1. пишущий;
2. писатель;
жазуучулар союзу союз писателей.
зат. Адабий чыгарма жазган адам. Өзүм — акын, жазуучу, Илимдин кенин казуучу (Тоголок Молдо).
Көркөм-адабий чыгармаларды жазган адам. «Жамийла» жазуучунун чыгармачылык өмүрүндөгү өзүнчө бир даңазалуу окуя гана эмес, ал ошону менен бирге кыргыз адабиятынын жаңы бир доорун ачты. (Асаналиев). Кечээ – койчу, бүгүн – акын, жазуучу (Токомбаев).
зат. Адабий чыгарма жазып, ошол иш менен кесип кылуучулук. Жазуучулук кесип. Жазуучулук шык.
Адабий чыгарма жазып, ошол иш менен кесип кылуучулук, жазуучунун кесиби. Өзүм жазуучулук жөнүнө түшүп, ашта-тойдо ырдаганым жок (Тоголок Молдо). Бул чыгармалар өздөрүнүн кайталангыс көркөмдүк ачылгалары менен Ч. Айтматовдун жазуучулук көркөм өнүгүшүндөгү өзүнчө бир этап, үч доор. (Асаналиев).