жаза I ар. наказание, кара; возмездие; жаза тарт получить возмездие, быть наказанным; понести наказание; жазага тарт- наказать; жазага тартыл- быть наказанным; жазанын эң жогорку чарасы высшая мера наказания; өлгөндүн жазасы - көмгөн погов. мёртвому наказание - его похороны; кой жазасы штраф щелчками (при детской игре упай, см.). жаза- II см.жаз- III.
Iзат. Кылмышы үчүн тарта турган айып, кылган кылмышы үчүн колдонулуучу чара. Басмачыларды атуу жазасына буюртуу керек (Байтемиров). Жаза тарт. Сайраймын сөздүн тазасын Залимдин берген жазасын (Тоголок Молдо).
ЖАЗАIIтакт.Таамай эмес, жаздым, калпыс.Жаза атып калуу. Жаза басса ат туягы, Жардан таштар куланат (Бөкөнбаев). ¨Жазабасуу — иште жаңылышуу, адашуу, каталык кетирүү. Жаза-буза — чала-була, тиер-тийбес, жетер-жетпес. [Бүбүш] чым менен жаза-буза уруп калды (Турусбеков). Жаза-буза кармап калдым.
ЖАЗА – мамлекеттин атынан сот өкүмү боюнча кылмыш жасагандыгы үчүн күнөлүү деп таанылган күнөкөрлөрдү укугу менен эркиндигинен ажыратуу же чектөө менен корутундулана турган мажбурлоо чарасы (жаза). Ж. социалдык акыйкаттуулукту калыбына келтирүү, күнөкөрлөрдү түзөтүү, ошондой эле күнөкөрлөр менен башка жактардын дагын да кылмыш жасоосун алдыналуу максатында колдонулат. Ж. бирөөлөргө денебой жактан кыйноо тарттыруу же адамдык ар-намысын тебелөө максатын көздөбөйт. КРде төмөндөгүдөй жаза түрлөрү колдонулат: а) коомдук иштерге тартуу; б) жазапул ; в) үчилтик айып ; г) белгилүү бир кызмат ордун ээлөө же кандайдыр бир ишенимдүүлүктү жүргүзүү укугунан ажыратуу ; д) тартипке салуу аскер бөлүгүндө кармоо ; е) камак ; ж) эркиндигинен ажыратуу ; з) өлүм жазасы. Негизги жазалардан сырткары, төмөндөгүдөй кошумча жазалар да колдонулушу мүмкүн: а) атайын, аскердик же ардак наамынан, класстык ченинен жана мамлекеттик сыйлыктарынан ажыратуу ; б) мүлкүн тартып алуу. Ал эми жазапул салуу менен белгилүү бир кызмат ордун ээлөө же белгилүү бир иштерди жасоо укугунан ажыратуу чаралары негизги жаза катарында да, кошумча жаза катарында да колдонула берет.
Кылмышы үчүн тарта турган айып, күнөөсү, кетирген катасы, жаңылыштыгы үчүн колдонулуучу, берилүүчү чара. Жазага тартуу. Болбосо мен барып турган оор жазаны күткөм («Ала-Тоо») Мен сиздерден устав боюнча тийиштүү жазаны берүүңүздөрдү сурайм (Байтемиров).
Таамай эмес, жаздым, калтыс, чала. Жаш да болсо Мендирман, Найзаны жаза сайбаган («Мендирман»). Шашып калган Чалкалмак Кароолду жаза караптыр («Эр Табылды»).
ЖАЗА АЛМАШТЫРУУ – соттун (өкүмдү аткаруунун жүрүшүндө) өкүмдө көрсөтүлгөн жазаны алмаштыруусу; мыйзамда көрсөтүлгөн жагдайларда гана жол берилет. КР кылмыш-жаза мыйзамдарына ылайык, аз же орто оордуктагы кылмышы үчүн эркинен ажыратылган мөөнөтүн өтөп жаткан кишиге, сот анын жүрүм-турумун эске алуу менен, өтө элек мөөнөтүнүн калганын жазанын бир кыйла жумшак түрү (ар бир жазанын түрү үчүн мыйзамда белгиленген чектерде) менен алмаштырат. Мында адам жазанын кошумча түрүнөн толук же жарым-жартылай бошотулушу мүмкүн. Жаза бир кыйла катуу түрү менен да алмаштырылышы мүмкүн (м.: айып акчасын төлөөдөн баштартканда кара жумушка, түзөтүү иштерине же жазалоонун ушул түрлөрү үчүн каралган, белгиленген айыптын көлөмүнө жараша мыйзамдарда каралган түрлөрүндө камоого).
1. Жаңылуу, жаңылыштык кылуу, ката кетирүү. Урматтуу Алексеевич өзүнүн куйругу үзулбөй келе жаткан кесептери жөнүндө терең ойлонуп, жаза баскандарынын ордун толтурат деген ишенимдебиз («Советтик Кыргызстан»). Бечара жаза басып алып, ошондон бери оңоло албай журөт («Ала-Тоо»). 2. Бир нерсенин кызуу үстүнөн чыкпай, кечигип калуу. Кап, жаза басып калдым.
1. Жаңылуу, жаңылыштык кылуу, ката кетирүү. Урматтуу Алексеевич өзүнүн куйругу үзүлбөй келе жаткан кесептери жөнүндө терең ойлонуп, жаза баскандарынын ордун толтурат деген ишенимдебиз («Советтик Кыргызстан»). Бечара жаза басып алып, ошондон бери оңоло албай жүрөт («Ала-Тоо»). 2. Бир нерсенин кызуу үстүнөн чыкпай, кечигип калуу. Кап, жаза басып калдым.
1. Аскер түрмөсү. 2. Аскер адамдарынын жаза өтөөчү жеринде түзүлгөн батальон. Жаза батальонунда кызмат өтөгөн Сергей Николаевич деген майып адамдын айткандарын муңкана угуп, өзүмө өзүм ушул тагдырды жазамын деп сөз бердим эле (Айтматов).
ЖАЗАЖАЙ (ШИЗО) – кээбир өлкөлөрдө, (М.: РФде), түзөтүү мекемелеринин тартибин бузуучулар үчүн камералары жайгашкан бөлүмү. Ж-да отурган кишинин укуктары олуттуу чектелет. 1988-жылга чейин Ж-да тамак чектелүү берилген (ачкалык менен кыйноо). Андан сырткары, камоодогулардын баардык кийим-кечелери чечилип алынган жана жеңил-желпи күрмөлөр берилген, алар сыртка чыгарылган эмес, төшөк менен шейшептер берилбеген, кат-кабар, оромкаттарды, тартуу тамактарды алалышкан эмес. 1992-жылы бул чектөөлөрдүн көпчүлүгү алынып салынган. Ошентсе да, азыр деле Ж-га камоо – эң бир оор жазалоолордун бири.
ар. 1. уст. фальконет; жазайыл, жааны колго алып фольк. взяв в руки фальконеты и луки; 2. перен. бедствие, несчастье, что-либо чрезвычайно неприятное; жазайыл салып мойнума, атакең жатпай кетти койнума фольк. причинив мне большое огорчение, твой батюшка ушёл, не поспав со мной; жазайыл, кордук, чоң мүшкүлошо жактан көрүнгөн фольк. беды, унижения и большие страдания с той стороны появились; жазайыл, жаңжал билбейли, тилимди алгын, жан достум, эми Күлчорого тийбейли фольк. да не изведаем мы большого скандала, послушайся меня, друг мой любимый, давайте не будем трогать Кюльчоро; жазайыл түшүп мойнума, кан төгүлүп койнума фольк. беда свалилась на меня, кровь лилась мне за пазуху.
тар. 1. Эски убактагы майда калибрдүү замбирек, оор мылтык. Жазайыл атып, жаа тартса, Кылк этип бир тал өтпөгөн («Сейтек»). 2. өт. Мүшкүл, кыйын иш, башка түшкөн азап. Жазайыл, жаңжал билбейли, Эми Күлчорого тийбейли («Сейтек»). Жазайыл салып мойнума, Атакең жатпай кетти койнуңа («Семетей»).
ЖАЗАЙЫЛ МЫЛТЫК (арабча ал — жезаир — «арал», Алжирдин борбору аралда жайгашкандыктан ушундай аталат) — эпосто мылтыктын бир түрү катары айтылат: («Жазайыл мылтык күркүрөп»), Алжирден чыккан мылтык 17-кылымдан баштап Алдыңкы Азия аркылуу Орто Азия элдерине тараган. Ошондуктан өзбек эпосторунда «жозаил милтик», казактарда «жезаир мылтык» түрүндө аталат.
ар. -ир. виновный, подлежащий наказанию; преступник; "жала кылган сөз менен жазакер кылсам бекер" деп фольк. если я по ложному доносу обвиню его, то это будет неправильно.
сын.Күнөөкөр, күнөөлүү, кылмышкер. Апам болсо, кылмышын актай албаган, жазакер немедей, алды артыма чыгып үйрүлө калып, жагынуунун аракетинде («Ала-Тоо»).
Күнөөкөр, кылмышкер, кылмыштуу, күнөөлүү. Жалаа кылган сөз менен, Жазакер кылсам бекер деп («Саринжи-Бөкөй»). Апам болсо, жазакер немедей алды-артыма чыгып жагынуунун аракетинде («Ала-Тоо»).
Жазага тартуу, жаза колдонуу, чара көрүү, жазасын берүү. – Идеятхан апам бүгүн бизди жазалады го! (Жантөшев). Айдарбек датка тымызын жазалап отурган (Жантөшев). ЖАЗАЛАН жазала этишинин өздүк мамилеси. Күнөөсү үчүн жазаланды.
ЖАЗАЛАРДЫ БИРИКТИРҮҮ – кылмыштардын жыйындысы учурунда сот арбир кылмыш үчүн өзүнчө жаза дайындап келип, аягында мыйзамда белгиленген чектерде толук же жарым-жартылай кошуу жолу менен жазаны биротоло аныктайт. Дайындалган негизги жазага жасалган кылмыш үчүн күнөөлүү деп табылган адамга сот кошумча жазаларды кошо алат. Эгер жыйындыга кирген кылмыштар үчүн артүрдүү жазалар дайындалса жана КР мыйзамдарында аларды алмаштыруу (кошуу) мүмкүндүгү каралбаса, бул жазалар өзүнчө аткарылат. Өкүм чыгаргандан кийин соттолгон адамдын ушул өкүм чыкканга чейин жасалган башка бир кылмышка күнөөкөр экендиги айкындалган учурда жаза ушул эле эреже боюнча дайындалат. Мындай учурда жазанын мөөнөтүнө мурдагы өкүм боюнча өтөлгөн жаза кошулуп эсептелет.
понуд. отжазалат- явиться причиной наказания; мылтыгынын бирдемесин уурдап алып, катуу жазалаттырсамбы? не украсть ли мне какую-нибудь часть его ружья и тем не подвести ли его под наказание?
1. Жаза тарткан, жаза алган, күнөөлүү, айыптуу, кылмыштуу. Жазалуу адамды районго жеткириш милдети тапшырылды (Сыдыкбеков). 2. Жаза берилүүчү, күнөө кылуучулукка жатуучу. Абайла досум, бул деген жазалуу иш («Агым»).
жасат менен бирдей. Араб тилинен өздөштүрүлгөн. «Арбагыңдан айланайын Кул Кожо Акмат жасообайдын жазанаты жайланышкан Азирет Султан шаарына бек болгонуңа Кудайга ыраазы бололу, – деди сакалын сылай, жүзүн ыраазычылык чайыган бий ойлуу отурган уулуна көз жибере» (Токтоналиев).
ЖАЗАНЫ ЖЕКЕЛЕШТИРҮҮ – кылмыш-жаза укугунда мыйзамда аныкталган санкциянын чегинде, жасалган кылмыш ишинин мүнөзүн жана коом үчүн коркунучтуулук деңгээлин, айыптуунун инсандыгын, мыйзамда каралган жоопкерчиликти жеңилдетүүчү жана оорлотуучу жагдайларды эсепке алуу менен жаза чектөө.
ЖАЗАНЫ ЖЕҢИЛДЕТҮҮ – мыйзамда ошол кылмыш үчүн каралган эң төмөнкү чектен да төмөндөтүлгөн жеңил жаза. Жосунду жазалоону алып салган же Ж. ж-чү мыйзам кайтарылма күчкө ээ, б. а. ушул мыйзам чыгарганга чейин тийиштүү жосунду жасаган адамдарга да таркалат, аларга жазасын өтөп жаткандар, же болбосо жазасын өтөгөн, бирок соттуулугу бар адамдар да кирет.
ЖАЗАНЫ ЖУМШАРТА (ЖЕҢИЛДЕТЕ) ТУРГАН ЖАГДАЙЛАР – КР кылмыш-жаза мыйзамдарындагы күнөөкөрдүн жасаган кылмышы менен жеке кертбашын мүнөздөөчү жана сотту кыйла жумшак жаза белгилөөгө милдеттендире турган жагдайлар. Ага төмөнкүлөр кирет: а) кылмышын мойнуна алып келүү, чын жүрөктөн кечирим суроо, кылмыштын ачылышына белсемдүү катышуу; б) өз эрки менен зыян ордун толтуруу же келтирилген зыянды жоюу; коркутуп-үркүтүү же мажбурлоо таасиринен улам, материалдык, кызматтык же дагы башка көзкарандылык таасиринен улам, ошондой эле мыйзамсыз буйрукту же көрсөтмөнү аткаруудан улам жасалган кылмыш; г) жабырлануучунун зордугунан, келекелөөсүнөн же дагы башка мыйзамсыз аракеттеринен улам жаралган катуу ачуулануунун таасири астында жасалган кылмыш; д) коргонуунун, өтө зарылчылыктын, кылмышкерди кармоонун мыйзамдуу шартын бузуу менен жасалган кылмыш; е) эрезеге жетелек балдар тарабынан жасалган кылмыш; ж) кошбойлуу аялдар тарабынан жасалган кылмыш. Жаза чарасын белгилөөдө сот КР кылмыш-жаза мыйзамдарында көрсөтүлбөгөн жагдайларды да жумшартуучу негиз катары таанышы мүмкүн.
ЖАЗАНЫ КАТУУЛАТА (ООРЛОТО) ТУРГАН ЖАГДАЙЛАР – КР кылмыш-жаза мыйзамдарындагы кылмыш жосуну да, кылмышкердин жеке кертбашы да коомчулукка коркунучтуу экендигин күбөлөндүрө турган жагдай. Ага төмөнкүлөр кирет: а) кылмышты бирнече ирет жасоо, кылмыш жасоону кесипке айлантуу өнөкөтү; б) топ ичинде, алдынала макулдашып алган топ менен, уюшулган топ же кылмыш шериктештиги (кылмышкерлер уюму) менен кошо кылмыш жасоо; в) кыянаттыктан же ыпластыктан улам кылмыш жасоо; г) өзүнүн кызмат же коомдук милдетин аткарып жаткан жактарга же алардын жакындарына каршы жасалган кылмыш; д) кылмыш жосуну аркылуу оор кесепеттерге алып келүү; е) эрезеге жетелек балдарга, кары-картаңдарга же жарымжан абалдагы адамдарга карата жасалган кылмыш; ж) күнөөкөргө кошбойлуу экендиги алдынала белгилүү болгон аялдарга карата жасалган кылмыш; з) күнөөкөргө материалдык, кызматтык же дагы башка жагынан көзкаранды болгон жактарга карата жасалган кылмыш; и) эрезеге жетелек балдарды же күнөөкөргө психикалык оорусу же кемакылдыгы мурдатан белгилүү болгон жактарды пайдалануу аркылуу жасалган кылмыш; к) өтө ашынган мыкаачылык же келекелөө менен жасалган кылмыш; л) жалпы кырсык, жалпы башаламандык, өзгөчө кырдаал шартынан пайдаланып жасалган кылмыш; м) жалпы коркунуч келтирген ыкма менен жасалган кылмыш; н) курал-жарак, ок-дары, жарылгыч заттарды, жардыруучу жана анын тууранды жабдууларын, атайын даярдалган техникалык жабдууларды, уулуу жана радиоактивдүү заттарды, дары-дармек ж. б. химиялык-фармакологиялык дарыларды, ошондой эле күч жана психологиялык мажбурлоолорду колдонуу аркылуу жасалган кылмыш; о) башка кылмыштарды жашыруу же анын жасалуусун жеңилдетүү максатында жасалган кылмыш; п) адамдын денсоолугу менен өмүрүнө коркунуч келтирүү менен, бирөөлөрдүн эмгек күчүн бекер пайдалануу максатында жасалган кылмыш.
ЖАЗАНЫ ӨТӨӨДӨН БОШОТУУ – жазаны андан ары өтөөдөн куткаруу тартибинин жана шарттарынын негиздери алдынала каралган кылмыш-жаза, жазык-процесстик жана жазык-аткаруу укуктарынын институту. Андай негиздер өз кучагына төмөндөгүлөрдү камтыйт: соттун өкүмү боюнча белгиленген жаза мөөнөтүн өтөө; соттолгондун оңолгондугун же оңолуунун белгилүү бир деңгээлине жеткенин күбөлөөчү жагдайлар; соттолгондун жазаны андан ары өтөөсүнө тоскоолдук кылуучу өнөкөт акыл-эс оорусуна же башка катуу ооруга чалдыгуусу; иштин токтотулгандыгына байланыштуу жаза мөөнөтүнүн жоюлуусуна, же болбосо аны шарттуу жаза мөөнөтүн өтөө менен алмаштырууга же жазаны өтөгөн мөөнөттүн чегине чейин кыскартылышына ж. б. алып келген соттун өкүмүн белгиленген тартипте кайра карап чыгуу.
ЖАЗА ӨТӨӨДӨН МӨӨНӨТҮНӨН МУРДА ШАРТТУУ БОШОТУУ – КР кылмыш-жаза жана кылмыш-жаза-аткаруу укуктарындагы адамды анын жазаны өтөө мөөнөтү бүткөнгө чейин бошотууну караган институт. Эгер сот өзүнүн оңолуусу үчүн сот тарабынан дайындалган жазаны толук өтөөсүнүн зарыл эместигин тааныса, түзөтүү жумуштарында, аскердик кызматтан чектөөдө, тартипке салуу аскер бөлүгүндө жазасын өтөп жаткан же эркиндигинен ажыратылган адам мөөнөтүнөн мурда шарттуу бошотулушу мүмкүн. Мында адам жазанын кошумча түрүнөн дагы толук же жарым-жартылай бошотулушу мүмкүн.
ЖАЗАПУЛ – 1) айыптан түшкөн акча; мыйзамда же келишимде бекитилген учурларда жана тартипте материалдык таасир этүү чарасы. Жарандык укук боюнча – бышманынын бир түрү. Бузулган милдеттенменин суммасынын пайызы, болбосо туруктуу суммада аныкталат. Ж. бекитүү келишимдин аткарылышын камсыз кылат (тийиштүү тараптан аны аткарбай койгондо же ойдогудай орундабаганда өндүрүлөт) жана аны бузгандыгы үчүн жоопкерчиликтин чени болуп саналат. Айыптуу төлөбөй коюу шарттарында контрагенттерге төлөнүп берилет; мыйзамда же келишимде алдынала каралган шарттарда айып деңгээлине карабастан, эрежеден сырт өндүрүлүп алынат; 2) административдик укук бузуучуга (кызмат адамына) ыйгарым укуктуу орган, сот (судья) тарабынан мамлекеттик пайдасына салынган акчалай өндүрүү. Айыптын көлөмү административдик тартип бузуу болгон учурда белгиленген эң аз айлык маянанын көлөмүнө, ошондой эле түздөнтүз тартип бузуунун объектиси болуп саналган аткарылган иштин, товар менен унаа каражаттарынын наркына карата пайыздык катышына жараша аныкталат.
к. ЖАЗАСЫН КОЛУНА БЕРҮҮ
Байлардын жазасын берүүгө элди үйрөтүп жүргөндөр да ошолор (Баялинов). - Ант ургур. Териңди тескери сыйыртып, жазаңды берейинби (Бейшеналиев).
Кылган кылмышы, айыбы, күнөөсү үчүн катуу жазалоо, запкы көрсөтүп, уруп-сабоо, сазайын берүү. – Шашпа Чоро эмес дөө болсоң да жазаңды колуңа беремин (Касымбеков). Мен бул иттин жазасын колуна берем (Каимов). Жазасын колуна бердим, өчүмдү алдым, – деди Айсулуу башын көтөрүп (Баялинов). – Ой, шордуу, азыр бекин! – жазаңды гана колуңа беришет (Каимов). В.: Жазасын берүү. Байлардын жазасын берүүгө элди үйрөтүп жүргөндөр да ошолор (Баялинов). – Ант ургур. Териңди тескери сыйыртып, жазаңды берейинби (Бейшеналиев). Жазасын тарттыруу. – Кызыталак Тоголок Молдонун бүт койдуулаты үчүн жазасын тарттырсакпы (Бейшеналиев).
Кылган кылмышы, айыбы, күнөөсү үчүн катуу жазалоо, запкы көрсөтүп, уруп-сабоо, сазайын берүү. Мен бул иттин жазасын колуна берем (Ка-имов). Жазасын колуна бердим, өчүмдү алдым, - деди Айсулуу башын көтөрүп (Баялинов). - Ой, шордуу, азыр бекин! - жазаңды гана колуңа беришет (Каимов).
туурасы: жасат. Кайсы жерде каным төгүлсө, жазатым ошол жерде калсын эми. Кудай этимди жырткычка буюрган болсо, мен кайда качып кутулайын?! (Касымбеков).
Кандайдыр бир кокустан, күтүлбөгөн жерден кырсыкка учуроо, өлүмгө дуушар болуу. Ызалуу эл дал азыр үйүлүү жаткан дарыдай, жаза тайып учкун түшсө эле лап этип жанып кетет (Укаев). Акжолтоюм жаза тайып бирдеме болуп калса, бул эрбейген медеримдин айласы эмне болот (Убукеев). Эгер жаза тайып туйдуруп калса да, соңунан кууганга алдырчу эмес («Ала-Тоо»).
Кокустан, күтүлбөгөн жерден кырсыкка учуроо, жагымсыз көрүнүшкө дуушар болуу. Ызалуу эл дал азыр үйүлүү жаткан дарыдай, жаза тайып учкун түшсө эле лап этип жанып кетет (Укаев). Акжолтоюм жаза тайып бирдеме болуп калса, бул эрбейген медеримдин айласы эмне болот (Убукеев). Эгер жаза тайып туйдуруп калса да, соңунан кууганга алдырчу эмес («Ала-Тоо»).
ЖАЗА ЧАРАСЫ – кылмыш-жаза укугунда жасалган кылмышты аныктоо боюнча кылмыш-жаза мыйзамынын конкреттүү ченеминин санкциясынын негизинде соттун өкүмү менен белгиленген жазанын түрү жана өлчөмү (м.: жалпы режимдеги түзөтүү абагында мөөнөтүн өтөө менен 2 жылга эркиндигенен ажыратуу).
ЖАЗА ЧАРАСЫН КОЛДОНБОО – кылмыш жана жазык-процесстик укуктагы мыйзамда каралган негиздер бар экендигине карабастан, кылмыш кылган жакты жазадан бошотуп жиберүү.