и. д. отжаз- I 1. писание; жазуу сабагы урок письма; жазуу экзамендери письменные экзамены; жазуу түрүндө в письменном виде; 2. почерк; 3. (иногда жазуу-сызуу) письменность, письмена; 4. судьба, предопределение; жазууда кудай буюрса, жатса да, киши албайбы? фольк. если бог судил, то разве, даже лёжа, человек не получит (желаемого) ? ар кимге болот бир иш жазуудагы фольк. с каждым случается то, что ему предопределено.
Iзат. Графикалык тамга менен бир нерсенин бетине түшүрүлгөн, жазылган сөз, ой. Жазуу дептери. Жазуусу бар кагаз. Китептин жазуусу. 2.өт.Жазмыш, буйрук. Тагдырдын жазуусун көрөрбүз.
ЖАЗУУII жаз этиштеринин кыймыл атоочу.
write (verb)
To transfer information either to a storage device, such as a disk, or to an output device, such as the monitor or a printer. Writing is the means by which a computer provides the results of processing. A computer can also be said to write to the screen when it displays information on the monitor.
1. Графика түрүндө кагаз же башка бир нерселердин бетине түшүрүлүүчү атайын белгилердин, тамгалардын жыйындысы, системасы. «Касым» деп жазуу турат сап жагында (Токомбаев). Марфа кайсы бир учурларда бетинде басма жазуусу бар баракчаларды Ашырга берип туруучу (Сасыкбаев). 2. дин. өт. Буйрук, жазмыш, тагдыр. Бешенеде жазууну, Качан да болсо көрөбүз («Манас»). Тагдыр жазган жазууңа Көндүң бекен, Токтогул? (Барпы).
write access (noun)
A privilege on a computer system that allows a user to save, change, or delete stored data. Write access is usually set by the system administrator for a networked or server system and by the owner of the computer for a stand-alone machine.
ЖАЗУУ ЖҮЗҮНДӨГҮ БҮТҮМ – жазуу жүзүндө жасалуучу (жөнөкөй же нотариалдык) бүтүмдөр. КР жарандык мыйзамдары боюнча бүтүмдүн мааниси камтылуу менен, бүтүм жасаган жактын же жактардын же алар белгилүү деңгээлде ыйгарым укук берген жактардын өздөрү кол коюу аркылуу түзүлгөн документтер жөнөкөй жазуу жүзүндөгү бүтүм катары эсептелет. Эки тараптуу (көп тараптуу) бүтүмдөр баардык чыккан тараптардын колу коюлган документтерди алмашуу жолу менен түзүлөт. Мыйзам чыгаруу аркылуу жана тараптардын макулдашуусу менен, бүтүм таризине шайкеш келе тургандай (белгилүү бир тариздеги бланкага жазылып, мөөр менен бекитилген) кошумча талаптар белгилениши мүмкүн, жана да ал талаптарды аткарбай коюу кандай кесепеттерге алып келе тургандыгы каралат. Эгер мындай кесепеттер каралбаса, жөнөкөй жазуу жүзүндөгү бүтүмдөрдүн талаптарды аткарбоо кесепети колдонулат. Бүтүм жасоодо механикалык каражаттардын жардамы менен кол коюуну түгөйлөштүрүүгө же дагы башка көчүрмө, электрондук-сандык кол коюуга же жекече кол коюунун дагы башка түрлөрүнө мыйзамдарда каралган учурларда жана тараптардын макулдугу менен гана жол берилет. Эгер жаран мүчө кемчилдигине, оорусуна же сабатсыздыгына байланыштуу жеке өзү кол койо албаса, анын өтүнүчү менен башка бирөө кол коюшу мүмкүн. Ошол адамдын койгон колу нотариалдык иш-аракет жасоого укугу бар нотариус тарабынан бүтүм жасоого катышып жаткан жактын эмне үчүн жеке өзү кол койо албагандыгынын себебин көрсөтүү менен, күбөлөндүрүлүүгө тийиш.
ЖАЗУУ ЖҮЗҮНДӨГҮ КАТ-КАБАР – жөнөкөй жана каттоо аркылуу жөнөтүлүүчү кат, почта карточкасы, оромкат, майда баштыкча, секограмм (сокурлар үчүн атайын басылмалар) түрүндөгү почта жөнөтүмдөрү.
Көркөм-адабий чыгармаларды жазган адам. «Жамийла» жазуучунун чыгармачылык өмүрүндөгү өзүнчө бир даңазалуу окуя гана эмес, ал ошону менен бирге кыргыз адабиятынын жаңы бир доорун ачты. (Асаналиев). Кечээ – койчу, бүгүн – акын, жазуучу (Токомбаев).
Адабий чыгарма жазып, ошол иш менен кесип кылуучулук, жазуучунун кесиби. Өзүм жазуучулук жөнүнө түшүп, ашта-тойдо ырдаганым жок (Тоголок Молдо). Бул чыгармалар өздөрүнүн кайталангыс көркөмдүк ачылгалары менен Ч. Айтматовдун жазуучулук көркөм өнүгүшүндөгү өзүнчө бир этап, үч доор. (Асаналиев).