ЖАЗГАН
Толковый словарь кыргызского языка. 20151. Жалтануу. Ал Орусбек колдорун сермеген сайын ага жакын олтурган бала андан жазганат (Сыдыкбеков). 2. Тартынуу, уялуу, ийменүү, батына албоо, жалтайлоо. Бурул анын тике карашынан жазганды (Каимов). Айна сакалдуулардын үстүнө кирүүдөн жазганды («Ала-Тоо»). Эр жигиттин белгиси эч нерседен жазганбайт (Токтогул).