Толковый словарь кыргызского языка (1969)
сын. 1. Жазылган, кагаз бетине түшүрүлгөн. Жазма адабият.
2. Жазуу. Кыргыздын улуттук жазмасы.
¨ Кол жазмакол менен жазылган, басылып чыга элек текст. Узаков кол жазманы учтуу кызыл карандаш менен белгилеп окуп, жалгыз олтурган экен (Бейшеналиев).

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ЖАЗМА ДАЛИЛ – иш жагдайы тууралуу маалымат камтылган, иш үчүн кандайдыр бир мааниге ээ болгон, анын ичинде анын тууралыгын аныктоого мүмкүндүк берчү факсимилдик же электрондук же дагы башка байланыш каражаттары аркылуу алынган актылар, документтер, келишимдер, маалымдамалар, иш каттары, жеке мүнөздөгү каттар жазма далил болуп саналат.