Толковый словарь кыргызского языка (1969)
I этиш. Башка, алдыга жаздык же башка бир нерсени коюу, төшөө. Жаздыкты бийик жаздап кой. Мага атлас төшөктөн төшөп, алдыма мамык жаздагыла (Жантөшев).
ЖАЗДА II этиш. Негизги этиш менен кошо айтылып, кыймыл-аракеттин аз-аз жерден аякталбай, белгилүү бир жыйынтыкка аз гана жерден жеткирилбей калган абалын билдирет. Андрейдин, аты мүдүрүлүп кете жаздап, аз жерден калды (Байтемиров). Өрттөнүп ичим күйгөндөн, Өлүп кете жаздадым (Тоголок Молдо).