жаз
Толковый словарь кыргызского языка (1969)I зат. Кыш менен жайдын ортосундагы жыл мезгили. Жаз — жарыш, күз — күрөш (макал). Жазга маал.
ЖАЗ II этиш. Кагаздын же башка материалдын бетине графикалык белги, тамга түшүрүү. Матрена Петровна балбылдаган шамдын жарыгында олтуруп уулуна кат жазды (Сасыкбаев).
ЖАЗ III этиш. 1. Бир нерсени жаюу, ачуу, түрмөгүн жандыруу. Куйрук-канат кетилип, Кулачын керип жазган күн (Үсөнбаев). [Кагаздын].. бүктөөсүн жазып, көз жүгүрттү («Ала-тоо»). Канатын жазып күүлөнүп Камчыланып сызды эми («Олжобай менен Кишимжан»).
2. Таратуу. Күн нуру, ачык аба черди жазган, Жер бети кызыл-тазыл жашылданган (Аалы). Атаң барып жоо жеңип, Элдин жазат капасын (Нуркамал).
ЖАЗ IV этиш, Жаңылуу, ката кетирүү, кемчилик кетирүү, жаңылыштык кетирүү. Бир жеримен жазып калбагай элем деп чеберлей жүрдүм (Каимов). Мен сага эмнемен жаздым?