ЖАЗДЫК
Краткий этимологический словарь кыргызского языкаКыргызча жаздык сөзү жазда этишине зат атооч жасоочу -к мүчөсү жалгануудан келип чыгат: жазда+к>жаздык. Өзүнчө турганда жазда болуп а тыбышы менен айтылса, -к мүчөсү жалганганда ы тыбышына өтүп кетет.
Байыркы түрк тилинде йат этишинин йад, йай, йаз варианттары болгон. Ал азыркы кыргызча жаз, жай деген этиштерге туура келип, төшөк жаз, шырдак жай деген учурдагы мааниде болгон. Ошол этиштин йас деген вариантына -ла мүчөсү улануудан келип чыккан йаста сөзү «төшө», «жазда» маанилеринде болгон (ДТС, 245). Алгач жаздалган нерсе башты коюу үчүн гана эмес, алдына төшөлүү үчүн да, сүйөнүп олтуруу үчүн да кызмат кылган. Кийин гана бул сөздүн мааниси куушурулуп, башка жаздалган нерселерге карата айтылып калган.