Киргизско-русский словарь Юдахина
то же, что жаскала-;
иттерди чыбык менен жазгалап, туш-тушка кубалады махая хворостиной, он разгонял собак;
чыбыгы менен жазгалап, өрдөктүн балапандарын айдап жүрөт помахивая хворостиной, он гонит утят.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Булгалоо, тийгизбестен жазгай сермөө, жаңсоо (көбүнчө чыбык менен бир нерселерге тап берүү же айдоого карата). Иттерди чыбык менен жазгалап, туш-тушка кубалады. Чыбыгы менен жазгалап, өрдөктүн балапандарын айдап жүрөт.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Жалтануу. Ал Орусбек колдорун сермеген сайын ага жакын олтурган бала андан жазганат (Сыдыкбеков). 2. Тартынуу, уялуу, ийменүү, батына албоо, жалтайлоо. Бурул анын тике карашынан жазганды (Каимов). Айна сакалдуулардын үстүнө кирүүдөн жазганды («Ала-Тоо»). Эр жигиттин белгиси эч нерседен жазганбайт (Токтогул).