ЖАЗ IV
Толковый словарь кыргызского языка. 20151. Ката кетирүү, кемчилик кетирүү, жаңылыштык кетирүү. Бир жеримен жазып калбагай элем деп чебердей жүрдүм (Каимов). Муну капа кылгандай не жазганы бар (Байтемиров). || Терс мүчө уланып: жазба формасында. Өзгөрбөө, дайыма бир калыпта болуу. Эркекыз жылмайган калыбын жазбай кеп салды (Байтемиров). Күтөрүм сенден кымбатым, Кайратыңдан жазбагын (Осмонкул). 2. Жаңылуу, жаздым тийүү, ачык-таамай болбоо, кыйшык кетүү, тайып калуу. Кол жаңылып, тил жазып, Болгон эмес катасы (Элебаев). Жазбай аткан мергени, Жаңыдан кайра чогулуп («Манас).