Киргизско-русский словарь Юдахина
буу I
1. пар;
2. раствор металла (для покрытия чего-либо);
бул алтын эмес, алтындын буусу это не золото, а позолота;
алтындын буусуна кармаган позолоченный;
айтканың алтын буусундай фольк. слова твои (сверкают), как позолота;
төбөсүнөн (или башынан) көк буу чыгып (или булап) турат! ему сам чёрт не брат!
буу- II
сдавливать; связывать, крепко завязывать;
каптын оозун буу- завязывать мешок;
белиңди бекем бубарсың, беттешкен жоону кубарсың стих. ты крепко препояшешь чресла, ты будешь гнать выступившего врага;
кылар ишти кылып коюп, кыл жип менен бууп коюп погов. сделал всё шито-крыто; обделал дело и помалкивает;
бел буу- см. бел;
жол буу- преграждать путь.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
I зат. 1. Ысуу, кайноо, кургоо аркылуу суудан же башка суюктуктан, нымдуу заттардан чыккан боз түстөгү газ сыяктуу зат. Ойготуп эмгек ээсин уйкудагы, Чоң труба буу чыгарды, гудок какты (Бөкөнбаев). Көбүнчө пилла түрүүчү цехтерге ысык суу жана буу дайыма керек (Сасыкбаев).
2. өт. Нерсени көркөмдөп, кооздоп боёо үчүн колдонулуучу баалуу металлдын эритиндиси. Алтындын буусу менен кырбууланган жакшынакай карала кесе (Сыдыкбеков).

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
II этиш. 1. Байлоо таңуу; чыгарбоо, төгүлбөө үчүн бир нерсенин оозун бек байлап коюу. [Фатима] көгүш косынкасын бекем буунуп, эки жеңин түрүнгөн калыбында (Сасыкбаев). Бир капты чынчып бууп өгүздүн жонуна өзү эле көтөрүп коё салган балбандын бири да («Ала-Тоо»).
2. өт. Тосуу, өткөрбөй бекитип коюу. Жолду бууп коюу. Нарынды бууп салууга дабаа жетет (Сасыкбаев).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Суудан же составында суу бар башка суюктуктан, нымдуу заттардан кайнап ысууда же суукта муздаганда пайда болуучу боз түстөгү газ сымалдуу зат. Казандын буусу. Атынын мурдунан чыккан буу кол ыштыктын түтүнүндөй буркурайт (Убукеев). А десе ооздон буу буркураган ызгаардуу суук (Жантөшев). 2. өт. Катуу нерсенин үстүн сырдоо үчүн колдонулуучу металлдын эритмеси. Ооздуктун суулугу жездин буусуна кармалган (Сыдыкбеков).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Кап, баштык сыяктуу идиштердин оозун бүйрө байлоо, куушура байлоо. Чымчып бууган, чаначты кармап, абышка эл ортосунда (Сыдыкбеков). || Капшыра байлоо, орой таңуу. Ак тасма менен оролтуп, Кулакты бекем бууңуз («Эр Төштүк»). Жибек жоолук үлпүнчөк Башын бекем бууду эми («Саринжи-Бөкөй»). 2. Тосуу, өткөрбөй бекитип коюу. Эми алдыбыздан бууган жок, Артыбыздан кууган жок («Мендирман»). Нарынды бууп коюуга кимдин дабаасы жетмек (Сасыкбаев).

Киргизско-русский словарь Юдахина
1. завязка;
каптын буугучу верёвочка для завязывания мешка;
2. южн. пояс;
көз буугуч тот, кто глаза отводит; тот, кто отвлекает чьё-л. внимание от чего-л.;
көз буугучтай алдаган шумдугу бар (из сказки) у него есть хитрость - смотреть сквозь пальцы.

Киргизско-русский словарь Юдахина
буудай I
пшеница;
буудайдын барар жери - тегирмен погов. место, куда отправится пшеница, - мельница (напр. девушке суждено выйти замуж);
кара буудай рожь;
уу буудай плевел;
буудай баш то же, что буудайык I;
ак буудай унун (или данын) чайна- (в эпосе) жевать муку или зерно белой пшеницы (одна из форм скрепления клятвы);
аттан түшүп, балбандар ак буудай данын чайнады, айтпайбыз деп кеп кылып фольк. слезли с коней богатыри и пожевали зёрна белой пшеницы (поклялись), что (никому), мол, мы не скажем;
ак буудай унун чайнаштык, жаттык жакын иргелеш, жаныбыз болду биргелеш фольк. мы вместе жевали муку белой пшеницы (поклялись друг другу), жили мы в тесном соседстве. наши души стали единой душой;
ооздон ушак сөз чыкса, уруп кетсин ак буудай фольк. если от нас изойдёт слово клеветы, пусть покарает нас белая пшеница;
тили буудай куурат он строчит как пулемёт, говорит быстро и складно (букв. его язык пшеницу жарит);
тиши буудай
1) желтозубый;
2) перен. (о человеке) старый;
тиши буудай, чачы куудай желтозубый и седовласый;
буудай жүздүү или буудай өндүү белолицый;
майлаган буудай жүздүү с лицом коричневого цвета (цвета жареной и смазанной маслом пшеницы).
буудай II
ветошь (портновская).

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
зат. Данынан ун жасалуучу өсүмдүк же ошол өсүмдүктүн даны. Буудайлар богок чыгарып, Беде, чөп чапчу ай болду (Осмонкул).
Тили буудай кууруу — такылдап сүйлөө, чеченсип сүйлөө. Сүйлөсө жыйналышта буудай кууруп, Эмгекке сугарылган тили балдай! (Турусбеков). Буудай жүздүү — жүзү кара торуга жакыныраак кызылдуу (кишинин өңү жөнүндө). Буудай жүздүү чарчы бойлуу жигит («Ала-Тоо»).

Краткий этимологический словарь кыргызского языка
Көпчүлүк түрк тилдеринде бугдай түрүндө айтылган сөз кыргыз тилинде буудай, өзбек тилинин диалектилеринде бугдаг түрүндө айтылат. Булардын ичинен өзбек тилинин диалектисиндеги бугдаг түрү эң алгачкы калыбына жакыны дешке болот, Анткени бул сөз буг же бугу «буу, байла» этишинен жана -дак мүчөсүнөн турат. Буг//бугу этиши азыркы буу этишинин маанисинде болгон, ага зат атооч жасоочу -дак мүчөсү жалганган. Азыркы куурдак, шырдак сөздөрү куур, шыры деген этиштерге -дак мучөсү уланып жасалган сыяктуу эле бугдак//бугудак сөзү данынын сыртын каптап турган көйнөкчөсү бардыгы үчүн ушундай аталган. Буудай арпа сыяктанып даны башында ачык турбастан, сыртынан кабыкча менен жабылып турат. Мына ушул өзгөчөлүгүнө жараша ал бугдак «буулма дандуу эгин» деген атка конгон. Кийин бугдак кыргыз тилинин фонетикалык закон ченемдүүлүгүнө ылайык бугдай-->буудай болуп өзгөрүп кеткен.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Данынан ун тартылып, нан жасалуучу дан өсүмдүгү. Камыш сыяктуу бийик чыккан буудай өсүмдүгү жаңыдан дүмбүл тартып, саргая баштаган (Сыдыкбеков). Жери асыл, ар жыл сайын түшүмдүү жыл, Түз-ою, текши буудай баары бир кыл (Осмонкул). || Ушул өсүмдүктүн даны. Буудайдын барар жери – тегирмен (макал). Ак буудайы жууп койгон күрүчтөй (Маликов).

Энциклопедия "Манас". ч.1.
БУУДАЙБЕК Сабыр уулу (1933, Чүй району, Дөң-Арык айылы) — «Манас» жыйноочу. 1954-ж. Кыргыз мамлекеттик университетин бүтүргөн. Көп жылдар республикалык гезит, журналдардын редакцияларында иштеп элдик чыгармаларды жыйнаган. Кыргыз эл өнөрпоздору жөнүндөгү «Унутулгус кездешүүлөр», «Эл шайырлары», «Эл куудулдары» деген китептердин автору. Аты элге анча белгилүү эмес манасчыларды эл арасынан иликтеп, таап, алардын айткандарын чогултуп, радиого жаздырып, сүрөттөрүн сүрөтчүлөргө тарттырып, фондуга өткөрүп, гезитке жарыялап келе жатат. «Эл шайырлары» китебинде манасчылар Молдобасан Мусулманкулов, Ыбырайым Абдракманов, Сейдене Молдокеева, Уркаш Мамбеталиев, Мамбеталы Ашымбаевдин өмүр жолдорун, чыгармачылыгын баяндаган очерктери берилген. Азыр Кыргыз Республикасынын ИАсынын Адабият жана искусство институтунун Кол жазмаларды сактоо жана жарыялоо бөлүмүндө илимий кызматкер болуп иштеп, эпосту жыйноо ишин улантууда.

Энциклопедия "Манас". ч.1.
БУУДАЙБЕК — эпизоддук кейипкер, Көкчөнүн кичи аялы, калмак байы Чыңшанын кызы. Көкчө менен Алмамбетти араздаштырмакчы болгон бузукулардын «күбө болуп берсең байбичеден өтөсүң» дегенине макул болуп, Алмамбет менен Акеркечти каралайт. Ушул кичине эпизоддо эле Б-тин ичинин тарлыгы, адамкерчилигинин төмөндүгүн, «өңү сулуу болсо да, өзүндө акыл аз экендиги» көрүнүп турат (Сагымбай Орозбаков, 2. 127, 247, 253).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Ак жуумал, аксаргыл. Көпчүлүккө Момун чал деп таанылган буудай жүздүү чал менен аш бышым убакыттан бери бир өмүрдүн баш аягын иликтейбиз («Ленинчил жаш»). Жээрде мурут, ничке каш, буудай жүздүү ...датка тактысынан түштү (Осмоналиев). В.: Буудай өңдүү. Буудай өңдүү, кер мурут (фольк.).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Акжуумал, аксаргыл, жакшынакай, өңдүү-түстүү, өңү жүкалоо келген. Көпчүлүккө Момун чал деп таанылган буудай жүздүү чал менен аш бышым убакыттан бери бир өмүрдүн башаягын иликтейбиз («Ленинчил жаш»). Жээрде мурут, ничке каш, буудай жүздүү .. датка тактысынан түштү (Осмоналиев).

Энциклопедия "Манас". ч.1.
БУУДАЙКАН — эпизоддук кейипкер. Кыргызда Манас аттуу баатыр туулат, ошону таап келгиле деп Эсенкан менен жөнөткөн сынчы аярлар, баатырлар Бузулган Чамбылды жердеген Б-дын да элин жыйып, балдарын чубатууга салып Манасты издегени айтылат (Саякбай Каралаев, 1. 42).

Киргизско-русский словарь Юдахина
буудайык I
пырей ползучий, волосец (трава); плевел.
буудайык II
сказочная хищная птица;
буудайык талпынса, тунжурлар чалкасынан кетет фольк. буудайык (только) встрепенётся, (а) ястребы (от страха уж) навзничь падают;
Семетейдин арбагы буудайык болун калганы дух (богатыря) Семетея превратился в птицу буудайык.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
I зат. Жомоктогу эң алгыр, кыраан куш. Буудайык торго түшсө да, Бурулуп тапка келчү эмес (Бөкөнбаев). — Куудан айтсам ылайык, Куш төрөсү буудайык (Барпы).
БУУДАЙЫК II зат. Буудай баш, тарак баш (буудайга окшош чөп).

Энциклопедия "Манас". ч.1.
БУУДАЙЫК — эпизоддук кейипкер, кыргыз кандарынын бири. Музбурчактын атасы, Алоокени жеңип, түшкөн олжону элге бөлүштүрүү үчүн кыргыз кандарын чакыртканда Б. кан да келет. Ошол жерде Манасты кан көтөрүүгө катышат (Саякбай Каралаев, 1. 213—215). Эпостун башка окуяларына катышпайт. Сагымбай Орозбаковдун вариантында да Музбурчактын атасы экени гана айтылат (Сагымбай Орозбаков, 3. 24, 88, 107, 195; 4. 17, 39, 52, 80, 166).

Киргизско-русский словарь Юдахина
1. скакун (эпитет выносливой и быстроходной лошади);
алты ай минсе, арыбаган буудан скакун, не испытывающий усталости даже от шестимесячной (непрерывной) езды;
Ачбуудан Ачбуудан (кличка коня богатыря Джолоя);
2. эпитет богатыря, молодца;
буудан Бакай богатырь Бакай.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
зат. 1. Чыдамкай жана күлүк атка берилүүчү эпитет. Жигиттин көөнү кубанат, Булкунган буудан ат менен (Токтогул).
2. өт. Азамат, эр жүрөк, кайраттуу. Эки буудан баш кошсо, Эр Назар, сендей ким чыгат (Токтогул). Муну айтып нетейин, Бууданым чунак угуп ал («Манас»).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Чаалыкпас күлүк ат, чарчабаган тулпар. Астындагы мингени Көбөш кандын Көкборчук, Ал Көкборчук бууданга Олбуй-солбуй камчы уруп («Сейтек»). Аргымакты жаман деп, Бууданды кайдан табасың? (Токтогул). 2. өт. эпостун каржалбас баатырларынын эпитеттеринин бири. Кас буудандын баарына, Камчы салып жебелеп. («Манас» С. О.). Буудан Бакай абаңа, Бу мүшкүлдү тарттырып («Сейтек»). Муну айтып кетейин, Бууданым чунак угуп ал («Манас»).

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
зат. 1. Чарчабастык, чаалыкпастык, чыдамкайлык, арыбастык. Бугудай мойнун бурду эле, Буудандыгы ушундай («Эр Төштүк»).
2. өт. Азаматтык, эр жүрөктүүлүк, кайраттуулук. Сур булут менен тең жүргөн, Буудандыгын билгизбей («Кыргыз фольклору»).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Чаалыгып-чарчабастык, арыбастык. Бугудай мойнун бурду эле, Буудандыгы ушундай («Эр Төштүк»). Сур булут менен тең жүргөн, Буудандыгын билгизбей («Кыргыз фольклору»). 2. өт. Эр азаматтык, кайраттуулук, чыдамдуулук.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
БУУ КАТЧЫЛЫГЫ – башка органдардын ишин тейлөөчү жана алардын чечимдери менен сунуштарын ишке ашыруучу БУУнун башкы органдарынын бири; административдик-техникалык иш-милдетти аткарат, т. а. айрым материалдарды даярдайт; баяндамаларды, резолюцияларды ж. б. БУУ материалдарын которот, бастырат, таркатат; жыйындарда оозеки чыгып сүйлөөлөрдү которот; жыйындардын стенографиялык жана кыскача отчетторун бастырат, таркатат; БУУ документтерин архивде сактоо иштерин жүргүзөт ж. б. у. с. Ал БУУнун Башкы катчысынан жана тийешелүү кызмат адамдарынан турат.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
БУУ КУРАЛДУУ КҮЧТӨРҮ – БУУнун Коопсуздук Кеңешинин чечими боюнча жана анын жетекчилиги астында БУУнун Уставына ылайык түзүлүүчү жана колдонулуучу БУУга мүчө-мамлекеттердин бириккен куралдуу күчтөрү. Ал тынчтыкта жашоо бузулганда же баскынчылык актысы болгондо (БУУнун Уставынын 39-ст.), аны ооздуктоо үчүн башка чара жетишсиздик кылган учурда же жеткиликсиз болгондо (БУУнун Уставынын 42-ст.) эларалык тынчтыкты же коопсуздукту колдоого же калыбына келтирүүгө арналган.

Киргизско-русский словарь Юдахина
страд. от буу- II
быть сдавленным; быть сжатым, крепко завязанным;
буулган үн сдавленный голос;
сөзгө буулуп запнувшись на слове;
бирдеме айтчудай болуп, карап коюп, буулуп олтурду он как будто что-то хотел сказать, взглянул и запнулся;
ат коюуга жан чыкпай, калктын тили буулду фольк. не нашлось никого, кто бы мог дать имя (новорождённому богатырю), у людей языки отнялись.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. буу II этишинин туюк мамилеси. Буулуп колу байланып, Мусапыр болуп айдалып (Калык). 2. өт. Кысылуу, кысылып чыкпоо. Какыйнанын жүрөгү болк этип, тамагына барып такалып калгандай деми буула түштү (Абдумомунов). Акматты үнүнөн тааный койгон Маманазар алкымы буулуп, кырылдаган үнү менен паролун зорго айтты (Жантөшев)

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
этиш. 1. Бууга кармоо.
2. Баалуу металлдын буусуна кармоо, ушундай буу менен кооздоо. Алтынга бууланган жаңгактай жылаажын коңгуроону салмак менен шылдыраткан Кузьмич ата.. керебеттин жанында туруптур (Сыдыкбеков). Алкымы айдай жарк этет, Күмүштөн буулап жапкандай («Мендирман»).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Бууга алуу. Ооруган бутун сууга буулады. 2. Металлдын буусуна кармоо, металл эритиндисин жалатуу. Алтынга буулаган жаңгактай жылаажын коңгуроону салмак менен шылдыраткан Кузьмич ата керебеттин жанында туруптур (Сыдыкбеков).

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
этиш. 1. Абдан эригүү, бук болуу. Элебес буулуккан келиндердин жарпын жазышпайт беле? (Сыдыкбеков). Мурунтан минбей чалгынга, Буулугуп калган чагы бар («Манас»).
2. Буулуу, кысылуу. Карыптын каңырыгы түтөп, бир азга буулугуп турду (Жантөшев). Андрейдин үй-бүлөсүнө жеткенде, [Мусабек] сөзүн жутуп, буулугуп калды (Сасыкбаев).

Киргизско-русский словарь Юдахина
1. делать резкие, порывистые движения (напр. о разгорячившейся лошади);
2. перен. чувствовать избыток, прилив сил, быть готовым вот-вот бурно проявить себя;
байлоодо туруп, буулуккан ат застоявшийся на привязи конь (только отпусти, он сейчас же рванёт);
буулугуп эле араң отурат он едва сдерживает слёзы, он готов вот-вот разрыдаться.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Абдан зеригүү, бук болуу. Буулугуп жүргөн балдарга, Булбулдай ырын баштады (Бөкөнбаев). Далай жылдан бери буулукканы эми жазылды белем (Байтемиров). 2. Буулуу, кысылуу, ичтегисин чыгарууга даяр туруу. Карыптын каңырыгы түтөп, бир азга буулугуп турду (Жантөшев). Андрейдин үй-бүлөсүнө жеткенде Мусабек сөзүн жутуп, буулугуп калды (Сасыкбаев).

Киргизско-русский словарь Юдахина
1. название дорогой материи;
ичин суусар ичтетип, тышын буулум тыштатып фольк. подбив (шубу) куньим мехом, сверху покрыв материей буулум;
2. одежда из материи
буулум; Каныкей, Буурулду берчи - минейин, Каныкей, буулумду берчи - киейин фольк. дай, Каныкей, Буурула (букв. чалого коня) - я сяду, дай, Каныкей, буулум - я надену.

Энциклопедия "Манас". ч.1.
БУУЛУМ — кымбат баалуу кездеменин бир түрү:
Барча, буулум, дүрүйө,
Баасы кыйын дүнүйө (Сагымбай Орозбаков, 2. 427);
Буулум да бар, бута бар,
Дейилдеден сексен миң
Кызылдан кымкап жуда бар,
Зерисабар бу да бар (Сагымбай Орозбаков, 3. 9).

Эпосто өтө баалуу, сейрек кездешүүчү кездеме катары «Каныкейдин сарамжалы» деген окуяда Б-дун шымга ичтелгени айтылат (Сагымбай Орозбаков, 4. 25). Ал эми «Каныкей, Буурулду берчи — минейин, Каныкей, буулумду берчи — кийейин» деген саптар ошол кездемеден тигилген кийим да Б. деп аталарын айгинелейт.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Баалуу, калың кездеменин бир түрү, же ошол кездемеден тигилген кийим Буурулду берчи минейин, Буулумду берчи киейин. Доолон, чүчтө, буулум бар. Ичин суусар ичтетип, Тышын буулум тыштатып («Манас»). Буулумду кийип кирдеткен, Буурулду минип тердеткен (Токтогул).

Киргизско-русский словарь Юдахина
1. завязанный;
2. то же, что буум 2;
чымчып буума мешок, наполненный до краёв так, что с трудом завязывается;
шалкы буума мешок, наполненный так, что края его можно свободно завязать.

Киргизско-русский словарь Юдахина
буун I
южн.
то же, что муун I 1, 2.
буун- II.
возвр. от буу- II (ср. муун- II)
крепко завязывать (на себе);
башына буунуп алды он повязал себе голову;
бел буун-
1) стянуть талию;
кездей белин буунат, керели-кечке жуунат фольк. она стягивает тонкую свою талию и с утра до вечера умывается;
2) перен. принять твёрдое решение, решиться на что-л.;
ушул чечимге белин бек буунган он твёрдо остановился на этом своём решении.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
БУУнун АДАМ УКУКТАРЫ БОЮНЧА ЖОГОРКУ КОМИССАРЫ – БУУнун Башкы катчысына баш ийүүчү жана баардык адамдар тарабынан жарандык, экономикалык, социалдык, саясий жана маданий укуктардын аткарылышын колдоочу, коргоочу жана ишке ашыруучу эларалык кызмат адамы. Ж. к-дын кызматы БУУнун Башкы Ассамблеясынын 1993-жылдын 23-декабрындагы резолюциясы менен түзүлгөн. Ал БУУнун Башкы Ассамблеясы тарабынан 4 жылга дайындалат жана кызматы боюнча БУУнун Башкы Катчысынын орунбасары болуп саналат.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
БУУнун АДИСТЕШТИРИЛГЕН МЕКЕМЕЛЕРИ – экономикалык, социалдык, маданий жана башка чөйрөлөрдө иш-аракет жүргүзүүчү эларалык, өкмөттөр аралык уюмдар. БУУнун а. м. өзалдынча эларалык уюмдар болуп саналат. Алардын түзүмдөрү, компетенциясы жана башка уюштуруу маселелери укуктук тартипте эларалык келишимдерде, макулдашууларда же түзүү актыларында, алардын органдарынын регламенттеринде аныкталган. Азыркы учурда БУУнун 14 адистештирилген уюму бар: Бүткүл дүйнөлүк почта бирлиги (БДПБ), Эларалык электр байланыш бирлиги (ЭЭББ), Эларалык жарандык авиация уюму (ИКАО), Билим берүү, илим жана маданият маселелери Боюнча Бириккен Улуттар Уюму (ЮНЕСКО), Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму (БДССУ), Бүткүл дүйнөлүк метереология уюму (БДМУ), Эларалык деңиз уюму (ИМО), Бүткүл дүйнөлүк интеллектуалдык менчик уюму (ВОИС), БУУнун Азык-түлүк жана айылчарба уюму (ФАО), Эларалык валюта фонду (ЭВФ), Айыл чарбаны өнүктүрүүнүн эларалык фонду (АЧӨЭФ), Эларалык эмгек уюму (ЭЭУ), Өнөржайлык өнүктүрүү боюнча Бириккен Улуттар Уюму (ЮНИДО), Бүткүл дүйнөлүк банк (ага төмөндөгүлөр кирет: Эларалык кайра куруу жана өнүктүрүү банкы (ЭКӨБ), Эларалык каржы корпорациясы (ЭКК), Эларалык өнүктүрүү ассоциациясы (ЭӨА), Көп тараптуу инвестициялык кепилдиктер боюнча агенттиги (КТИК), Эларалык инвестициялык талаштарды жөнгө салуу боюнча борбор (ЭИЖСБ).

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
БУУнун АЗЫК-ТҮЛҮК ЖАНА АЙЫЛЧАРБА УЮМУ (ФАО ) – айылчарбасын, токой чарбасын, балыкчылыкты өнүктүрүү максатын көздөгөн эларалык уюм. Ал БУУнун адистештирилген мекемеси болуп саналат. 1945-жылдын 15-октябрында негизделген. Техникалык жана азык-түлүк жардамдарын жасайт, ошондой эле дүйнөлүк айылчарба тармагын өнүктүрүү маселелери боюнча божомолдор менен каттоо маалыматтарын даярдайт.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
БУУнун БАШКЫ АССАМБЛЕЯСЫ – БУУнун башкы органдарынын бири. Ал мүчө болгон мамлекеттерден туруп, БУУ Уставы боюнча баардыгы бирдей укукка ээ. Ал кеңири укуктарга ээ. БУУ Уставына ылайык, ал баардык маселени же ишти, анын ичинде БУУнун башка баардык органдарына ишмилдеттери менен ыйгарым укуктарына тийешелүү маселелерди, алтургай, 12-статьяда каралгандардан сырткары, ушу сыяктуу баардык маселелер же иштер боюнча БУУ мүчөлөрү жана/же БУУнун Коопсуздук кеңешине кеңеш берүү менен, аны талкуулай алат (10-ст.). Эларалык тынчтыкты жана коопсуздукту колдоо, анын ичинде куралсыздандыруу жана куралданууну жөнгө салуу, ал маселелер боюнча өзүнүн кеңешин берүү ишчараларынын жалпы принциптерин кароо ыйгарым укугуна ээ. Каалаган мамлекет же Коопсуздук Кеңеши алдыга койгон эларалык тынчтыкты жана коргоого тийешелүү баардык маселелерди талкуулап чыгып, ал маселелер боюнча кызыкдар мамлекеттер менен Коопсуздук Кеңешине кеңеш берүүгө да акылуу. Коопсуздук Кеңешинин кепилдик сунушу боюнча БУУнун Башкы катчысы шайланат. БУУга жаңы мүчөлөр кабыл алынат, мүчө мамлекеттердин аргандай укуктары менен артыкчылыктары токтотулат.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
БУУнун БАШКЫ АССАМБЛЕЯСЫНЫН КОМИТЕТТЕРИ – өзүнүн иш-милдеттерин аткаруу үчүн уюштурулган БУУнун Башкы Ассамблеясынын жардамчы органдары. Ассамблеянын арбир сессиясында 7 башкы комитет түзүлөт, Башкы комитетти (курамында Ассамблеянын төрагасы, төраганын 21 орун басары жана башка комитеттердин 7 төрагасы болгон), ошондой эле Ыйгарым укуктарды текшерүү боюнча комитетти (курамында 9 мүчөсү болгон) шайлайт. Башкы Ассамблеянын сессиялык органдарынан сырткары БУУнун убактылуу жана туруктуу негиздеги атайын комитеттери уюштурулат (Индия океаны боюнча атайын комитет, Космос мейкиндиктерин тынчтык максаттарда пайдалануу боюнча комитет, Тынчтыкты сактоо максатындагы аткарымдар боюнча атайын комитет, Конференциялар боюнча комитет ж. б.).

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
БУУнун БАШКЫ АССАМБЛЕЯСЫНЫН ЧЕЧИМДЕРИ – БУУнун актылары; жазуу жүзүндө кабыл алынат, сунуштама гана күчүндө болсо дагы эларалык укуктун принциптерин жана ченемдерин калыптандырууга жана чыңдоого жардам берет. Ушуну менен бирге эле БУУнун Башкы Ассамблеясы БУУнун мүчөсү болгон мамлекеттер үчүн милдеттүү болуп саналган чечимдерди (токтомдорду) да кабыл алат. Аларга БУУнун ички турмушуна (бюджетти жана жолжобо эрежелерин бекитүү, чыгымдарды бөлүштүрүү ж. б.) тийиштүү чечимдер кирет.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
БУУнун БАШКЫ КАТЧЫСЫ – БУУ Уставына ылайык (97-ст.), ал уюмдун башкы башкаруу кызмат адамы болуп эсептелет. БУУ Коопсуздук Кеңешинин сунушу боюнча БУУ. Башкы Ассамблеясы тарабынан дайындалат. Б. б. к. Ал Башкы Ассамблеянын, Коопсуздук Кеңештин, Экономикалык жана социалдык кеңештин (ЭКОСОК), Камкордук боюнча кеңештин баардык жыйындарында дал ушундай сыпатта катышат жана ал органдар тарабынан жүктөлгөн дагы башка иш-милдеттерин аткарат.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
БУУнун КООПСУЗДУК КЕҢЕШИ – БУУнун туруктуу иштөөчү башкы саясий органы, БУУнун Уставы боюнча ага эларалык тынчтыкты жана коопсуздукту камсыз кылуу боюнча башкы жоопкерчилик жүктөлгөн. БУУга мүчө өлкөлөрдүн өкүлчүлүгүнүн негизинде иштейт. Ал 15 мүчөдөн турат, алардын бешөө туруктуу мүчө болуп саналат (Орусия, АКШ, Улуу Британия, Франция жана Кытай). БУУнун КК белгиленген тартипте кабыл алган чечимдер БУУга мүчө баардык мамлекеттер үчүн милдеттүү болуп саналат. БУУнун КК эларалык тирешүүлөргө алып келиши мүмкүн болгон баардык талаштарды иликтөөгө, мындай талаштарды жөнгө салуунун жолжоболору жана усулдары боюнча сунуштарды берүүгө, БУУга жаңы мүчөлөрдү кабыл алуу же БУУдан чыгаруу жөнүндө сунуш кылууга, тынчтыкты бузган же баскынчылык актысын жасаган мамлекетке карата мажбурлоо чараларын көрүү, анын ичинде куралдуу күчтөрдү колдонуу тууралуу чечим кабыл алууга укуктуу. Олуттуу маселелер боюнча чечимдер көпчүлүк 9 добуш менен кабыл алынат, мында БУУнун КК-нин туруктуу мүчөлөрүнүн бири да каршы добуш бербөөгө тийиш (кара:Бир добуштуулук принциби).

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
БУУнун ЭКОНОМИКАЛЫК ЖАНА СОЦИАЛДЫК КЕҢЕШИ (ЭКОСОК) – БУУнун башкы органдарынын бири; БУУнун Башкы Ассамблеясынын жетекчилиги астында БУУнун экономикалык жана социалдык ишмердигин, БУУнун адистештирилген мекемелеринин, ошондой эле БУУнун көп сандаган органдарын теске салат. ЭКОСОК мамлекеттердин экономикалык жана социалдык тармактарындагы экономикалык өнүгүү, дүйнөлүк соода жүргүзүү, өнөржайлаштыруу, жаратылыш байлыктарын өздөштүрүү, адамдын эларалык укуктарын жана эркиндиктерин коргоо, аялдардын абалы, элдердин өсүшү, социалдык камсыздандыруу, илим жана техника, кылмыштуулуктун алдыналуу сыяктуу тармактардагы кызматташтыктарын теске салат жана өнүктүрөт. БУУнун Уставы боюнча Кеңеш мамлекеттердин эларалык экономикалык, социалдык, маданий кызматташууларынын, адамдын укуктарын жана эркиндиктерин урматтоого жетишүүнүн маселелери, эларалык конференцияларды жана симпозиумдарды чакыруу, конвенциялардын долбоорлорун даярдоо, БУУнун адистериштирилген мекемелери менен келишимдерди, баяндамаларды түзүүгө жана сунуштарды киргизүүгө чакырылган. БУУнун Башкы Ассамблеясы жыл сайын ЭКОСОКтун 18 мүчөсүн 3 жылдык мөөнөткө шайлайт.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
БУУнун ЭЛАРАЛЫК СООДА УКУКТАРЫ БОЮНЧА КОМИССИЯСЫ (ЮНСИТРАЛ) – БУУнун Башкы Ассамблеясынын 1966-жылы эларалык соода укугунун өнүгүүсүнө көмөк көрсөтүү максатында түзүлгөн жардамчы органы. ЮНСИТРАЛ башка актылардын катарында 1974-ж. Товарларды эларалык сатуу-сатып алуу доонун эскиргендиги жөнүндө конвенцияны, 1980-ж. ага карата оңдоолор жөнүндө Протоколду, 1978-ж. Деңизде жүк ташуу жөнүндө конвенцияны, 1980-ж. БУУнун товарларды сатуу-сатып алуу жөнүндө эларалык келишимдери жөнүндө конвенцияны даярдаган.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
БУУнун ЭЛАРАЛЫК СОТУНУН КОНСУЛЬТАЦИЯЛЫК КОРУТУНДУСУ – аргандай юридикалык маселелер боюнча БУУнун Эларалык соту берүүчү корутунду. БУУ Уставына ылайык корутунду суроо укугуна БУУнун Коопсуздук кеңеши, Башкы ассамблеясы, ошондой эле Башкы ассамблеянын улуксаты менен БУУнун жана башка адистештирилген органдары ээ. Азыркы учурда мындай укук ЭКОСОКко , БУУнун башка органдарына, БУУнун баардык адистештирилген мекемелерине, ошондой эле АКЭАга берилген. Консультациялык корутунду сөзсүз күчкө ээ эмес, ошентсе да кээбир эларалык келишимдер боюнча тараптардын талашында алар чечүүчү катары таанылат.

Киргизско-русский словарь Юдахина
верблюд-производитель (старше пяти лет);
кирген буура верблюд-производитель в ярости;
кирген буурадай или чилдедеги буурадай
1) яростно;
2) с важным видом, осанисто;
чилдедеги буурадай, тура калды чиренип фольк. (богатырь перед девицей) остановился, важно приосанившись;
буура сан с мощными ляжками;
бука моюн, буура сан балбан келди Манаска фольк. к Манасу подошёл силач с бычьей (т.е. толстой, могучей) шеей и с мощными ляжками;
буура чөгөр- см. чөгөр-;
буурага чөктүр- см. чөктур- 2.

Краткий этимологический словарь кыргызского языка
Түрк тилдеринде бул сөз бугра, бугур түрүндө айтылат. Мындагы бугра сөзү алгачкы бугур түрүнүн аяккы эки тыбышы метатезаланып айтылышынан келип чыгышы мүмкүн экени даана көрүнүп турат. Сары уйгур тилинде алгачкы бугра түрүнөн метатезаланган пырга түрү колдонулат. Жогоркудай метатезаланган тыбыштардын орун алышы түрк тилдериндеги бугра, бугур, буура сөзүнүн келип чыгышынын түпкү тегинде метатезаланган тыбыштык өзгөрүүлөр бар деген чечимге алып келет. Ю. Немет бугур, бука, бугу, булан сөздөрү бир уңгудан келип чыгат деп эсептейт (Севортян, 1978, 236). Бугра, бугур сөзү буурадан башка төмөнкүдөй маанилерди да билдирет: 2) жаныбардын эркеги; 3) бука; 4) арстан; 5) күрпү ж. б. Биздин оюбузча, байыркы түрк тилиндеги бур «буркуроо, жыпар жыттануу» (ДТС, 112) этиши азыркы кыргызча бура дегенге туура келет. Ошол бур этишинен бурак//бурук «жыпар жыт, аромат» сөзү жасалган. Бул бурук сөзүн азыркы кыргызча буруксу деген учурда көрөбүз. Мына ушул бурак сөзү метатезалануудан букар//бугра жаралса, бурук вариантынан букур//бугур деген келип чыккан. Бууранын, бугунун, буканын, кочкордун, текенин өзгөчө жыты болору маалым. Ошол буруксуган жыты болгону үчүн ар башка жаныбарлар бир сөз менен аталып калган. Алгачкы бурак//бурук калыбынан бугар//бугур түрүнө айлангап соң, аягындагы р тыбышы түшүп калуудан бука жана бугу түрлөрү келип чыгып, өзүнчө сөздөргө айланган.

Энциклопедия "Манас". ч.1.
БУУРАКАН — эпосто табияттын жаан-чачынга, сууга байланыштуу кубулуштарынын ээси, символу катары айтылган образ. Жай таш аркылуу күндү жаадыруу учурларын сүрөттөөлөрдө Б-дын аты көп жолугат: «Суу атасы Бууракан Сайың чыгып жол «берчи» (Саякбай Каралаев, Кол жазмалар фондусу, 541-инв., 150-152-б.). «Булут аты Бууракан, Мунун атын чакырып, Күндү жайлап турду эле» (Саякбай Каралаев, Кол жазмалар фондусу, 541-инв., 495-б.). Эпостун поэтикалык текстиндеги сүрөттөөлөр Б-дын образы байыркы шамандык ишенимдеги түшүнүк менен байланыштуу экендигин көрсөтүп турат.

Энциклопедия "Манас". ч.1.
БУУРАКАН — эпизоддук кейипкер, Манастын бабаларынын бири, Бабыркандын баласы, Түбөйдүн атасы. Букардын каны Темирканга (Атемир, Каракан) куда түшкөнү барган Жакып өзүн:
Уругум улуу кыргыздан,
Бабырдан кийин Бууракан,
Бузук кылган душмандын
Мурунтан башын туураган (Сагымбай Орозбаков, 2. 364),
— деп тааныштырат. Б-дын өз мезгилинде элин душмандан коргогон баатыр адам болгондугу баяндалат. Ошондой эле «Бууракан уулу Көгөйдү, Мындан кыргыз көбөйдү» (Сагымбай Орозбаков, Кол жазмалар фондусу, 575-инв., 87-б.) делет (к. Түбөй, Көгөй). Эпосто Б. эпикалык Манастын генеологиялык санжырасына байланыштуу айтылган эпоним маанисинде чагылдырылган. Эпонимдин келип чыгышы Караханийлердин (10-кылымдын орто ченинен 13-кылымдын башына чейин азыркы Кашкар аймагы, Түш. Казакстан, асыресе Кыргызстан аймагындагы мамлекет), Орто Азиядагы башкаруучулардын титулуна байланыштуу экендиги илимде белгилүү. Тарыхый маалыматтарда: «Ягмалар падышахты Богра-хан (Бууракан) деп аташат». Бул титулдук наам персонификациялануунун (сөлөкөттөштүрүү) натыйжасында эпонимдик мааниге ээ болуп, Манастын бабаларынын бири катары айтылып калган болуу керек.
С. Алиев

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
этиш. 1. Ташкындоо, ашып-ташуу, буркан-шаркан түшүү, катуу алай-дүлөй болуу. Бууракандап күркүрөп, кээ жери көк торкодой көрүнүп, Көкөмерендин азоо суусу агат (Жантөшев).
2. Албууттануу, ачуусу келип буркан-шаркан түшүү. [Сабыр].. баштагыдан беш-бетер бууракандады (Бектенов).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Ташкындоо, ашып-ташуу, алай-дүлөй болуу. Бууракандап таштан-ташка урунуп көбүктөп Терек-Суу агат (Жантөшев). Удургуп бороон соксо бууракандап (Токтомушев). 2. Ачуусу келип буркан-шаркан түшүү, албууттануу. Деп Жоошбай камчы менен жер сабап, Бууракандап, болуш-бийди чакырды (Маликов).

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
этиш. Бууракандоо, буркан-шаркан түшүү. Буурканып сурданып, Алмамбет жүрсүн жол менен, Албан түрдүү ой менен («Манас»). Буурканып тоо шамалы ышкырганда, Асманга чапчыйт Соң-Көл ашып-ташып (Маликов).

Киргизско-русский словарь Юдахина
(ср. буураканда-)
разъяряться, свирепеть;
буурканган Умсунай, Сокенин колунан талашып, аркандын үч кулачтайын кесип калды разъярившаяся Умсунай, вырывая из рук Соке, отрезала около трёх маховых саженей волосяной верёвки;
бул сөздү айтып муңданып, буурканып, сурданып фольк. сказав это слово огорчённо, он разбушевался, принял грозный вид.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Кыргыздын шамандык ишениминде суунун ээси. Бул ишеним боюнча суунун, дарыянын башын бура кайтарып, ал кыймылдап козголгондо суу кирет имиш. Суу атасы Бууракан («Семетей» С. К.). 2. Бууракандоо. Буурканып тоо шамалы ышкырганда, Асманга чапчыйт Соң-Көл ашып-ташып (Маликов). 3. Буркан-шаркан түшүү. Буурканып, сурданып, Алмамбет жүрсүн жол менен («Манас»).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Жер айдоо үчүн колдонулуучу эң жөнөкөй эмгек куралы. Далбайдан эки өгүзгө кошулган эски буурсун, үрөн жана жер алып, эгин эгүүгө киришти (Жантөшев). Жетелеп буурсун башын бара жатса, Шорголойт баштан төмөн кара баткак (Абдыраманов).

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
этиш. 1. Аябай ачуусу келүү, кыжырлануу. Бузулган элден кеп угуп, Бууругуп келди Темиркан («Семетей»). Бууругуп келген Чабакты, Букардык көрүп кеп айтат («Манас»).
2. өт. Буулугуу, куса болуу, эригүү. Бууруктуң жериң сагынып, балдарым алга, баргыла! (Маликов). Буурукса бугу атышат, Бул кызыкка батышат («Эр Табылды»).

Киргизско-русский словарь Юдахина
то же, что буулук-;
бузулган элден кеп угуп, бууругуп кетти Темиркан фольк. услышав попрёки возмутившегося народа, Темиркан озлобился;
жоо дегенде бууруккан, жолборсуңдун түрү ушул фольк. когда упоминают врага, он разъяряется - таков твой тигр (т.е. богатырь);
бууругуп ыйлап, өпкөлөп фольк. разобидевшись и надрывно плача;
бууруксак, - бугу аталык, буурукпасак,- жаталык фольк. если наскучит нам (безделье и силы будут рваться нлружу), будем стрелять оленей, не наскучит - будем лежать;
бура тартып бууругуп, кайра кирди согушка фольк. повернув (коня) и разъярившись, он снова вступил в бой.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Ачуусу келүү, албууттанып күүлөнүп-күчөнүү. Бузулган элден кеп угуп, Бууругуп кетти Темиркан («Манас»). Карышкыр сыны туташып, бууруккан түрү менен ар койду бирден булкуп өлтүрүп кете берет (Жантөшев). 2. Бук болуу, буулугуу, кусадар болуу. Бууруксак – бугу аталык. Буулукпасак – жаталык («Эр Табылды»). Куршукканың жазылсын, Буурукканың басылсын («Манас»).

Краткий этимологический словарь кыргызского языка
Бул сөзгө буулук сөзү мааниси боюнча туура келет. Ошону менен бирге буурук сөзү алгачкы буулук (<буу+л+ык) дегенден келип чыгат. Буу этишине оолук (<--оо+лук), соолук (<--соо+лук) этиштерин жасоодо катышкан -лык мүчөлөрү жалганып, буулук сөзү жаралган. Ал мүчөдөгү л тыбышы р тыбышына өтүп кетүүдөн буурук сөзү пайда болгон.

Киргизско-русский словарь Юдахина
1. чалый (масть лошади);
буурул тарт- принять свинцово-серый оттенок;
ала буурул светло-чалый;
кара буурул тёмно-чалый;
2. (о человеке) седой;
буурул сакал седобородый;
буурул чач седоволосый;
муңдуу күндө көп жүрүп, буурул болуп карыдым фольк. живя долго в печали, я постарел, став седым;
муруту буурул чалыптыр или муруту буурул болуптур у него в усах появилась седина;
буурул чак возраст, когда человек становится седым; преклонный возраст;
ала-буурул тартып калды он начал седеть;
буурул түн см. түн.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
сын. 1. Боз, сур, көк жана башка түстөгү жүндөрдүн аралашмасынан турган аттын түсү. Алдыдагы буурул атчан мурап бир айылдын элиндей бажылдайт (Сыдыкбеков).
2. Ак кире баштаган чач, сакал, мурут. Эшикти орто жашап калган, чачтары буурул, нускалуу аял ачты (Шимеев).

Краткий этимологический словарь кыргызского языка
Азыркы кыргыз тилинде буурул деген сын атоочтон этиш жасалганда буурул тарт, буурул бол түрүндө гана боло алат. Алтай тилинде болсо андан буурай (<--буур--ай) түрүндөгү этиш жасалат. Ушуга караганда буур сөзүнүн өзү эле алгач «буурул» маанисиндеги сөз экенин ырастайт. Байыркы түрк тилинде богрул//бугрул ала моюн койго карата гана айтылганы жолугат (ДТС, 109), богур//бугур түрүндө туруп, «буурул» маанисинде айтылганы кездешпейт. Биздин оюбузча, байыркы түрк эстеликтериндеги барык «бүдөмүк көрүнгөн нерсе» деген (ДТС, 84) сөздүн р жана к тыбыштары метатезалануудан бакыр-->багыр-->багур-->буур болуп өзгөргөн. Ага сын атоочторго улануучу -ыл мүчөсү жалганып, буурул сөзү жаралган. Бурул болгондо накта бир түстө болбой, аралашма түстө болору маалым. Ошондуктан буурул сөзү алгачкы барык деген сөздөн келип чыгат дешке болот.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Сур, боз, көк ж. б. түстөр аралашмасынан турган өң, түс. Буурул ат. Буурул жорго. || Бура тарткан кыл аркан Буурул аттын кермеси (Токтогул). || Ак кире баштаган сакал, мурут, чачтын түсү. Буурул болсом мейличи, Буралган жашты жоктодум (Токтогул). Буурул чач, бетин бырыш каптаган Алима эже эмнегедир ойлонуп кетти (Абдукаримов).

Энциклопедия "Манас". ч.1.
БУУРУЛ-ТОО — топоним. Валиханов жазып алган эпизоддо Көкөтөйгө аш бергени элин көчүрүп келген Бокмурун Кыл-Эртыштеги Б.-Т-нун этегине конот. Географиялык реалияда Челек менен Кум-Кечүүнүн ортосунда жайгашкан тоо, бул жердин шордуу топурагынан өткөн замандарда жергиликтүү эл туз кайнатып алышкан. Эпосто бул туз жөнүндө да эскерилет: «Кайнатма тузга барамын, туз кайнатып аламын» (Валиханов жазып алган эпизод, «Ала-Тоо», 1979, № 7, 73-б.).

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
I зат. Көгөндүн көздөрү бир жак учу томолок түйүлгөн, экинчи учу илмектүү кыска жип. Кереч мойнуна курун салып, кемпири көгөндүн буурчагын мойнуна өткөрдү (Жантөшев).
БУУРЧАК II зат. Чанактуу өсүмдүктөрдүн тобуна кирүүчү даны тоголок келген талаа жана огород өсүмдүгү жана анын даны. Булуңча сепкен буурчакты, Алтын деп билген турпакты (Тоголок Молдо).

Краткий этимологический словарь кыргызского языка
Кыргыз тилиндеги буурчак сөзү буур+чак деген бөлүктөрдөн турат. Анын буур уңгусу байыркы түркчө буг + ур деген морфемалардан куралган. Бул сөздүн буг уңгусу азыркы буу деген этишке туура келет, -ур мүчөсү мааниси боюнча өздүк мамиленин -н мүчөсүнө туура келет да, буурчак азыркы муунчак (<--буун+чак) сөзүнө мамилелеш болуп чыгат. Анткени буурчактын даны муунчактардын ичине жайгашат. Ошол себептен буурчак ушундай аталган.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
БУУ УСТАВЫ – Экинчи дүйнөлүк согуш маалында гитлердик биримдикке каршы коалициянын зордөөлөт мамлекеттери (СССР, АКШ, Улуу Британия, Франция, Кытай) тарабынан иштелип чыгып, 1945-жылдын 25-июнунда 50 өлкөнүн өкүлдөрү катышкан Сан-Францискодогу Конференцияда бир добуштан кабыл алынган көп тармактуу эларалык келишим. Устав алгы сөздөн, 19 главадан, 111 статьядан жана БУУнун Эларалык Сотунун Статутунан турат. Уставда анын баардык мүчөлөрүнүн эгемен теңчилиги; зор дөөлөт мамлекеттердин – БУУнун Коопсуздук кеңешинин туруктуу мүчөлөрүнүн бирдей пикири (бөгөт коюу укугу); анын баардык мүчөлөрүнүн өзүнө жүктөлгөн милдеттенмелерди акниеттүүлүк менен аткаруусу; эларалык талаш-тартыштарды тынчтык жолу менен чечүү; БУУ мүчөлөрүнүн кандай гана мамлекет болбосун, анын аймактык колтийгистигине жана саясий көзкарандысыздыгына каршы корутуп-үркүтүүдөн же күч колдонуудан баштартышы; баскынчыларга каршы мажбурлоо чараларын колдонуу боюнча иш-аракеттерге БУУнун көмөк көрсөтүүсү; БУУнун мамлекеттердин ички иштерине кийлигишпөөсү. Устав БУУ мүчөлүгүнө кабыл алуу тартибин, башкы органдардын (Башкы Ассамблеянын, Коопсуздук Кеңешинин, Камкордук боюнча Кеңешинин, Эларалык Соттун, Катчылыктын) түзүмү менен иш-милдетин жөнгө салат; зарыл болуучу көмөкчү органдарды түзүү укугу (7-статья); эларалык талаштарды тынчтык жолу менен чечүү; БУУнун тынчтыкка коркунуч туулгандагы, тынчтык бузулгандагы, баскынчылык болгондогу иш-аракети; аймактык эларалык уюмдар менен макулдашуулардын ж. б. БУУ иштери боюнча маселелердин укуктук статусу.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
БУУ ЭЛАРАЛЫК СОТУ – БУУнун 6 башкы органдарынын бири жана ушул уюмдун башкы сот органы. 1945-жылдын 26-июнунда кол коюлуп, 1945-жылдын 24-октябрында күчүнө кирген БУУ эларалык сотунун статуту БУУ уставынын ажырагыс бөлүгүн түзөт. Сот анын статутуна ылайык өз аттарынан чыгуучу 15 соттон турат. Сот тарабынан каралган иштердин тараптары мамлекет гана боло алат. БУУ Э. с-нун юрисдикциясы ар бир конкреттүү ишке карата талашкан тараптардын атайын макулдашууларына байланыштуу, болбосо мамлекеттин ушул органдын юрисдикциясын кабылдоосу жөнүндө билдирүүсүнөн улам пайда болот. Жайгашкан жери – Гаага (Нидерланддар).