жаза
Толковый словарь кыргызского языка (1969)I зат. Кылмышы үчүн тарта турган айып, кылган кылмышы үчүн колдонулуучу чара. Басмачыларды атуу жазасына буюртуу керек (Байтемиров). Жаза тарт. Сайраймын сөздүн тазасын Залимдин берген жазасын (Тоголок Молдо).
ЖАЗА II такт. Таамай эмес, жаздым, калпыс. Жаза атып калуу. Жаза басса ат туягы, Жардан таштар куланат (Бөкөнбаев).
¨ Жаза басуу — иште жаңылышуу, адашуу, каталык кетирүү. Жаза-буза — чала-була, тиер-тийбес, жетер-жетпес. [Бүбүш] чым менен жаза-буза уруп калды (Турусбеков). Жаза-буза кармап калдым.