Толковый словарь кыргызского языка (1969)
I этиш. Башка, алдыга жаздык же башка бир нерсени коюу, төшөө. Жаздыкты бийик жаздап кой. Мага атлас төшөктөн төшөп, алдыма мамык жаздагыла (Жантөшев).
ЖАЗДА II этиш. Негизги этиш менен кошо айтылып, кыймыл-аракеттин аз-аз жерден аякталбай, белгилүү бир жыйынтыкка аз гана жерден жеткирилбей калган абалын билдирет. Андрейдин, аты мүдүрүлүп кете жаздап, аз жерден калды (Байтемиров). Өрттөнүп ичим күйгөндөн, Өлүп кете жаздадым (Тоголок Молдо).

Киргизско-русский словарь Юдахина
жазда- I, жаз-
с предшеств. глаголом в форме деепричастие наст. вр. чуть-чуть, едва не..., чуть было не...; вот-вот;
жүрөгү чыга жаздады у него чуть было сердце не выскочило;
жыгыла жаздадым я чуть было не упал;
акча бүтө жаздап калды деньги вот-вот кончатся, деньги на исходе;
жүрөгүм түшүп кала жазды я до смерти испугался.
жазда- II
подложить кому-л.. подушку; употребить для кого-л. что-л. как подушку;
анын башына жаздык жазда положи ему под голову подушку;
мага атлас тешөктөн төшөп, алдыма мамык жаздагыла постелите мне атласную постель, подложите мне под голову пуховую подушку.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Башка, алдыга жаздык же башка бир нерсени коюу, төшөө. Жаздыкты бийик жаздап кой. Башына ээр токум жаздады. || Мага атлас төшөктөн төшөп, алдыма мамык жаздагыла (Жантөшев). || Астына кандайдыр бир нерселерди атайын таканчык, жаздык катары коюу, төшөө, жөлөө. Дөңгөчтү жаздап коюп суу талдарды керте баштады. Колун чекесине жаздап ойлуу отурду.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Негизги этиш менен кошо айтылып, кыймыл-аракетттин аз жерден аякталбай, белгилүү бир жыйынтыкка аз жерден жеткирилбей калган абалын билдирүүдө колдонулат. Колдон китеп ыргып кете жаздады (Токомбаев). Андрейдин аты мүдүрүлүп кете жаздап, аз жерден калды (Байтемиров).

Киргизско-русский словарь Юдахина
возвр. от . жазда- II
1. положить себе под голову подушку, употребить что-л. вместо подушки;
кар жаздан-
1) спать на снегу;
2) перен. терпеть лишения;
кар жазданып, мал таптым фольк. в трудах и лишениях я приобрёл скот;
2. пасть вместе с противником (умертвив его);
"кол салса, мен аны жаздана жатайын" деди если он посягнёт (на меня), я лягу мёртвой вместе с ним (убив его).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Өчөшкөн, касташкан адамын да кырсыктатып, кегин, өчүн ала жатуу, өзү менен кошо катуу кырсыкка, же өлүмгө учурата кетүү. Бирок, энемди жаздым кыла турган болсо, жалгыз Керим кербезди эмес, манап агасын баштап, башкаларын да жаздана жатам (Үмөталиев).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Өзү өлө турган болгондон кийин бирөөдөн кегин, өчүн ала жатуу, өзү менен кошо кас адамын өлүмгө учурата кетүү. Өлө турган болсом, эч болбогондо бирөөн жаздана жатайын деп өзүнчө кайраттана калды (Убукеев). Бирок, энемди жаздым кыла турган болсо, жалгыз Керим кербезди эмес, манап агасын баштап, башкаларын да жаздана жатам (Үмөталиев). В.: Жаздыгын ала жатуу. Болду, жетишет! Кадый бийди тындым кылып, жаздыгымды ала жатам! Качанкыга чейин мунун алдында бөдөнөдөй бөйпөктөйм? (Үмөталиев).

Киргизско-русский словарь Юдахина
понуд. от жаздан- 1;
ээрин жаздантып подложив ему под голову своё седло;
басмачыны башка аттың, башын жерге жазданттың фольк. басмачей стрелял ты в головы, головы их на землю складывал.