ЖАЗАСЫН КОЛУНА БЕРҮҮ
Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)Кылган кылмышы, айыбы, күнөөсү үчүн катуу жазалоо, запкы көрсөтүп, уруп-сабоо, сазайын берүү. Мен бул иттин жазасын колуна берем (Ка-имов). Жазасын колуна бердим, өчүмдү алдым, - деди Айсулуу башын көтөрүп (Баялинов). - Ой, шордуу, азыр бекин! - жазаңды гана колуңа беришет (Каимов).