаштыруусу; мыйзамда көрсөтүлгөн жагдайларда гана жол берилет. КР кылмыш-жаза мыйзамдарына ылайык, аз же орто оордуктагы кылмышы үчүн эркинен ажыратылган мөөнөтүн өтөп жаткан кишиге, сот анын жүрүм-турумун эске алуу менен, өтө элек мөөнөтүнүн калганын жазанын бир кыйла жумшак түрү (ар бир жазанын түрү үчүн мыйзамда белгиленген чектерде) менен алмаштырат. Мында адам жазанын кошумча түрүнөн толук же жарым-жартылай бошотулушу мүмкүн. Жаза бир кыйла катуу түрү менен да алмаштырылышы мүмкүн (м.: айып акчасын төлөөдөн баштартканда кара жумушка, түзөтүү иштерине же жазалоонун ушул түрлөрү үчүн каралган, белгиленген айыптын көлөмүнө жараша мыйзамдарда каралган түрлөрүндө камоого).
1. Жаңылуу, жаңылыштык кылуу, ката кетирүү. Урматтуу Алексеевич өзүнүн куйругу үзулбөй келе жаткан кесептери жөнүндө терең ойлонуп, жаза баскандарынын ордун толтурат деген ишенимдебиз («Советтик Кыргызстан»). Бечара жаза басып алып, ошондон бери оңоло албай журөт («Ала-Тоо»). 2. Бир нерсенин кызуу үстүнөн чыкпай, кечигип калуу. Кап, жаза басып калдым.
1. Жаңылуу, жаңылыштык кылуу, ката кетирүү. Урматтуу Алексеевич өзүнүн куйругу үзүлбөй келе жаткан кесептери жөнүндө терең ойлонуп, жаза баскандарынын ордун толтурат деген ишенимдебиз («Советтик Кыргызстан»). Бечара жаза басып алып, ошондон бери оңоло албай жүрөт («Ала-Тоо»). 2. Бир нерсенин кызуу үстүнөн чыкпай, кечигип калуу. Кап, жаза басып калдым.
1. Аскер түрмөсү. 2. Аскер адамдарынын жаза өтөөчү жеринде түзүлгөн батальон. Жаза батальонунда кызмат өтөгөн Сергей Николаевич деген майып адамдын айткандарын муңкана угуп, өзүмө өзүм ушул тагдырды жазамын деп сөз бердим эле (Айтматов).
ЖАЗАЖАЙ (ШИЗО) – кээбир өлкөлөрдө, (М.: РФде), түзөтүү мекемелеринин тартибин бузуучулар үчүн камералары жайгашкан бөлүмү. Ж-да отурган кишинин укуктары олуттуу чектелет. 1988-жылга чейин Ж-да тамак чектелүү берилген (ачкалык менен кыйноо). Андан сырткары, камоодогулардын баардык кийим-кечелери чечилип алынган жана жеңил-желпи күрмөлөр берилген, алар сыртка чыгарылган эмес, төшөк менен шейшептер берилбеген, кат-кабар, оромкаттарды, тартуу тамактарды алалышкан эмес. 1992-жылы бул чектөөлөрдүн көпчүлүгү алынып салынган. Ошентсе да, азыр деле Ж-га камоо – эң бир оор жазалоолордун бири.
ар. 1. уст. фальконет; жазайыл, жааны колго алып фольк. взяв в руки фальконеты и луки; 2. перен. бедствие, несчастье, что-либо чрезвычайно неприятное; жазайыл салып мойнума, атакең жатпай кетти койнума фольк. причинив мне большое огорчение, твой батюшка ушёл, не поспав со мной; жазайыл, кордук, чоң мүшкүлошо жактан көрүнгөн фольк. беды, унижения и большие страдания с той стороны появились; жазайыл, жаңжал билбейли, тилимди алгын, жан достум, эми Күлчорого тийбейли фольк. да не изведаем мы большого скандала, послушайся меня, друг мой любимый, давайте не будем трогать Кюльчоро; жазайыл түшүп мойнума, кан төгүлүп койнума фольк. беда свалилась на меня, кровь лилась мне за пазуху.
тар. 1. Эски убактагы майда калибрдүү замбирек, оор мылтык. Жазайыл атып, жаа тартса, Кылк этип бир тал өтпөгөн («Сейтек»). 2. өт. Мүшкүл, кыйын иш, башка түшкөн азап. Жазайыл, жаңжал билбейли, Эми Күлчорого тийбейли («Сейтек»). Жазайыл салып мойнума, Атакең жатпай кетти койнуңа («Семетей»).
ЖАЗАЙЫЛ МЫЛТЫК (арабча ал — жезаир — «арал», Алжирдин борбору аралда жайгашкандыктан ушундай аталат) — эпосто мылтыктын бир түрү катары айтылат: («Жазайыл мылтык күркүрөп»), Алжирден чыккан мылтык 17-кылымдан баштап Алдыңкы Азия аркылуу Орто Азия элдерине тараган. Ошондуктан өзбек эпосторунда «жозаил милтик», казактарда «жезаир мылтык» түрүндө аталат.
ар. -ир. виновный, подлежащий наказанию; преступник; "жала кылган сөз менен жазакер кылсам бекер" деп фольк. если я по ложному доносу обвиню его, то это будет неправильно.
сын.Күнөөкөр, күнөөлүү, кылмышкер. Апам болсо, кылмышын актай албаган, жазакер немедей, алды артыма чыгып үйрүлө калып, жагынуунун аракетинде («Ала-Тоо»).
Күнөөкөр, кылмышкер, кылмыштуу, күнөөлүү. Жалаа кылган сөз менен, Жазакер кылсам бекер деп («Саринжи-Бөкөй»). Апам болсо, жазакер немедей алды-артыма чыгып жагынуунун аракетинде («Ала-Тоо»).
Жазага тартуу, жаза колдонуу, чара көрүү, жазасын берүү. – Идеятхан апам бүгүн бизди жазалады го! (Жантөшев). Айдарбек датка тымызын жазалап отурган (Жантөшев). ЖАЗАЛАН жазала этишинин өздүк мамилеси. Күнөөсү үчүн жазаланды.
ЖАЗАЛАРДЫ БИРИКТИРҮҮ – кылмыштардын жыйындысы учурунда сот арбир кылмыш үчүн өзүнчө жаза дайындап келип, аягында мыйзамда белгиленген чектерде толук же жарым-жартылай кошуу жолу менен жазаны биротоло аныктайт. Дайындалган негизги жазага жасалган кылмыш үчүн күнөөлүү деп табылган адамга сот кошумча жазаларды кошо алат. Эгер жыйындыга кирген кылмыштар үчүн артүрдүү жазалар дайындалса жана КР мыйзамдарында аларды алмаштыруу (кошуу) мүмкүндүгү каралбаса, бул жазалар өзүнчө аткарылат. Өкүм чыгаргандан кийин соттолгон адамдын ушул өкүм чыкканга чейин жасалган башка бир кылмышка күнөөкөр экендиги айкындалган учурда жаза ушул эле эреже боюнча дайындалат. Мындай учурда жазанын мөөнөтүнө мурдагы өкүм боюнча өтөлгөн жаза кошулуп эсептелет.
понуд. отжазалат- явиться причиной наказания; мылтыгынын бирдемесин уурдап алып, катуу жазалаттырсамбы? не украсть ли мне какую-нибудь часть его ружья и тем не подвести ли его под наказание?
1. Жаза тарткан, жаза алган, күнөөлүү, айыптуу, кылмыштуу. Жазалуу адамды районго жеткириш милдети тапшырылды (Сыдыкбеков). 2. Жаза берилүүчү, күнөө кылуучулукка жатуучу. Абайла досум, бул деген жазалуу иш («Агым»).
жасат менен бирдей. Араб тилинен өздөштүрүлгөн. «Арбагыңдан айланайын Кул Кожо Акмат жасообайдын жазанаты жайланышкан Азирет Султан шаарына бек болгонуңа Кудайга ыраазы бололу, – деди сакалын сылай, жүзүн ыраазычылык чайыган бий ойлуу отурган уулуна көз жибере» (Токтоналиев).
ЖАЗАНЫ ЖЕКЕЛЕШТИРҮҮ – кылмыш-жаза укугунда мыйзамда аныкталган санкциянын чегинде, жасалган кылмыш ишинин мүнөзүн жана коом үчүн коркунучтуулук деңгээлин, айыптуунун инсандыгын, мыйзамда каралган жоопкерчиликти жеңилдетүүчү жана оорлотуучу жагдайларды эсепке алуу менен жаза чектөө.
ЖАЗАНЫ ЖЕҢИЛДЕТҮҮ – мыйзамда ошол кылмыш үчүн каралган эң төмөнкү чектен да төмөндөтүлгөн жеңил жаза. Жосунду жазалоону алып салган же Ж. ж-чү мыйзам кайтарылма күчкө ээ, б. а. ушул мыйзам чыгарганга чейин тийиштүү жосунду жасаган адамдарга да таркалат, аларга жазасын өтөп жаткандар, же болбосо жазасын өтөгөн, бирок соттуулугу бар адамдар да кирет.
ЖАЗАНЫ ЖУМШАРТА (ЖЕҢИЛДЕТЕ) ТУРГАН ЖАГДАЙЛАР – КР кылмыш-жаза мыйзамдарындагы күнөөкөрдүн жасаган кылмышы менен жеке кертбашын мүнөздөөчү жана сотту кыйла жумшак жаза белгилөөгө милдеттендире турган жагдайлар. Ага төмөнкүлөр кирет: а) кылмышын мойнуна алып келүү, чын жүрөктөн кечирим суроо, кылмыштын ачылышына белсемдүү катышуу; б) өз эрки менен зыян ордун толтуруу же келтирилген зыянды жоюу; коркутуп-үркүтүү же мажбурлоо таасиринен улам, материалдык, кызматтык же дагы башка көзкарандылык таасиринен улам, ошондой эле мыйзамсыз буйрукту же көрсөтмөнү аткаруудан улам жасалган кылмыш; г) жабырлануучунун зордугунан, келекелөөсүнөн же дагы башка мыйзамсыз аракеттеринен улам жаралган катуу ачуулануунун таасири астында жасалган кылмыш; д) коргонуунун, өтө зарылчылыктын, кылмышкерди кармоонун мыйзамдуу шартын бузуу менен жасалган кылмыш; е) эрезеге жетелек балдар тарабынан жасалган кылмыш; ж) кошбойлуу аялдар тарабынан жасалган кылмыш. Жаза чарасын белгилөөдө сот КР кылмыш-жаза мыйзамдарында көрсөтүлбөгөн жагдайларды да жумшартуучу негиз катары таанышы мүмкүн.
ЖАЗАНЫ КАТУУЛАТА (ООРЛОТО) ТУРГАН ЖАГДАЙЛАР – КР кылмыш-жаза мыйзамдарындагы кылмыш жосуну да, кылмышкердин жеке кертбашы да коомчулукка коркунучтуу экендигин күбөлөндүрө турган жагдай. Ага төмөнкүлөр кирет: а) кылмышты бирнече ирет жасоо, кылмыш жасоону кесипке айлантуу өнөкөтү; б) топ ичинде, алдынала макулдашып алган топ менен, уюшулган топ же кылмыш шериктештиги (кылмышкерлер уюму) менен кошо кылмыш жасоо; в) кыянаттыктан же ыпластыктан улам кылмыш жасоо; г) өзүнүн кызмат же коомдук милдетин аткарып жаткан жактарга же алардын жакындарына каршы жасалган кылмыш; д) кылмыш жосуну аркылуу оор кесепеттерге алып келүү; е) эрезеге жетелек балдарга, кары-картаңдарга же жарымжан абалдагы адамдарга карата жасалган кылмыш; ж) күнөөкөргө кошбойлуу экендиги алдынала белгилүү болгон аялдарга карата жасалган кылмыш; з) күнөөкөргө материалдык, кызматтык же дагы башка жагынан көзкаранды болгон жактарга карата жасалган кылмыш; и) эрезеге жетелек балдарды же күнөөкөргө психикалык оорусу же кемакылдыгы мурдатан белгилүү болгон жактарды пайдалануу аркылуу жасалган кылмыш; к) өтө ашынган мыкаачылык же келекелөө менен жасалган кылмыш; л) жалпы кырсык, жалпы башаламандык, өзгөчө кырдаал шартынан пайдаланып жасалган кылмыш; м) жалпы коркунуч келтирген ыкма менен жасалган кылмыш; н) курал-жарак, ок-дары, жарылгыч заттарды, жардыруучу жана анын тууранды жабдууларын, атайын даярдалган техникалык жабдууларды, уулуу жана радиоактивдүү заттарды, дары-дармек ж. б. химиялык-фармакологиялык дарыларды, ошондой эле күч жана психологиялык мажбурлоолорду колдонуу аркылуу жасалган кылмыш; о) башка кылмыштарды жашыруу же анын жасалуусун жеңилдетүү максатында жасалган кылмыш; п) адамдын денсоолугу менен өмүрүнө коркунуч келтирүү менен, бирөөлөрдүн эмгек күчүн бекер пайдалануу максатында жасалган кылмыш.
ЖАЗАНЫ ӨТӨӨДӨН БОШОТУУ – жазаны андан ары өтөөдөн куткаруу тартибинин жана шарттарынын негиздери алдынала каралган кылмыш-жаза, жазык-процесстик жана жазык-аткаруу укуктарынын институту. Андай негиздер өз кучагына төмөндөгүлөрдү камтыйт: соттун өкүмү боюнча белгиленген жаза мөөнөтүн өтөө; соттолгондун оңолгондугун же оңолуунун белгилүү бир деңгээлине жеткенин күбөлөөчү жагдайлар; соттолгондун жазаны андан ары өтөөсүнө тоскоолдук кылуучу өнөкөт акыл-эс оорусуна же башка катуу ооруга чалдыгуусу; иштин токтотулгандыгына байланыштуу жаза мөөнөтүнүн жоюлуусуна, же болбосо аны шарттуу жаза мөөнөтүн өтөө менен алмаштырууга же жазаны өтөгөн мөөнөттүн чегине чейин кыскартылышына ж. б. алып келген соттун өкүмүн белгиленген тартипте кайра карап чыгуу.
ЖАЗА ӨТӨӨДӨН МӨӨНӨТҮНӨН МУРДА ШАРТТУУ БОШОТУУ – КР кылмыш-жаза жана кылмыш-жаза-аткаруу укуктарындагы адамды анын жазаны өтөө мөөнөтү бүткөнгө чейин бошотууну караган институт. Эгер сот өзүнүн оңолуусу үчүн сот тарабынан дайындалган жазаны толук өтөөсүнүн зарыл эместигин тааныса, түзөтүү жумуштарында, аскердик кызматтан чектөөдө, тартипке салуу аскер бөлүгүндө жазасын өтөп жаткан же эркиндигинен ажыратылган адам мөөнөтүнөн мурда шарттуу бошотулушу мүмкүн. Мында адам жазанын кошумча түрүнөн дагы толук же жарым-жартылай бошотулушу мүмкүн.
ЖАЗАПУЛ – 1) айыптан түшкөн акча; мыйзамда же келишимде бекитилген учурларда жана тартипте материалдык таасир этүү чарасы. Жарандык укук боюнча – бышманынын бир түрү. Бузулган милдеттенменин суммасынын пайызы, болбосо туруктуу суммада аныкталат. Ж. бекитүү келишимдин аткарылышын камсыз кылат (тийиштүү тараптан аны аткарбай койгондо же ойдогудай орундабаганда өндүрүлөт) жана аны бузгандыгы үчүн жоопкерчиликтин чени болуп саналат. Айыптуу төлөбөй коюу шарттарында контрагенттерге төлөнүп берилет; мыйзамда же келишимде алдынала каралган шарттарда айып деңгээлине карабастан, эрежеден сырт өндүрүлүп алынат; 2) административдик укук бузуучуга (кызмат адамына) ыйгарым укуктуу орган, сот (судья) тарабынан мамлекеттик пайдасына салынган акчалай өндүрүү. Айыптын көлөмү административдик тартип бузуу болгон учурда белгиленген эң аз айлык маянанын көлөмүнө, ошондой эле түздөнтүз тартип бузуунун объектиси болуп саналган аткарылган иштин, товар менен унаа каражаттарынын наркына карата пайыздык катышына жараша аныкталат.
к. ЖАЗАСЫН КОЛУНА БЕРҮҮ
Байлардын жазасын берүүгө элди үйрөтүп жүргөндөр да ошолор (Баялинов). - Ант ургур. Териңди тескери сыйыртып, жазаңды берейинби (Бейшеналиев).
Кылган кылмышы, айыбы, күнөөсү үчүн катуу жазалоо, запкы көрсөтүп, уруп-сабоо, сазайын берүү. – Шашпа Чоро эмес дөө болсоң да жазаңды колуңа беремин (Касымбеков). Мен бул иттин жазасын колуна берем (Каимов). Жазасын колуна бердим, өчүмдү алдым, – деди Айсулуу башын көтөрүп (Баялинов). – Ой, шордуу, азыр бекин! – жазаңды гана колуңа беришет (Каимов). В.: Жазасын берүү. Байлардын жазасын берүүгө элди үйрөтүп жүргөндөр да ошолор (Баялинов). – Ант ургур. Териңди тескери сыйыртып, жазаңды берейинби (Бейшеналиев). Жазасын тарттыруу. – Кызыталак Тоголок Молдонун бүт койдуулаты үчүн жазасын тарттырсакпы (Бейшеналиев).
Кылган кылмышы, айыбы, күнөөсү үчүн катуу жазалоо, запкы көрсөтүп, уруп-сабоо, сазайын берүү. Мен бул иттин жазасын колуна берем (Ка-имов). Жазасын колуна бердим, өчүмдү алдым, - деди Айсулуу башын көтөрүп (Баялинов). - Ой, шордуу, азыр бекин! - жазаңды гана колуңа беришет (Каимов).
туурасы: жасат. Кайсы жерде каным төгүлсө, жазатым ошол жерде калсын эми. Кудай этимди жырткычка буюрган болсо, мен кайда качып кутулайын?! (Касымбеков).
Кокустан, күтүлбөгөн жерден кырсыкка учуроо, жагымсыз көрүнүшкө дуушар болуу. Ызалуу эл дал азыр үйүлүү жаткан дарыдай, жаза тайып учкун түшсө эле лап этип жанып кетет (Укаев). Акжолтоюм жаза тайып бирдеме болуп калса, бул эрбейген медеримдин айласы эмне болот (Убукеев). Эгер жаза тайып туйдуруп калса да, соңунан кууганга алдырчу эмес («Ала-Тоо»).
Кандайдыр бир кокустан, күтүлбөгөн жерден кырсыкка учуроо, өлүмгө дуушар болуу. Ызалуу эл дал азыр үйүлүү жаткан дарыдай, жаза тайып учкун түшсө эле лап этип жанып кетет (Укаев). Акжолтоюм жаза тайып бирдеме болуп калса, бул эрбейген медеримдин айласы эмне болот (Убукеев). Эгер жаза тайып туйдуруп калса да, соңунан кууганга алдырчу эмес («Ала-Тоо»).
ЖАЗА ЧАРАСЫ – кылмыш-жаза укугунда жасалган кылмышты аныктоо боюнча кылмыш-жаза мыйзамынын конкреттүү ченеминин санкциясынын негизинде соттун өкүмү менен белгиленген жазанын түрү жана өлчөмү (м.: жалпы режимдеги түзөтүү абагында мөөнөтүн өтөө менен 2 жылга эркиндигенен ажыратуу).
ЖАЗА ЧАРАСЫН КОЛДОНБОО – кылмыш жана жазык-процесстик укуктагы мыйзамда каралган негиздер бар экендигине карабастан, кылмыш кылган жакты жазадан бошотуп жиберүү.
Кандайдыр бир нерсени булгалоо, жаңсап коюу. Бригадир колундагы кызыл желекчесин жазгап белги көргөздү (Убукеев). || Тап берүү. Амантур Акбарды кажысы менен жазгап койду (Убукеев).
то же, чтожаскала-; иттерди чыбык менен жазгалап, туш-тушка кубалады махая хворостиной, он разгонял собак; чыбыгы менен жазгалап, өрдөктүн балапандарын айдап жүрөт помахивая хворостиной, он гонит утят.
Булгалоо, тийгизбестен жазгай сермөө, жаңсоо (көбүнчө чыбык менен бир нерселерге тап берүү же айдоого карата). Иттерди чыбык менен жазгалап, туш-тушка кубалады. Чыбыгы менен жазгалап, өрдөктүн балапандарын айдап жүрөт.
этиш.Коркуу, тайсалдоо, жүрөксүнүү, жалтануу. Эр жигиттин белгиси, Эч нерседен жазганбайт(Токтогул). Мен келген кишиден жазганып, тыттын түбүнө тура калдым(Жантөшев).
1. Жалтануу. Ал Орусбек колдорун сермеген сайын ага жакын олтурган бала андан жазганат (Сыдыкбеков). 2. Тартынуу, уялуу, ийменүү, батына албоо, жалтайлоо. Бурул анын тике карашынан жазганды (Каимов). Айна сакалдуулардын үстүнө кирүүдөн жазганды («Ала-Тоо»). Эр жигиттин белгиси эч нерседен жазганбайт (Токтогул).
весенний; жазгысын весной, по весне; жазгы эгин яровой посев; жазгы суук жандан өтөт погов. весенний холод до костей пронизывает (букв. сквозь душу проходит); жазгы туру или жазгы утуру или жазгы утурум или (иногда) жазгы турун (эти варианты пишутся и слитно) весна, весной, к весне, по весне; жазгы утуру кезекте в весеннее время; келгин келер, чуркурап, жазгытурум болгондо стих. перелётные птицы с громкими криками прилетают, когда наступает весна; жазгы конгон (или келген) коноктой (неприятен) словно весенний гость (для кочевника-скотовода весна - время самое трудное в отношении питания).
этиш.Адаштыруу, көрүнбөй качып кетүү.Оолуктуруп абаңды. Тай-буурулдан жазгырдың («Семетей»). Келген го деп Табылды Башка жак менен жазгырып («Эр Табылды»).
¨Көзжазгыруу — жылт коюу, астыртан билдирбей кетип калуу.
обмануть, ввести в заблуждение, совратить; көз жазгырып кет- улизнуть, незаметно уйти; жазгырып өттү Элдияр, токойго атын байлады фольк. незаметно проехал Эльдияр, коня в лесу привязал; алдырар күнү - жазгырар погов. когда (бог) хочет наказать, разум отнимет (букв. когда хочет, чтобы обокрали, в заблуждение вводит).
Азгыруу, жолдон чыгаруу, бузуу, жашыруу, алдоо. Оолуктуруп абаңды, Тайбуурулдан жазгырдың («Семетей»). Келген го деп Табылды, Башка жак менен жазгырып («Эр Табылды»). Бирок из жазгырып жүргөнүңдү ичи жамандардын көзүнө чалындырба (Жантөшев).
1. искусный в писании (пишет быстро и красивым почерком); 2. писатель; жазгычтар кылыч болсо, сынчы - кайрак: кылычты өткүр кылат, мыкты кайрап стих. если писатели - сабли, то критик - точило: он острит саблю, умело точа; 3. ирон. писака.
Кыргыз жазма (профессионалдык) адабияты жаралганга чейинки мезгилде айрым сабаты ачылган акындар өз чыгармаларын (оозеки поэтикалык салттагы эле) төкмө акындардай эл алдында оозеки айтпастан, жазма формада, кагазга жазуу түрүндө жарата башташкан. Мына ушундай акындарга адабият таануу илиминде «жазгыч акындар» деген аныктама берилет. Молдо Кылыч – жазгыч акын.
Iэтиш.Башка, алдыга жаздык же башка бир нерсени коюу, төшөө.Жаздыкты бийик жаздап кой. Мага атлас төшөктөн төшөп, алдыма мамык жаздагыла (Жантөшев). ЖАЗДАIIэтиш. Негизги этиш менен кошо айтылып, кыймыл-аракеттин аз-аз жерден аякталбай, белгилүү бир жыйынтыкка аз гана жерден жеткирилбей калган абалын билдирет. Андрейдин, аты мүдүрүлүп кете жаздап, аз жерден калды (Байтемиров). Өрттөнүп ичим күйгөндөн, Өлүп кете жаздадым (Тоголок Молдо).
жазда- I, жаз- с предшеств. глаголом в форме деепричастиенаст. вр. чуть-чуть, едва не..., чуть было не...; вот-вот; жүрөгү чыга жаздады у него чуть было сердце не выскочило; жыгыла жаздадым я чуть было не упал; акча бүтө жаздап калды деньги вот-вот кончатся, деньги на исходе; жүрөгүм түшүп кала жазды я до смерти испугался. жазда- II подложить кому-л.. подушку; употребить для кого-л. что-л. как подушку; анын башына жаздык жазда положи ему под голову подушку; мага атлас тешөктөн төшөп, алдыма мамык жаздагыла постелите мне атласную постель, подложите мне под голову пуховую подушку.
Башка, алдыга жаздык же башка бир нерсени коюу, төшөө. Жаздыкты бийик жаздап кой. Башына ээр токум жаздады. || Мага атлас төшөктөн төшөп, алдыма мамык жаздагыла (Жантөшев). || Астына кандайдыр бир нерселерди атайын таканчык, жаздык катары коюу, төшөө, жөлөө. Дөңгөчтү жаздап коюп суу талдарды керте баштады. Колун чекесине жаздап ойлуу отурду.
Негизги этиш менен кошо айтылып, кыймыл-аракетттин аз жерден аякталбай, белгилүү бир жыйынтыкка аз жерден жеткирилбей калган абалын билдирүүдө колдонулат. Колдон китеп ыргып кете жаздады (Токомбаев). Андрейдин аты мүдүрүлүп кете жаздап, аз жерден калды (Байтемиров).
возвр. от . жазда- II 1. положить себе под голову подушку, употребить что-л. вместо подушки; кар жаздан- 1) спать на снегу; 2) перен. терпеть лишения; кар жазданып, мал таптым фольк. в трудах и лишениях я приобрёл скот; 2. пасть вместе с противником (умертвив его); "кол салса, мен аны жаздана жатайын" деди если он посягнёт (на меня), я лягу мёртвой вместе с ним (убив его).
Өзү өлө турган болгондон кийин бирөөдөн кегин, өчүн ала жатуу, өзү менен кошо кас адамын өлүмгө учурата кетүү. Өлө турган болсом, эч болбогондо бирөөн жаздана жатайын деп өзүнчө кайраттана калды (Убукеев). Бирок, энемди жаздым кыла турган болсо, жалгыз Керим кербезди эмес, манап агасын баштап, башкаларын да жаздана жатам (Үмөталиев). В.: Жаздыгын ала жатуу. Болду, жетишет! Кадый бийди тындым кылып, жаздыгымды ала жатам! Качанкыга чейин мунун алдында бөдөнөдөй бөйпөктөйм? (Үмөталиев).
Өчөшкөн, касташкан адамын да кырсыктатып, кегин, өчүн ала жатуу, өзү менен кошо катуу кырсыкка, же өлүмгө учурата кетүү. Бирок, энемди жаздым кыла турган болсо, жалгыз Керим кербезди эмес, манап агасын баштап, башкаларын да жаздана жатам (Үмөталиев).
понуд. отжаздан- 1; ээрин жаздантып подложив ему под голову своё седло; басмачыны башка аттың, башын жерге жазданттың фольк. басмачей стрелял ты в головы, головы их на землю складывал.
летнее пастбище, летнее стойбище; жазгы жаздоо, күзгү күздөөдө мындай жайлуу жайыт оңой менен табылбайт такое хорошее пастбище, как это, для весеннего и осеннего выпаса нелегко найти.
Iзат.Жазгы жайыт.Жазгы жаздоо, күзгү күздөөгө мындай жайлуу жайыт оңой табылбайт («Советтик Кыргызстан»).[Абылбек].. колхоздун жаздоо, күздөө, кыштоолорун.. кандай пайдалануу керек экендигин да айтып өттү (Жантөшев). ЖАЗДООII жазда этишинин кыймыл атоочу.
жаздык I 1. подушка; южн. продолговатая подушка на два-три человека; куш жаздык подушка, набитая перьями, пуховая подушка; жаздык кап или жаздык тыш наволочка на подушку; 2. чурбан для рубки дров; жаздыгыңа жатайын я с тобой вместе лягу мёртвым (убив тебя); жаздык бас- то же, чтотөшөк булга (см.төшөк); ал Семетей абамдын жаздыгын бассам оңомбу? стих. разве я смогу избежать беды, если я оскверню постель (букв. подушку) Семетея? көздүн жаздыгы 1) нижнее веко глаза; 2) перен. глаз; способность видеть; жаркыраган көзүнүн жаздыктары оюлган фольк. веки его ясных очей выклеваны; мал көз жаздыгында калбасын как бы не проворонить скот; китеп көз жаздыгында калбасын, жакшылап карагын посмотри-ка хорошенько, не завалялась ли (эта) книга где-нибудь; көз жаздыкта калбаса, барбаган жерим калбады фольк. разве только случайно как-нибудь не заметил, а то я всюду побывал. жаздык II с.-х. весенний, яровой; жаздык буудай яровая пшеница.
Iзат. Ичине куштун жүнү ж.б. салынып жасалган башка жаздалуучу буюм. Куш жаздык. Мамык жаздык. ¨ Өзжаздыгынөзүалажатуу — өзү өлө турган болгондон кийин бирөөдөн өчүн ала жатуу, өзү менен кошо кас адамын да өлүмгө учурата кетүү. Көзжаздыгы — көздүн асты. Көз жаздыгы шишик тарткан чарчысы Жүрөгүнө колун басып сүйлөдү (Аалы).
ЖАЗДЫКIIсын.1. Жазга тиешелүү, жазга арналган. Адамдар жаздык кийимдерин кийишти. 2. Жазында айдалган; жазгы.[Жапарлар].. шоссе жолдун үстүндөгү жаздык буудайга келишти (Баялинов). Күздүгүң гүлдөп баш алсын, Жаздыгың жайнап жашарсын (Калык).
(балыш) — «Куш жаздыкта жазданып, Кыбыланы баштанып» (эл ыры). — Бул — сайма аркылуу бүткөн жүк буюму. Сайма өнөрүнүн жүзүн ачуучу жаздык (балыш) башка жаздалат. Жүктүн үстүнө же өзүнчө катар жыйылат. Сайма жана курак аркылуу бүткөн мунун кичинекейин (30x45 см), «балыш» узун келип, эки адам жазданууга шартташса (110X50 см), аны жаздык деп айтат. Буюмдун маңдайкы бетине «илме дос» саймасы менен «тикме сайма», «тогуз төбө», «ай кеште», «кайкалак», «тескери кайкалак», «допу талаа» өңдүү көчөттөрү жупташа түшүп, жөнөкөй кездемелер менен тышталып, ичине көбүнчө кебез салынат. Илгери жаздык бөз жана таар менен да тышталып, ичине саман, чөп да салынган. Саймачылар муну жасоодо үлгүлөрүн колдон-колго арбын өткөрүшөт. Алар буюм бетиндеги көчөт өңүн байчечекейдей ача билүүгө өтө чебер келишет. Буга көбүнчө кызыл, көк, сары, кара өңдөр ич ара такай катышат. Түштүк Кыргызстандын (Лейлек, Баткен, Ноокат, Алай өңдүү («ичкиликтер» жашаган жакта) аймактарына бөтөнчө мүнөздүү бул кооз буюм азыр да мыкты өнүгүп, жүктүн жарашыгын берип турат. Балышка (жаздыкка) көчөт түшүрүүнүн бөтөнчөлүктөрү көрүнөт. Биринчиден, буюм үч табакчадан турат да, анын саймалары жыш берилет. Табакча четтерине ак жиптен «суу» түшүрүлөт. Анын ичине «кой* кайкалак», «сынар мүйүз», «ит куйрук» көчөттөрүн берүү салтка айланууда. Экинчиден, ар бир табакчада курак өнөрү менен «илме дос» эриш-аркак катышкан кездери бар. Андан «каркыра курак» ак-карадан түшөт да, анын ичине «суу» чуркатып, төрттөн эки көчөт айкалышат да, ортосунда өзөктөн өзүнчө «карга тырмак» көчөтү орун алат. Эгер «каркыра курактын» ордуна ак-кызылдан ошого окшош көчөттөр түшсө, ал «бычак учу», «араа тиш» болуп өткөрүлөт. Түштүк саймасынын жердиги жана ага түшкөн кооздуктар түп тамырынан бери бөтөнчөлөнүп турат. Ал майда туштуктардан, балыш менен жаздыктардан мыкты баамдалат. Мында «илмедос» саймасы зор орунду ойнойт. Мындагы көркөм көчөттөрдүн негизин «кайкалак көчөтү» түзөт. Бул — ушул аймактагы элдик көчөттөрдүн ата башы. Анын элементтерин ичине-сыртына кайталай саят. Көркөм көчөттүн жердиги чий макмалдан (чий баркут) болот да, ага мулина жипти көбүрөөк пайдаланышат. Ал эми түк макмал (момосуй) анын ортолугуна эндейлене түшөт. Сайма көчөттөрдүн көркүн түс чечет. Мында уздар жашыл, ачык кызыл, кочкул кызыл, сары өңдөрдү бири-бирине билгичтик менен жупташтырат. Жашыл өң көчөттүн элементтеринин жалбырагы болсо, ачык кызыл анын үстү жагына берилет да, жалбырактын асты көлөкөлөнө түшүп, күүгүм жашыл көрүнгөндүктөн ага кочкул кызыл өңдү берет. Эгер уз «кайкалак көчөтүн» тандаса, буюмдун жердигин карадан алат. Ага кызыл өң айкалышат. Кызыл жердикке кара жип да так ошондой шартташат. «Топ гүл» көчөтүм түшүрсө, мунун өзөгүнүн ортосун сары жип ачат. Гүлдүн так өзүн көркөм көчөттөрүнө берүү саймачылык өнөрүнүн салтына анча коошо бербейт. «Кайкалак көчөтү» бир гана жип менен жүзүнө чыгат. Ал тарам-тарам бутактанып, көчөт элементтери уламдан-улам уланып кете берет. Мында сыртында «кайкалак көчөтүнүн» канча элементи чыкса, ичинен да так ошончосу пайда болот. Чеберлер сайманын «илме дос» ыкмасын курак өнөрү менен жупташтырып, буюм жасоого өтө уз келишет. Бул көркөмдүк жаздык менен балыштан баамдалып турат. Анда «кайкалак көчөтү» башкы мааниге ээ. Жаздыктын саймасы табакча-табакча болуп келет. Муну «топ гүл» деп да коет. Ал эми «кайкалак көчөтү» бир нечеге бөлүнүп кетет. Аларга «сыңар кайкалак», «кырк шак кайкалак» (биринен кийин бири улаштырылып отурат), чөмүч сабы кайкалак», «иймек» (биринин артынан бири иймек болуп, тегеренип түшөт). Алсак, жаздыкта «алты көз» (алты табакча), ал эми балышта «үч көз» (үч табакча) түшүрүү салттуулукту аныктайт. Көркөм көчөттөрдү кыйыштырууда жалпы окшоштуктар жана өз ара уздук чыгармачылык изденүүлөр боюнча бири-биринен окчун айырмаланган жагдайлары баамдалат. Уздарда «тогуз дөбө» көчөтү, адаттагыдай, табакча-табакча болот. Мисалы, бир жаздыкта үч көчөт түшүп, анын өзөгүн «тогуз дөбө» ээлеп, четтерине «мүйүз оюмдары» берилип, алардын үстүнөн «карга тырмак көчөтү» өзүнчө бутактанып кетээрин көрүп турабыз. Мында «тогуз дөбөнүн» айланасына төрт «кочкор мүйүз» менен «кош мүйүздү» айкалыштыра берүү аркылуу уздар сайма буюмдарын жүзүнө чыгарат. Үч «жүрөкчө көчөтү» бир табакча түзүп, анын ар биринде төрт жүрөкчө болот. Мында түшкөн табакчалардын араларына «суу» жүргүзүлүп, көчөт ортолорунан өзүнчө көчөттөрдөн көчөт элементтери туундуу катары чыгат. Буюмдарда көркөм табакчалардын ичинен төрт «кочкор мүйүз» төрт «карга тырмак» көчөтү биригип, өзүнчө өзөк болот. Мындай көчөттөрдүн сыртынан ичке жээк (четтик көчөттүн берилиши үчүн өзүнчө жол) түшүп, ортолорунан бычак учуланган, араа тиштенген, толкун сызыктанга «суу» берилет. Баткендик уздардын жаздыктары бир серепчеленген адамдарга баары бири-бирине окшоштой туюлат. Мында жалпы колорит бар. Бирин көрүп бири узангандай, бирине-бири үлгү бергендей, ич ара таасир алгандай, өзүнчө изденбей эле жапырт тууроо адаты биринчи планда тургандай сезилет. Айтсак, оюм-көчөттөрдү кыйыштырууда түс чоң роль ойнойт. Аны тандоодо уздар эч кандай жаңылышпайт. Кайра алардын уздук татымы бири-бирине өтөт. Бул керемет өзүнчө жасалга үчүн тигилген балыш-жаздыктардын көркөм көчөттөрдөн даана таанылат. Ушундай бөтөнчөлүктөрдөн улам жалпы мүнөздүү уздук белгилер келип чыгат. Эгер көчөттүн коозу жана көлөмдүүсү «тогуз дөбө» ак түстө болуп, табакчалардын өзөгүн түзсө, анын тегерегине төрт «карга тырмак» менен төрт «кочкор мүйүздү» алмаштырып берүүгө болот. Бул аймакта «жылдыз көчөттөрү» да арбын пайдаланылат. Андай кезде булардын ичине кичине «ала мончок» берип, кызылдан «күн карама көчөтүн» жыш толтуруп, алардын араларына «суу» жүргүзүү аркылуу буюмдун жүзү ачылат. Демек, балышта-жаздыкта өрмөк согуу, килем токуу, чырмакчылык көчөттөрү өз ара катыш жасайт да, аларды айкалыштырып түшүрүүдө уздардын кыялы кайда жетелесе, ошол тарапка бурулуп турулат. Бир эле жаздыкта беш табакча көчөт түшөт да, ал «мүйүз көчөтүнөн» туруп, арасынан «жарым чагармак» орун алат. Ошол ар бир табакчалардын арасын «аламишек» бөлүп берет. («Аламышек» бизче саймада «суу» дегенди түшүндүрөт. «Аламыч», — «Ала мончок» да саймада «суу» дегенди түшүндүрөт. «Аламыч», «Ала мончок» деп атаса да болот. Көчөт араларын бөлө турган, чуркатылган «сууну» Баткен, Лейлек тараптагы уздар «Аламишек» дейт). Мындай көркөм көчөттөр жеңдин учунан алынган. Илгери жеңдин жарымына мына ушундай мүрзөк коюла турган. Бул «жеңинин теңи сайма экен» деген түшүнүктү берет. Мында «көптүрмө сайма» боюнча узануунун бөтөнчөлүктөрү да байкалат. Мунун белге байлана турган жоолукка-оромолго, жаздыкка көркөм түшкөн четки (жээк) саймасы (күңүрө) деп айтылат. Ал бир аз жоонураак берилет да, көчөт «суу» катары көрүнөт. Аны жогорудагыдай «алмишек» деп атаса да болот.) Анын ортолук көчөтү үчүн «кызгалдак». өңдүүлөрдү уздар арбын берет. Далпы алганда берилүүчү сайма кооздуктарынын ич ара айкалышынын эни тайкыраак келет. Жаздыкта «Чекас саймасын» уздар учукту ийнеге жипти жоонураак кылыңа өткөрүшүп «кеште» түшүрөт. Ал «аламишек» болуп көрүнөт. Албетте, мындай саймалар аз жолугушат. Мындай сайманы «секиртме сайма» десе да болот. Анда негизги сайма көчөттөрү берилбейт да, бир гана жиптер ирээти аркылуу түшүп, өңдөрү ачылып турат. Буюмда басма сайма менен «жүрөк көчөттү» шартташса, мында «чагармак көчөтү» мүнөздүү келет. Анда беш көчөт табакчалары бир буюмдун жалпы кооздугун түзөт да, араларына ошол көчөттөрдүн жарымы бурч көчөтү болуп түшөт. Андагы «аламишек» (суу) ак-кызылдан ар кандай өңдө берилип, көчөттөр сайма түрлөрүнө ич ара алмаша берилет. Биринен-бирине өтөт. Анткени менен аларды саюу, көчөт-оюм түшүрө аракеттери ар башкача болуп, уздун уздугу аларды жогорку чекке көтөрөт.
Кыргызча жаздык сөзү жазда этишине зат атооч жасоочу -к мүчөсү жалгануудан келип чыгат: жазда+к>жаздык. Өзүнчө турганда жазда болуп а тыбышы менен айтылса, -к мүчөсү жалганганда ы тыбышына өтүп кетет.
Байыркы түрк тилинде йат этишинин йад, йай, йаз варианттары болгон. Ал азыркы кыргызча жаз, жай деген этиштерге туура келип, төшөк жаз, шырдак жай деген учурдагы мааниде болгон. Ошол этиштин йас деген вариантына -ла мүчөсү улануудан келип чыккан йаста сөзү «төшө», «жазда» маанилеринде болгон (ДТС, 245). Алгач жаздалган нерсе башты коюу үчүн гана эмес, алдына төшөлүү үчүн да, сүйөнүп олтуруу үчүн да кызмат кылган. Кийин гана бул сөздүн мааниси куушурулуп, башка жаздалган нерселерге карата айтылып калган.
1. Ичине канаттуулардын жүнү ж. б. салынып, төрт бурч формасында жасалган башка жаздалуучу буюм. Куш жаздык. Мамык жаздык. || Жылдызкан бүгүн күндөгүдөй башы жаздыкка тиер замат уйкуга кеткен жок (Байтемиров). 2. Отун жарганда, керткенде алдына коюлуучу дөңгөч. 3. диал. Устун менен түркүктүн (тирөөчтүн) орто жерине коюлуучу ар кандай формада жасалган (төрт чарчы, сүйрү же ар түрдүү оюу чийүү салынып кооздолгон) жука тактайча.
несчастный случай, беда; перен. смерть; жаздым болуп калбагын фольк. (смотри) не попади в беду (не погибни случайно); жазып-тайып, кокустан жаздым болуп каламбы фольк. (как знать) может, из-за какой-то случайности меня настигнет смерть; жаздым бастыр- ввести в заблуждение, явиться причиной ошибки, заблуждения; жаздым бастырып, кара жанын кайгыга калтырат он введёт в заблуждение и опечалит; көз жаздымында или көздүн жаздымында то же, чтокөздүн жаздыгында (см.жаздык I).
1. Кокустан, күтүлбөгөн жерден, жаңылыштан. Жаздым болуп ок жаңылды. || Таамай эмес, мүчүлүш, калпыс. Жамбыны жаздым атпаган Мергендер келсин тоюма («Семетей»). Кээде жаздым болжоп коюп, өзүм зыян тапкан жерлерим да бар (Элебаев). Садык жаздым муштап алып, күүсү менен жыгылып кала жаздады (Байтемиров). 2. Майып болуу же өлүү. Жазып-тайып кокустан, Жаздым болуп каламбы («Эр Табылды»).
жаздыр- I понуд. отжаз- II заставить писать; газетага жаздыр- подписать кого-л. на газету; мугалимге кат жаздыр- просить учителя написать письмо. жаздыр- II понуд. отжаз- III сбить с правильного пути, сбить с толку, ввести в заблуждение; алдырарда жаздырар погов. когда (бог) хочет наказать, разум отнимет (букв. при неудаче в ошибку вводит); адис болгон Коңурбай, жаздырып ордун, булт коюп фольк. ловкий Конгурбай обманным движением увильнул.
ЖАЗИРЕ — топоним, бел.
Ала-Тоонун бетинде,
Анжыяндын ары жагы
Мыргаптын туура четинде
Жазире, Жет-кайт белинде
Аркы атасы Жедигер,
Берки атасы Жадыгер,
Уюктун уулу Багышка айт (Сагымбай Орозбаков, 3. 101),
— деп Бокмурун жаш Айдарга Мааникерди мингизип, Көкөтөйдүн ашына кабарга жибергенде айтылат.
сын.1. Жазылган, кагаз бетине түшүрүлгөн. Жазма адабият. 2. Жазуу.Кыргыздын улуттук жазмасы. ¨Колжазма — кол менен жазылган, басылып чыга элек текст.Узаков кол жазманы учтуу кызыл карандаш менен белгилеп окуп, жалгыз олтурган экен (Бейшеналиев).
ЖАЗМА ДАЛИЛ – иш жагдайы тууралуу маалымат камтылган, иш үчүн кандайдыр бир мааниге ээ болгон, анын ичинде анын тууралыгын аныктоого мүмкүндүк берчү факсимилдик же электрондук же дагы башка байланыш каражаттары аркылуу алынган актылар, документтер, келишимдер, маалымдамалар, иш каттары, жеке мүнөздөгү каттар жазма далил болуп саналат.
и. д. отжаз- I 1. писание; жазуу сабагы урок письма; жазуу экзамендери письменные экзамены; жазуу түрүндө в письменном виде; 2. почерк; 3. (иногда жазуу-сызуу) письменность, письмена; 4. судьба, предопределение; жазууда кудай буюрса, жатса да, киши албайбы? фольк. если бог судил, то разве, даже лёжа, человек не получит (желаемого) ? ар кимге болот бир иш жазуудагы фольк. с каждым случается то, что ему предопределено.
Iзат. Графикалык тамга менен бир нерсенин бетине түшүрүлгөн, жазылган сөз, ой. Жазуу дептери. Жазуусу бар кагаз. Китептин жазуусу. 2.өт.Жазмыш, буйрук. Тагдырдын жазуусун көрөрбүз.
ЖАЗУУII жаз этиштеринин кыймыл атоочу.
write (verb)
To transfer information either to a storage device, such as a disk, or to an output device, such as the monitor or a printer. Writing is the means by which a computer provides the results of processing. A computer can also be said to write to the screen when it displays information on the monitor.
1. Графика түрүндө кагаз же башка бир нерселердин бетине түшүрүлүүчү атайын белгилердин, тамгалардын жыйындысы, системасы. «Касым» деп жазуу турат сап жагында (Токомбаев). Марфа кайсы бир учурларда бетинде басма жазуусу бар баракчаларды Ашырга берип туруучу (Сасыкбаев). 2. дин. өт. Буйрук, жазмыш, тагдыр. Бешенеде жазууну, Качан да болсо көрөбүз («Манас»). Тагдыр жазган жазууңа Көндүң бекен, Токтогул? (Барпы).
write access (noun)
A privilege on a computer system that allows a user to save, change, or delete stored data. Write access is usually set by the system administrator for a networked or server system and by the owner of the computer for a stand-alone machine.
ЖАЗУУ ЖҮЗҮНДӨГҮ БҮТҮМ – жазуу жүзүндө жасалуучу (жөнөкөй же нотариалдык) бүтүмдөр. КР жарандык мыйзамдары боюнча бүтүмдүн мааниси камтылуу менен, бүтүм жасаган жактын же жактардын же алар белгилүү деңгээлде ыйгарым укук берген жактардын өздөрү кол коюу аркылуу түзүлгөн документтер жөнөкөй жазуу жүзүндөгү бүтүм катары эсептелет. Эки тараптуу (көп тараптуу) бүтүмдөр баардык чыккан тараптардын колу коюлган документтерди алмашуу жолу менен түзүлөт. Мыйзам чыгаруу аркылуу жана тараптардын макулдашуусу менен, бүтүм таризине шайкеш келе тургандай (белгилүү бир тариздеги бланкага жазылып, мөөр менен бекитилген) кошумча талаптар белгилениши мүмкүн, жана да ал талаптарды аткарбай коюу кандай кесепеттерге алып келе тургандыгы каралат. Эгер мындай кесепеттер каралбаса, жөнөкөй жазуу жүзүндөгү бүтүмдөрдүн талаптарды аткарбоо кесепети колдонулат. Бүтүм жасоодо механикалык каражаттардын жардамы менен кол коюуну түгөйлөштүрүүгө же дагы башка көчүрмө, электрондук-сандык кол коюуга же жекече кол коюунун дагы башка түрлөрүнө мыйзамдарда каралган учурларда жана тараптардын макулдугу менен гана жол берилет. Эгер жаран мүчө кемчилдигине, оорусуна же сабатсыздыгына байланыштуу жеке өзү кол койо албаса, анын өтүнүчү менен башка бирөө кол коюшу мүмкүн. Ошол адамдын койгон колу нотариалдык иш-аракет жасоого укугу бар нотариус тарабынан бүтүм жасоого катышып жаткан жактын эмне үчүн жеке өзү кол койо албагандыгынын себебин көрсөтүү менен, күбөлөндүрүлүүгө тийиш.
ЖАЗУУ ЖҮЗҮНДӨГҮ КАТ-КАБАР – жөнөкөй жана каттоо аркылуу жөнөтүлүүчү кат, почта карточкасы, оромкат, майда баштыкча, секограмм (сокурлар үчүн атайын басылмалар) түрүндөгү почта жөнөтүмдөрү.
Көркөм-адабий чыгармаларды жазган адам. «Жамийла» жазуучунун чыгармачылык өмүрүндөгү өзүнчө бир даңазалуу окуя гана эмес, ал ошону менен бирге кыргыз адабиятынын жаңы бир доорун ачты. (Асаналиев). Кечээ – койчу, бүгүн – акын, жазуучу (Токомбаев).
Адабий чыгарма жазып, ошол иш менен кесип кылуучулук, жазуучунун кесиби. Өзүм жазуучулук жөнүнө түшүп, ашта-тойдо ырдаганым жок (Тоголок Молдо). Бул чыгармалар өздөрүнүн кайталангыс көркөмдүк ачылгалары менен Ч. Айтматовдун жазуучулук көркөм өнүгүшүндөгү өзүнчө бир этап, үч доор. (Асаналиев).
Электронный платежный документ (Electronic payment document) —Вид платёжного документа, составленный в электронной форме, содержащий необходимую информацию для осуществления расчётов и заверенный электронной цифровой подписью.
1. широкий; просторный; распластавшийся; жазы маңдай высокий лоб; боору жазы широкогрудый; капталы жазы бел горный перевал с пологим склоном; 2. то же, что жазык II 2; жазы кур см.кур IV 1; жазы эл массы народные; жайылган мал, жазы эл-булардын жалпысы кыпчак эл фольк. пасущийся скот, массы народные - это всё кыпчакское племя; жазы нойгут эли фольк. массы народные (племени) нойгут; жаштары баатыр, карысы эр, жазы кыргыз элдериң фольк. у твоего киргизского народа молодёжь - богатыри, старики - герои.
1. Жайык, жазык, кенен, туурасы кең, эндүү, кууш эмес. Мамбеткул жазы алаканы менен бырыштуу маңдайын ушалады (Абдумомунов). 2. сейр. Жайылган, кеңири тараган, жалпы, калың. Жазы кыргыз элинин, Жайлоосун чалып келемин («Эр Табылды»). Жайылган мал, жазы эл, Булардын жалпысы кыпчак эл деди («Олжобай менен Кишимжан»). Жанаша ырдап бирге өстүк, Жазы кыргыз тобунда (Осмонкул).
жазык I 1. грех, вина, проступок; саа эмине жазык кылдым? в чём я перед тобой провинился? что плохого я тебе сделал? менде не жазык? в чём моя вина? уккан кулакта жазык жок погов. за что купил, за то и продаю (букв. на слышавшем ухе вины нет); чарчаган кулда жазык жок погов. на уставшем рабе вины нет (нельзя винить человека за невыполнение непосильной работы); жазык сөз неприличное слово; жалган, жазык сөз сүйлөп, жамандыкка барышпайт фольк. лжи и неприличных слов они не говорят, на худые дела не идут; 2. южн.этн. штраф при угощении кумысом в компании (человек, который не допьёт поданную чашу или прольёт часть кумыса, должен, зарезав животное, угостить остальных мясом). жазык II 1. ровный; плоский; 2. равнина; простор; жакшы болсо боз бала, жайлоодогу жазыктай стих. хороший паренёк подобен равнине на летнем пастбище (столь же приятен и полезен); 3. южн. ладонь; алаканы жазык щедрый.
Iзат. Күнөө, айып, кылмыш. Анда эмне жазык (Сыдыкбеков). Уккан кулакта жазык жок (макал).
ЖАЗЫКIIсын.1. Жайылган, жазылган, жумулбаган. Алакан жазык, кол ачык, Аттанып чыкса жол ачык («Манас»).
2. Түз, жайык, кеңдик. Жайкалган көлбөк кең жазык, Жайылган кыж-кыж калың мал (Элебаев). Адырдын жазык салаадан Куланы сууга куюлат («Манас»).
жазы менен бирдей. Асанбек олбурлуу, мурду коңкойгон, маңдайы жазык сары киши (Жантөшев). Алакан жазык, кол ачык, Аттанып чыкса жол ачык («Манас»). || Тегиз, жайык, жайылган түз. Чокусу музга берилип, Эңиши жазык керилип, Созулуп кеткен Ала-Тоо (Турусбеков).
Күнөөсүз, айыпсыз, күнөө кылбаган, айыбы жок. Айланган тоонун бүркүтү, Жазыксыз торго чалындым (Токтогул). Деген менен жазыксыз куданы өлтүрүш Адыкенин колунан келген жок (Сыдыкбеков).
виноватый, повинный, провинившийся, совершивший проступок; жазыктуу иш греховное дело, нечестное дело; "жазыктуу ишке барбаган, жубардай киши" деди эле фольк. на греховные дела он не ходил, был человеком очень честным (букв. белым).
сын.Күнөөлүү, кылмыштуу, айыптуу.Жамандыгын ырдайм деп, Жазыктуу болдум манапка (Бөкөнбаев). Же жалгыз барып калмакка Жазыктуу болуп калдымбы («Курманбек»).
возвр.-страд. отжаз- II 1. писаться, быть написанным; записываться; 2. подписываться; газетага жазыл- подписаться на газету; жазылгандар подписчики; 3. расстилаться, распростираться, раскидываться; жазылган талаа широкая, раскинувшаяся степь; 4. разъединяться, развязываться, рассеиваться; кара кытай, калмактар, дарбый түшүп, жазылды фольк. каракитаи, калмыки массой ринулись, потом рассеялись; 5. перен. прекратиться, перестать; тез таарынып, тез жазылат он вдруг рассердится и тут же отойдёт; чыңырган үнү басылбайт, чыңырыгы жазылбайт фольк. его визгливый голос не утихает, его визг не прекращается.
ЖАЗЫЛУУ – 1) келишим, ал боюнча бир тарап (жазылуучу) белгилүү бир акчалай сумманы төлөйт же бөлөк мүлктүк эквивалентти (м.: кагаз калдыктарын, экинчилик чийки заттарды ж. б.) берет, ал эми экинчи тарап (адатта – басма, соода уюму же байланыш уюму) жазылуучуга тийиштүү мезгилдүү же көп томдуу басылманы жарыкка чыгышына жараша берип турууга милдеттенет; 2) келишим, ал боюнча бир тарап (жазылуучу) экинчи тараптан (эмитенттен) ал чыгарган баалуу кагаздарды белгилүү бир баада жана белгилүү бир санда сатып алууга милдеттенет; 3) сатып алуу-сатуу, алмашуу келишимдери же башка ушундай келишимдер боюнча баалуу кагаздарды жайгаштыруу, мында баалуу кагаздар үчүн кандайдыр бир эквивалентти берүү каралат (баалуу кагаздарды конвертирлөө жолу менен жайгаштыруунун карама-каршысы).
ЖАЗЫЛУУ САТЫККАТ – облигация же артыкчылтуу акциялар менен кошо чыгарылып, анын ээсине ошол эле эмитенттеги жөнөкөй акциялардын белгилүү бир санын сатып алууга укук берген баалуу кагаз.
Газета-журналдарды же башка басма сөз продукцияларын ага жазылуу жолу менен алып туруучу киши. Газетанын жазылуучулары. Журналдын жазылуучулары. Жазылуучуга газетаны өз убагында жеткирип туруу.
ширина; дамбанын үстүнүн жазылыгы үч, таманы беш метр ширина верха дамбы - три, а основания - пять метров; кайыш курунун жазылыгы кеминде үч эли ширина его ремённого пояса самое меньшее три пальца (см.эли).
recordset (noun)
The ActiveX Database Objects (ADO) object used to contain a result set. It also exhibits cursor behavior depending on the recordset properties set by an application. ADO recordsets are mapped to OLE DB rowsets.
1. промах; ошибка; ошибочно, нечаянно; жазым болуп калбасын, Манастын өлгөн баласын кайта барып көрөлү фольк. как бы не было ошибки, пойдём и ещё раз посмотрим умершего сына Манаса (действительно ли он умер); 2. несчастный случай, несчастье; перен. смерть.
жазымыш I то же, чтожазмыш; эзелдеги башка түшкөн жазымыш изначально предначертанный судьбой. жазымыш II изображающий из себя пишущего, делающий вид, будто пишет; жазымыш болуп отурат он сидит и делает вид, что пишет, он притворяется пишущим.