жаз
Т. Абдиев. "Сөз башат". Этимологические этюдыК.Сейдакматов бул сөздүн келип чыгышын төмөнкүдөй божомолдогон: «…йаз сөзү йиз «камыш» дегенден келип чыгышы учталган камыш менен жазуу процессин чагылдырат. Болжолу, перстерден, арабдардан тараган окшойт» (Сейдакматов 1988:79). Бул божомол чындыкка анча коошо бербейт, анткени йиз «камыш» деген өздөштүрүлгөн атооч сөздүн этишке айланышы үчүн мүчө жалганышы керек эле. Көрүнүп тургандай, андай мүчө бул жерде жок.
«Этимологический словарь тюркских языков» аттуу эмгекте болсо бул сөздүн келип чыгышы боюнча так кесер пикир жок жана көпчүлүк учурда монгол тилиндеги жиру «чертить, рисовать» деген сөз менен салыштырылып жүргөндүгү белгиленген. Анын монгол тилине түрк тилдеринен өткөнүн айткан окумуштуулар да бар экени айтылган (ЭСТЯ 1989:70).
Биздин оюбузча, жаз I сөзү азыркы учурда ушул сөздүн омоними катары каралып жүргөн дагы бир жаз II деген этиштен келип чыгышы да мүмкүн. Негизинен «распутать; развязывать; разворачивать» деген маанилерди туюндурган бул этиш түрк тилдеринин дээрлик бардыгынан кездешет жана жети түрдүү мааниде колдонулат (ЭСТЯ 1989:70). Карап көрсөк, булардын өзөгүндө «жаюу, кеӊейтүү» деген маани жаткандыгын байкоого болот. Мунун өзү кол менен жазуу техникасын жакшы чагылдырат, башкача айтканда, жазган сайын текст жайылып, кеӊейе берет. Ушундан улам бул сөз жогорудагы жаз деген көп маанилүү сөздүн бир мааниси катары колдонулуп жүрүп, кийин маанилик байланыш начарлаган соӊ өзүнчө сөз катары кабылданып калса керек деп болжолдоого болот. Тил илиминен белгилүү болгондой, бул омоним сөздөрдүн пайда болушунун негизги жолдорунун бири болуп эсептелет. Биз сөз кылып жаткан жаз I сөзүнүн түрк тилдеринде 1. писать; 2. рисовать деген эки гана мааниси бардыгы да ушул ойго жем таштайт.