Киргизско-русский словарь Юдахина
ар.
1. уст. фальконет;
жазайыл, жааны колго алып фольк. взяв в руки фальконеты и луки;
2. перен. бедствие, несчастье, что-либо чрезвычайно неприятное;
жазайыл салып мойнума, атакең жатпай кетти койнума фольк. причинив мне большое огорчение, твой батюшка ушёл, не поспав со мной;
жазайыл, кордук, чоң мүшкүлошо жактан көрүнгөн фольк. беды, унижения и большие страдания с той стороны появились;
жазайыл, жаңжал билбейли, тилимди алгын, жан достум, эми Күлчорого тийбейли фольк. да не изведаем мы большого скандала, послушайся меня, друг мой любимый, давайте не будем трогать Кюльчоро;
жазайыл түшүп мойнума, кан төгүлүп койнума фольк. беда свалилась на меня, кровь лилась мне за пазуху.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
тар. 1. Эски убактагы майда калибрдүү замбирек, оор мылтык. Жазайыл атып, жаа тартса, Кылк этип бир тал өтпөгөн («Сейтек»). 2. өт. Мүшкүл, кыйын иш, башка түшкөн азап. Жазайыл, жаңжал билбейли, Эми Күлчорого тийбейли («Сейтек»). Жазайыл салып мойнума, Атакең жатпай кетти койнуңа («Семетей»).

Энциклопедия "Манас". ч.1.
ЖАЗАЙЫЛ МЫЛТЫК (арабча ал — жезаир — «арал», Алжирдин борбору аралда жайгашкандыктан ушундай аталат) — эпосто мылтыктын бир түрү катары айтылат: («Жазайыл мылтык күркүрөп»), Алжирден чыккан мылтык 17-кылымдан баштап Алдыңкы Азия аркылуу Орто Азия элдерине тараган. Ошондуктан өзбек эпосторунда «жозаил милтик», казактарда «жезаир мылтык» түрүндө аталат.