этиш. 1. Абдан эригүү, бук болуу. Элебес буулуккан келиндердин жарпын жазышпайт беле? (Сыдыкбеков). Мурунтан минбей чалгынга, Буулугуп калган чагы бар («Манас»).
2. Буулуу, кысылуу. Карыптын каңырыгы түтөп, бир азга буулугуп турду (Жантөшев). Андрейдин үй-бүлөсүнө жеткенде, [Мусабек] сөзүн жутуп, буулугуп калды (Сасыкбаев).
1. делать резкие, порывистые движения (напр. о разгорячившейся лошади);
2. перен. чувствовать избыток, прилив сил, быть готовым вот-вот бурно проявить себя;
байлоодо туруп, буулуккан ат застоявшийся на привязи конь (только отпусти, он сейчас же рванёт);
буулугуп эле араң отурат он едва сдерживает слёзы, он готов вот-вот разрыдаться.
буулук-, буулугат, буулуккан
1. Абдан зеригүү, бук болуу. Буулугуп жүргөн балдарга, Булбулдай ырын баштады (Бөкөнбаев). Далай жылдан бери буулукканы эми жазылды белем (Байтемиров). 2. Буулуу, кысылуу, ичтегисин чыгарууга даяр туруу. Карыптын каңырыгы түтөп, бир азга буулугуп турду (Жантөшев). Андрейдин үй-бүлөсүнө жеткенде Мусабек сөзүн жутуп, буулугуп калды (Сасыкбаев).
буулук этишинин аркылуу мамилеси. Ушул ой эр Касымды буулуктуруп, Бышактап көзү шишип ыйлап алган (Токобаев).