Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Кокустан, күтүлбөгөн жерден кырсыкка учуроо, жагымсыз көрүнүшкө дуушар болуу. Ызалуу эл дал азыр үйүлүү жаткан дарыдай, жаза тайып учкун түшсө эле лап этип жанып кетет (Укаев). Акжолтоюм жаза тайып бирдеме болуп калса, бул эрбейген медеримдин айласы эмне болот (Убукеев). Эгер жаза тайып туйдуруп калса да, соңунан кууганга алдырчу эмес («Ала-Тоо»).