ЖАЗУУ I
Толковый словарь кыргызского языка. 20151. Графика түрүндө кагаз же башка бир нерселердин бетине түшүрүлүүчү атайын белгилердин, тамгалардын жыйындысы, системасы. «Касым» деп жазуу турат сап жагында (Токомбаев). Марфа кайсы бир учурларда бетинде басма жазуусу бар баракчаларды Ашырга берип туруучу (Сасыкбаев). 2. дин. өт. Буйрук, жазмыш, тагдыр. Бешенеде жазууну, Качан да болсо көрөбүз («Манас»). Тагдыр жазган жазууңа Көндүң бекен, Токтогул? (Барпы).