ЖАЗ
Краткий этимологический словарь кыргызского языкаБайыркы түрк эстеликтеринде бити сөзү колдонулуп келген. Махмуд Кашгариде йаз сөзү мурдагы бити сөзүнүн ордуна колдонула баштайт. Бул йаз сөзү йиз «камыш» сөзүнөн келип чыгышы мүмкүн. Байыркы бити сөзү азыркы быч (т-->ч) сөзүнө туура келет да, алгачкы жазуу тамганын элесин кесип, бычып алууга байланыштуу экени туюнтат. Ал эми йаз сөзү йиз «камыш» дегенден келип чыгышы учталган камыш менен жазуу процессин чагылдырат. Болжолу, терден, арабдардан тараган окшойт.